Мазмунга өтүү

Республикалык кан куюу борбору (РККБ)

Википедия — ачык энциклопедия

Республикалык кан куюу борбору (РККБ) – республикада кан даярдоо, куюу боюнча уюштуруу-методикалык иш жүргүзүүчү медициналык мекеме. 1936-жылы Фрунзе шаарында кан куюу станциясы ачылган. 1996-жылдан РККБ деп аталат. Ал донорлорду каттап, медициналык анализ жүргүзөт, кан белендейт (консерваланган кан, андан алынган дары препараттары) жана канды алмаштыруучу заттарды даярдап, сактайт. Ошондой эле аларды дарылоо мекемелерине бөлүштүрөт, кан куюунун жаңы методдорун сунуштайт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]