Республикалык психикалык ден соолук борбору (РПДБ)
Республикалык психикалык ден соолук борбору (РПДБ) – калкка психиатрия, психотерапия жана наркологиялык жардам уюштуруп, аларды жүзөгө ашыруучу медициналык мекеме. РПДБ жарандардын психикалык саламаттыгын изилдөөдө психикалык жактан өзгөрүүлөрүн диагноздоо, дарылоо, алдын алуу жана медициналык -социалдык жактан реабилитациялоо иштерин жүргүзөт. Ошондой эле жарандарга психикалык ден соолугу боюнча сот-психиатриялык, аскер кызматын өтөөгө жарамдуулугу жөнүндө психиатриялык ж. б. экспертизаларды ишке ашырат. Борбордо кабыл алуучу жана дарылоочу, реабилитация, психосоматикалык, балдар, аскер кызматына жарамдуулук боюнча экспертиза ж. б. бөлүмдөрү бар. Мындан тышкары жарандарга психикалык жардам көрсөтүүчү региондук ооруканалар (Чымкоргон, Таш-Көмүр шаарында), Ош областы психикалык ден соолук борбору жана ар бир областы, райондук ооруканалардын курамындагы психонаркологиялык бөлүмдөр иштейт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9