Рим маселеси

Википедия дан

Рим маселеси - Италияны бириктирүү убагында Папа областынын Италия королдугуна өткөрүлүшүнөн (1870) жана Италиянын борборунун Римге көчүрүлүшүнөн (1871) улам Ватикан менен Италия мамлекетинин ортосунда чыккан чыр-чатак.

Папа Пий IX бириккен Италия мамлекетинин паначылык менен болор мамилесин жөнгө салуучу «Папанын жана ыйык тактынын прерогативин гарантиялоо жөнүндөгү законду» (1871-ж. 13-майда жарыяланган) тааныбай, өз бийлигин кайра алуу үчүн көп жыл бою күрөшкөн. Ватикан буга европалык ири державалардын жардамы менен жетүүгө үмүттөнгөн. Бирок андан эч нерсе чыккан эмес. Франция, Австрия-Венгрия сыяктуу католик державалар «Рим Маселеси» саясий максаттар үчүн пайдаланышкан. Ватикан менен Италия мамлекетинин ортосунда Латеран макулдашуусу (1929) түзүлгөн соң «Рим Маселеси» биротоло жоюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.