Риторикалык суроо

Википедия дан

Риторикалык суроо — поэтикалык речтеги стилистикалык каражаттардан болуп, мында автордун же каарман-дын сөзү суроо түрүндө айтылат, бирок окурмандардан жооп талап кылынбайт, жооп суроонун өзүндө болот. Риторикалык суроо чыгармадагы сүрөттөөнүн эмоционалдуулугун арттырат, окурманга күчтүү таасир этет, мында интонациянын ролу өзгөчө жакшы көрүнөт. Риторикалык суроо көркөм чыгарманын бардык түрүндө, ошондой эле оозеки речте да арбын кездешет.

Эпикалык чыгармачылыкта[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Риторикалык суроо (грекче phetop — оратор, чечен) — эпикалык чыгармачылыкта көбүнчө каармандын жеке кайрылуусунда, эмоциялуу суроо жана кекетүү түрүндөгү кайрылуу аркылуу түзүлгөн поэтикалык стилистикалык фигуралардын бири. Бул учурда аныктама суроо түрүндө айтылат да, ага жооп берүү талап кылынбайт. Мисалы, Алмамбеттин жол талашкан Чубакка айткан сөзүндө:

Кан кылгын дедим кимиңди.
Кааладым келдим диниңди.
Каардансам шу жерде
Калабалуу Чубагым
Кагайынбы жиниңди?
Кезегиң келди бу күндө
Кесейинби тилиңди? (Сагымбай Орозбак уулу , 4. 204.).

Р. с. көбүнесе риторикалык кайрылууга жакын турат да, жогорку эмоциялык пафосто айтылат. Р. с. көлөмү жагынан эки-үч түрмөктөн тартып, кээде 80—90 сапка чейин жетет. Мисалы, Чоң казатка жөнөрдө Манастын элге кайрылуусу (Сагымбай Орозбак уулу, 4. 62). Р. с. эпикалык баяндоодогу монологдук жана диалогдук речтерде колдонулуп, баяндоонун экспрессиялуулугун күчөтөт.

Атемирдин мазагы,
Абыдан өттү азабы.
Кыярды жыйып кызым деп,
Алдап жүрүш кандай кеп?
Балааны жыйып балам деп
Басып жүрүш кандай кеп?
Кайыпты жыйып карам деп
Карап жүрүш кандай кеп? (Сагымбай Орозбак уулу, 2. 434).

К. Баяндоо, Монолог, Диалог.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4 Булак: http://kyrgyzinfo.ru Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine