Мазмунга өтүү

Риштан озекерит кени

Википедия — ачык энциклопедия

Риштан озекерит кени Баткен облусунун Кадамжай районунда, Риштан шаарчасынан 15 км түштүктө. 1947- жана 1953-жылдары "Ферганозокерит" жана "Ферганнефтеразведка" тресттери издөө иштерин жүргүзгөн. Кен Түндүк Риштан антиклиналынын эки канатындагы палеогендин риштан жана түркстан ярустарынын кумдуктары менен байланышкан. Продуктулуу кабаттар озокерит менен сиңирилген чопо жана акиташ цементи толгон кумдуктар болуп эсептелет. Кендин жалпы аянты 16 км2. Пайдалуу кен кабаттары 120 м тереңдикке чейин чалгындалган. Кабаттардын калыңдыгы 1,6 мден 19,8 мге чейин, битумдун өлчөмү 8,93%ке чейин. Озокериттин запасы С1 жана С2 категориясы боюнча 202,8 миң т.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]