Робеспьер Максимильен Мари Исидор де

Википедия дан

Робеспьер Максимильен Мари Исидор де (французча Maximilien François Marie Isidore de Robespierre; 6. 5. 1758, Франция, Аррас – 28. 7. 1794, Париж) - Улуу Француз революциясынын ишмери, якобчулардын жетекчилеринен. Ж. Ж. Руссонун шакирти. 1783-жылдан Аррас илимдер жана искусство академиясынын мүчөсү. Робеспьер эл мүдөөсүн, демократияны жактап, депутаттар чогулушу аркылуу массаны эл бийлиги, саясий гендик үчүн күрөшкө чакырган. 1790-жылдан демократиялык чөйрөдө кеңири таанылып, Якобчулардын ж. б. саясий клубдардын колдоосуна жетишкен. Ж. П. Марат менен бирге жирондисттерге каршы активдүү күрөшүп, мурдагы королду дарга астырган. Жирондисттер бийлигин кулаткан элдик көтөрүлүштүн (1793, 31- май – 2-июнь) саясий жетекчилеринин бири болгон. Бийликке келген якобчулардын революциялык демократиялык диктатурасын негиздеп, ички жана тышкы контрреволюцияны талкалоодо зор роль ойногон. Робеспьердин көз карашынын чектелгендиги ал жетектеген якобчулардын ортосундагы карама-каршылыктын курчушуна жол берген. Контрреволюциячыл термидордук (1794, 27–28-июль) төңкөрүштө якобчулардын бийлиги кулап, Робеспьер жана анын шакирттери камакка алынып өлтүрүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]