Константин Роденко

Википедия дан
Роденко, Константин Герасимович‎»‎ барагынан багытталды)
Роденко Константин Герасимович

Роденко Константин Герасимович (1923-ж. т., Ташкен ш.) — Советтер Союзунун Баатыры (1945).
Согушка 1944-ж. Бакай-Ата районунан чакырылган. Улуу Ата Мекендик согушта 1-Балтика бою фронтундагы 43-армиянын 70-дивизиясынын 227-полкунда курал атуу командири. Кёнигсбергге кирүүчү жолдогу бекем корголгон Гроссфридрихсберг району жана Модиттен таяныч пункту үчүн согушта душмандын коргонуусун бузуп, төрт станковый пулемётун, № 75 байкоочу жайын, бир «Фердинандын» талкалап, 50 фашистти жок кылган жана 7 фашистти туткундап, жөө аскерлердин Модиттенди ээлөөсүнө жол ачкан.
Роденко «Эрдиги үчүн» медалы менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.