Рок-н-ролл Даңк Залы
Рок-н-ролл Даңк Залы - Огайо штатындагы, Клевленд шаарында, Эри көлүнүн жээгинде жайгашкан жана ал эң таасирдүү артисттерди, продюсерлерди, инженерлерди жана Рок-н-роллдун өнүгүшүнө салым кошкон баардык белгилүү адамдарды аныктайт жана архивге кошот. Рок-н-ролл Даңк Залы фонду, Atlantic Recordsтун түзүүчүсү жана төрагасы Ахмет Эртегүн тарабынан 1983-жылы, 20-апрелде негизделген. 1986-жылы Клевленд шаары расмий түрдө Даңк Залынын туруктуу жери деп тандалган. Ал 1995-жылы, сентябрда ачылгандан бери дэңиздин түндүк жээгиндеги "Рок-н-ролл" бөлүгү кайрадан реконструкцияланган жана андан бери 10 миллиондон ашуун конокту кабыл алган. Ошондой эле 1.8 млрд доллардык киреше табуу менен экономикага чоң таасирин тийгизген.