Ромен Роллан

Википедия дан
Роллан Ромен‎»‎ барагынан багытталды)
Romain Rolland

Роллан Ромен (французча Romain Rolland; 29. 1. 1866, Француз империясы, Кламси – 30. 12. 1944, Везле) – француз жазуучусу, музыка таануучу, коомдук ишмер. Париждеги гуманитардык мектептен билим алган. Студент кезинен эле Л. Н. Толстой менен кат алышып, андан таалим алган. «Элдик театр» (1903) деген китеби искусстводо элдик баатырдыкты даңазалайт. «Ишеним трагедиясы», «Касиеттүү Людовик» (1897), «Аэрт» (1898), «Мезгил келет» (1899), «Революция драмалары», «Карышкырлар» (1898), «Дантон» (1899), «14-июль» (1902) ж. б. чыгармаларында көбүнчө революциячыл идеялар берилет. 20-кылымдын башында Роллан искусство ишмерлеринин өмүрү жөнүндө көркөм чыгармалар циклин жарыялаган («Микеланжелонун өмүрү», 1907; «Бетховендин өмүрү», 1903; «Толстойдун өмүрү», 1911). «Жан-Кристоф» (1–10-т., 1904-12) роман-эпопеясы 1-дүйнөлүк согуштун алдында Европада рухий маданиятын ыдырай башташынын реалдуу көрүнүшүнүн фонунда каарман Жан Кристоф аркылуу искусствонун чындыгы, тазалыгы үчүн күрөшкөн гениалдуу музыкант Л. Бетховендин образын жараткан. Бул романдагы идея анын «Кола Брюньон» (1918; кыргызчасы – 1955) аттуу повестинде уланат. «Робеспьер» (1939) трагедиясында жана «Сыйкырдуу жан» (1922–33) романында революциянын тарыхый ролун ачып берген. Роллан музыка тарыхы боюнча да баалуу илимий эмгектерди жараткан. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1915).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]