Роман стили
Роман стили – Европада (негизинен батыш Европада) X кылымдан – XII кылымга (кээ бир жерде XIII кылымга) чейин өкүм сүргөн көркөм стиль. “Р. с.” термини XIX кылымдын 20-жылдарында киргизилген. Р. с. диний-феод. Идеологиянын күчтүү таасири менен пайда болгон. Дин турмуштук бардык тармагына үстөмдүк кылгандыктан, чеп тибиндеги монастырлар, чиркөөлөр (Германиядагы Вартбург чеби, Фландриядагы фландрия графтарынын чеби жана Испаниядагы Авила шаарындагы чиркөөлөр) салынган. Имараттар таш, кыштан тургузулуп, каалга, терезелерге тор орнотулуп, күмбөз, мунаралар курулган. XI кылымдагы Р. с-нде живопись басымдуулук кылса, XII кылымдан тартып рельеф, рококо ыкмалары менен дубал беттерин жасалгалоо, кооздо күчөйт. Мында көбүнчө кудай кудуретинин күчтүүлүгү экспрессиялуу көрсөтүлүп, ал китеп миниатюрасында, кол өнөрчүлүктө, эмаль, металл, токуучулук жана башка өнөрлөрдө өнүккөн. Р. с. Франция, Англия, Германия жана башка өлкөлөрдө өкүм сүргөн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004