Ромодин, Вадим Александрович

Википедия дан
Ромодин Вадим Александрович

Вадим Александрович Ромодин (1912-1984) - орусиялык чыгыш таануучу.

Кыскача өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1912-жылы падышалык Орусия маалында Бишкекте (Пишпек) туулган.

1930-37-жж. Ленинград деңизчилер техникумунда окуган. Алыскы сапарга чыкчу кемеде штурман (багыттоочу) да болгон.

1937-жылы жазыксыз жерден сталиндик режим тарабынан репрессияга кабылып, Кыргызстандын чекисттеринин тергөөсүнө кабылган. [1]

1939-жылы май айында толук акталган.

1939-жылы октябрда Москва мамлекеттик университетинин Тарых факультетине тапшырган.

Улуу ата мекендик согушка катышып, бир нече орден, медалдар менен сыйланган.
1946-жылы аскерден кайткан.
1948-ж. Москва университетинин Тарых факультетинин Чыгыш таануу бөлүмүн бүтүргөн.
1951-жылы Ортоөку Чыгыш өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасында аспирантураны аяктап, юсуфзай урууларынын 19-кылымдагы акыбалы тууралуу кандидаттык диссертациясын коргогон. Жетекчиси профессор И.М.Рейснер болгон.

1952-жылдан СССР Илимдер Академиясынын Чыгыш таануу институтунун Петербург бөлүмүндө иштеген.
50дөн ашуун эмгектин автору.

Кыргыз таануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

В.Ромодин 1973-ж. Москвадан чыккан "Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы боюнча материалдар" эмгегинин жооптуу редактору болгон.

Кыргыздардын айрым бөлүктөрү монгол дооруна чейин эле Ички Азиядан азыркы Теңир-Тоо аймагына келе баштаган деген пикирди колдогон.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Введение» и публикация переводов с персидского языка исторических сочинений в 1-м выпуске «Материалов по истории киргизов и Киргизии». Москва, 1973.
  • Ромодин В.А. История Афганистана. М., 1982.
  • Материалы по истории киргизов и Киргизии (второе издание) / Главный редактор К.М.Молдобаев. Переводы с арабского, персидского, уйгурского и таджикского О.Ф.Акимушкина, З.Н.Ворожейкиной, Кляшторного С.Г., Л.З.Писаревского, Л.А.Покровской, В.А.Ромодина, М.А.Салахетдиновой, К.Б.Старковой. Бишкек, 2002.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. Фрунзе (Бишкек), 1990. - 151-бет. ISBN 5-89750-028-2.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. http://www.orientalstudies.ru/rus/index.php?option=com_personalities&Itemid=74&person=340