Мазмунга өтүү

Рона, ойдуң

Википедия — ачык энциклопедия

Рона ойдуңу - Франциянын түштүк-чыгышында. Уз. 300 км.

Рона дарыясынын ортоңку жана төмөнкү агымында, Борбордук Франция массиви менен Альп тоолорунун ортосунда жайгашкан.

Дөңсөөлөр менен бөлүнгөн оён жерлерден турат. Климаты мелүүн, субтропиктик, жер ортолук деңиздик. Жылдык жаан-чачыны 600-800 мм. Дан эгиндери, жүзүм, гул, Рона дарыясынын дельтасында шалы өстүрүлөт. Рона ойдуңу аркылуу Франциянын түндүгүн түштүгү менен байланыштыруучу темир жана автомобиль жолдору өтөт.

Ойдуңда Лион, Баланс, Авиньон, Арль шаарлары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.