Росс Жон
Көрүнүш
Росс Жон (англисче John Ross; 24. 6. 1777, Шотландия, Инч шаары – 30. 8. 1856, Лондон) – деңиз саякатчысы, Арктиканы изилдөөчү.Түндүк-батыш жолун издөөгө чыккан 2 экспедицияны жетектеген. 1818-ж. «Изабелла» кемеси менен Гренландиянын батышын Смит кысыгына чейин жана Баффин Жеринин Атлантика жак жээгин толук айланып чыккан. Экспедиция 1829–33-жылдары Кинг-Уильям аралын жана Бутия жарым аралын ачкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9