Ротор кыймылдаткычы
Көрүнүш
Ротор кыймылдаткычы – ротордун сырткы жана статордун ички беттеринен түзүлгөн, ротор айланганда мезгил-мезгили менен көлөмү өзгөрүлүп туруучу камералуу ичинен күймө кыймылдаткыч. Ал күйүүчү газдын энергиясын механикалык энергияга айландырат. Жумуш аткаруучу нepceгe кысылуу, кеңейүү циклдери үзгүлтүксүз кайталанат. Поршендүү ичинен күймө кыймылдаткычтарда жумуш аткаруучу процесстер (эки жана төрт тактылуу) Ротор кыймылдаткычында да болот. Заманбап Ротор кыймылдаткычында жумуш аткаргыч бир, эки жана үч секциядан турат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9