Мазмунга өтүү

Руандадагы геноцид

Википедия — ачык энциклопедия
Руандадагы геноцид
тутсилерге каршы геноцид (руанда Itsembabwoko ry’u Rwanda)

Ньяматадагы мемориалдык борбордогу геноцид курмандыктарынын баш сөөктөрү
Мезгили

7-апрель 1994-жыл – 18-июль 1994-жыл

Башталыш датасы

18-июль 1994-жыл

Курмандыктар
  • 491 000 – 800 000 тутси улутундагы адамдар курман болгон
  • 10 000 тва улутундагы адамдар курман болгон
  • 250 000 — 500 000 тутси улутундагы аялдар зордукталган
Швейцариянын Женева шаарындагы Руандадагы геноциддин курмандыктарынын элесине арналган эстелик

Руандадагы геноцид, расмий түрдө тутсилерге каршы геноцид (руанда Itsembabwoko ry’u Rwanda) деп аталат[1]. Руандадагы тутсилерге каршы геноцид Хуту Өкмөтүнүн буйругунун негизинде 1994-жылдын 6-апрелинен тартып 18-июлуна чейин жүргүзүлгөн[2].

Бул окуяларда ар кандай эсептөөлөр боюнча 500 000 ден 1 100 000 ге чейин адам курман болгон[3][4][5]. Курман болгондордун жалпы саны өлкөнүн жалпы калкынын 20 пайызын түзгөн. Геноцид Руанданын саясий элитасы тарабынан пландаштырылган жана армиянын, жандармериянын, интерахамве жана импузамугамби уюшкан топторунун түздөн-түз катышуусунда жүзөгө ашырылган. Геноцидди расмий бийлик жана хуту улутундагы жарандар ачык колдоого алышкан[6].

Бул массалык кыргындар 1990-жылы башталган жарандык согуштун алкагында болгон. Ал согуш хуту улутундагы жарандар башкарган өкмөт менен негизинен тутси улутундагы, үй-бүлөлөрү менен Руандадагы тутсилерге карата болгон массалык зомбулуктан кийин Угандага барган качкындардан түзүлгөн Руанданын Патриоттук Фронтунун (РПФ) ортосунда жүргөн. Президент Жювеналь Хабьяриманага болгон эл аралык басымдын натыйжасында, 1993-жылы коалициялык өкмөт түзүү каралган Аруша келишимине кол коюлган. Бирок бул тынчтык келишими көптөгөн консервативдүү хутуларды, анын ичинде президентке жакын бийликтегилерди канааттандырган эмес. Алар бул келишимди каршылаш тараптан жеңилүү катары баалашкан. Тутсилерден турган Руанданын Патриоттук Фронтунун чабуулу хутулардын арасында өлкөдө «хутулардын бийлиги» гана орношуу керек деген идеологиянын күчөшүнө себеп болгон. Бул идеологияда тутсилер руандалыктар эмес, алар мурдагы монархияны кайрадан калыбына келтирип, хутуларды кул кылгысы келет деген негиз көрсөтүлгөн[7].

1994-жылдын 6-апрелинде Руанданын президенти Жювенал Хабьяримана жана Бурундинин президенти Сиприен Нтарьямира шаарына учуп жатканда жана Кигали жакындап калганда, алардын учагы атып түшүрүлгөн[8]. Учактагы бардык адамдар каза болгон. Дал ошол күнү геноцид башталган, аскерлер, полиция жана куралчан кошуундар тез арада бийликтеги боштондукту жоюп, кызматты ээлей ала турган тутсилерди, либералдык хутуларды өлтүрүп чыгышкан. Алар шаарга көзөмөл өткөрмө жайларды жана тосмолорду орнотуп, тутси улутундагыларды алардын документтери аркылуу аныктап, массалык түрдө аларды өлтүрүүгө киришишкен. Геноциддин уюштуруучулары хуту улутундагы адамдарга куралдарды таратып, тутси коңшуларын зордуктоого, сабоого жана өлтүрүүгө, алардын мүлкүн тартып алууга үндөп жана мажбурлашкан. Тынчтык келишиминин бузулушу Руанданын Патриоттук Фронтунун (РПФ) кайрадан чабуулун баштоого мажбур кылган. Кыска убакыттын ичинде алар өлкөнүн түндүк бөлүгүн көзөмөлгө алып, июль айынын ортосуна карата Кигали шаарын толугу менен басып алышкан. Бул окуядан кийин массалык кыргын токтогон. Руандага жардам көрсөтүү боюнча БУУ миссиясын күчөтө албагандыгы жана анын ыйгарым укуктарын кеңейтпегендиги үчүн, АКШ, Улуу Британия жана Бельгия геноцидге жооп кайтарууда жетишсиз аракеттери үчүн сынга алынган. Франция 6-апрелден кийин Руанданын бийлигинин тарапташы болгон деп айыпталган[9].

7-апрель — БУУ тарабынан Руандадагы геноцидди эл аралык эскерүү күнү катары бекитилген, ал эми Руанданын өзүндө бул күн Геноцидди эскерүү күнү катары, 4-июль — Боштондук күнү катары белгиленет.

Колония айланганга чейинки падышалыктар. Хуту, тутси жана тванын келип чыгышы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байыркы мезгилдерде азыркы Руанаданын аймагын б.з.ч. 8000–3000-жылдар аралыгында тва деген пигмей элдер мекендеп, негизинен аңчылык жана жыйноочулук менен алектенишкен. Бул эл бүгүнкү күнгө чейин Руананын айрым бөлүктөрүндө жашап келет. Болжол менен б.з. 700–1500-жылдары аралыгында бул аймакка банту тектүү элдер көчүп келип, турак-жай куруу үчүн токойлорду кыйа баштаган. Бантулар кандай шартта бул аймакка көчүп келгенин түшүндүргөн бир нече теориялар бар. Айрым тарыхый изилдөөлөр боюнча, алгач бул аймакка хуту деп аталган калк келип жайгашып, алардан кийин кушит тектүү болушу мүмкүн деп эсептелген тутси этникалык тобу көчүп келген. Башка бир версияда болсо, банту элдеринин көчүп келиши жай жана узак убакыт боюуу болгон, жаңы келгендер менен буга чейин жашаган калк ортосунда олуттуу айырмачылык болбогондуктан, алар көбүнчө жергиликтүү элдер менен аралашып кеткен деп эсептелет.

Бул теорияга ылайык, тутси менен хуту ортосундагы айырмачылыктар кийинчерээк пайда болуп, алар социалдык же касталык мүнөздө болгон. Тутсилер негизинен мал чарбачылыгы менен алектенсе, хутулар дыйканчылык кылышкан. «Тутси» деген сөз башында «малдуу» дегенди билдирген жана кийинчерээк бүтүндөй этникалык топко карата колдонулуп калган. Хуту, тутси жана тва элдери баары киньяруанда тилинде сүйлөшөт.

Убакыттын өтүшүү менен жергиликтүү калк ар кандай уруулук бирикмелерге, кландык түзүлүштөргө бөлүнүп, болжол менен 1700-жылга чейин алар 8 ири падышалыкты түптөшкөн. Бул падышалыктардын ичинен тутси элинин ньигинья уруусу башкарган Руанда падышалыгы өзгөчө айырмаланып, XVII кылымдын ортосунда башка падышалыктарга үстөмдүк кыла баштаган. Бул падышалык өз аймагын согуш аркылуу да, башка элдерди ассимилияция аркылуу да кеңейтип отуруп, Кигели IV Рвабугири башкарган мезгилде өзгөчө эң чоң аймактарды ээлегенге жетишкен.

Кигели IV чыгыш жана түндүк аймактарды багынтып, административдик реформаларды жүргүзгөн. Бул реформаларга ылайык, тутсилерге гана малды мурас катары калтыруу же алуу жана башка тутсилерге жана хутуларга кызматына жараша артыкчылыктуу макам берүү укугу берилген. Ошондой эле бул реформалар хутуларды тутсиге акысыз эмгек кылууга милдеттендирген. Бул чаралар тутси менен хуту элдеринин ортосундагы социалдык жана экономикалык айырмачылыктарды тереңдеткен.

Колониялык доор

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1884-жылы өткөн Берлин конференциясында болочок Руанда-Урундинин аймагын Германия империясынын көзөмөлүнө өткөрүү чечими кабыл алынган. Германиялыктар бул падышалыкты анын жергиликтүү падыша аркылуу башкарган, мындай саясат аскерий күчтү аз колдонуу менен колониялаштырууга мүмкүнчүлүк берген. Немис колонизаторлор тутсилар Эфиопиядан көчүп келген деп санашып, аларды европеоиддерге жакыныраак, ошондуктан расалык жактан үстөмдүк кылыт жана бийлик үчүн ылайыктуу эл катары эсептешкен[10][11].

Руанданын падышасы Юхи V колонизаторлорду колдоо менен кабыл алып, алардын жардамы менен өзүнүн бийлигин бекемдеген. Биринчи дүйнөлүк согуш маалында Руанда менен Бурунди Бельгиянын аскерлери тарабынан басып алынып, 1919-жылы бул аймактар Улуттар Лигасынын мандаттык аймагы катары Бельгиянын башкаруусуна өткөн.

Бельгиялыктар да жергиликтүү падышанын колдоосуна таянуу менен саясатын уланткан, бирок 1926-жылдан тарта Бельгия Конгосундагы башкаруу үлгүсүнө окшош түз башкаруу системасын орнотууга киришкен. Алар уруулар башчыларынын санын кыскартып, алардын системасын жөнөкөйлөтүп, негизинен тутсиларды башчылыкка дайындашкан. Белгиялык администрациянын көзөмөлү астында тутси улутундагы башчылар жер реформасын жүргүзүп, натыйжасында хутуларга таандык болгон жайыт жерлери мамлекетке өткөрүлүп алынган. Хутуларга минималдуу гана компенсация берилген.

1930-жылдары колониалдык бийлик билим берүү, саламаттык сактоо, коомдук иштер жана айыл чарба тармагында кеңири масштабдуу долбоорлорду ишке ашырган. Ошого карабастан, тутсилердин коомдогу үстөмдүгү жана хутулардын оор эмгекти талап кылган багыттарда эксплуатациялоо улана берген. 1935-жылы Руанда-Урунди аймагында өздүгүн тастыктаган күбөлүктөр киргизилген жана бул күбөлүктөрдө жергиликтүү калктын кайсы улутка таандык экени көрсөтүлгөн. Натыйдажа мурда бай хуту улутундагы адам, коомдо кадыр-барктуу тутси катары таанылып, социалдык жактан жогорулай алса, эми күбөлүктөрдүн киргизилиши менен мындай мүмкүнчүлүк толук токтотулган.

Бельгиялык бийлик жергиликтүү католик дин кызматкерлерине таянып, аларды колдоого алышкан жана натыйжада чиркөө коомдук турмушта зор рол ойной баштаган. Коомдук абалын жакшыртуу максатында көптөгөн руандалыктар католик динин кабыл алган.

Этникалык негиздеги кагылышуулар. Эгемендүүлүк жарыялангандан кийинки тутси менен хуту элдеринин ортосундагы мамилелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
1964-жылы январда өлтүрүлгөн тутси улутундагы адам. Тутсилерди өлтүрүүлөр, алардын колдорун кесүү менен коштолгон

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Руангада хутулардын боштондук алуу кыймылы күч ала баштаган. Бул кыймыл согуш алдындагы социалдык реформаларга болгон нааразычылыктан жана католик дин кызматкерлеринин хутуларга болгон жакшы мамилесинин өсүшүнөн улам пайда болгон. Миссионерлер хутулардын укугун коргоону өздөрүнүн милдети катары белгилеп, хутулардын арасынан көптөгөн адамдарды дин кызматкери катары даярдаган. Натыйжада, билимдүү хуту элитасы калыптанып, ал учурдагы бийликке тең тайлаш укуктуу боло башташкан[9].

Падыша жана таанымал тутсилар хутулардын таасири күчөп жатканын байкап, өз шарттарында өлкөгө көз карандысыздык берүүнү колдой башташкан. 1957-жылы бир топ хуту интеллигенттери манифест жарыялашкан. Анда алгач ирет хуту менен тутси эки башка «расанын» өкүлдөрү экени көрсөтүлүп, «статистикалык мыйзамга» таянып бийликти калктын көпчүлүгүн түзгөн хутуларга өткөрүү чакырыгы айтылган[12].

1959-жылы 1-ноябрда тутсиларды колдогон партиянын тарапкерлери Кигали шаарында хуту улутундагы элдин башчысынын орун басары Доминик Мбоньюмутвага кол салып, аны катуу сабап кетишкен. Ал тирүү калганына карабай, өлкө боюнча анын өлгөнү тууралуу жалган маалымат тарап, бул окуялардан кийин хутулар тутсилерге кол салууларды башташкан[13]. Бул массалык башаламандыктардын башталыш чекити эле. Кол салууларга тутсилер жооп кайтарышкан, бирок ошол учурдагы тутсилерди мурдагы үстөмдүк абалынан четтетүүнү көздөшкөн Бельгия бийлиги хутуларды колдогон.

1960-жылдын башында колониялык администрация көпчүлүк тутси башчыларын кызматтан алып, алардын ордуна хутуларды дайындаган. Ошол эле жылдын ортосунда өткөн коммуналдык шайлоолордо хутулардын басымдуу көпчүлүгү жеңип чыккан жана атайын кызматтарга келишкен. Натыйжада падыша тактан түшүрүлүп, өлкө республика деп жарыяланган. 1962-жылы Руанда көз карандысыз мамлекет макамын алган.

Тутси улутундагы качкындардын балдары

Руандадагы саясий абалдын чыңалуусу күчөгөн сайын, тутсилар этникалык тазалоодон качып, Руанданын коңшу өлкөлөрүнө — Бурунди, Уганда, Танзания жана Заирге (азыркы Конго ДР) башпаанек издеп качышкан. Бул өлкөлөрдө алар качкын деген расмий макам алышып, жашап калышкан. Көп өтпөй алар мекенине кайтууну көздөп, саясий үгүт иштерин башташкан жана куралдуу топторду уюштурушкан. Руанданын расмий өкмөтү бул топторду «inyenzi» (руанда тилинен которгондо «таракандар» деген маанини билдирет) деп атаган. Бул куралдуу топтор Руанданын аймагына чабуул жасап турушкан, бирок жыйынтыгында утулуп калышкан. Ушул окуялардан кийин Руандадагы тутсилерга карата куугунтук күчөп, алардын дагы көбү өлкөдөн качууга мажбур болушкан. Бул кыргындар өтө көп жана мыкаачылык менен коштолгондуктан, ошол учурдагы эле эл аралык басма сөз агентиктери бул окуяларды геноцид деп мүнөздөгөн. Бирок илимий чөйрөдө бул окуяларды чыныгы геноцид катары карайбызбы же жокпу деген маселе боюнча бирдиктүү пикир жок. Айрым изилдөөчүлөр бул окуяларды пропаганда же бурмаланган маалымат деп эсептешсе, башкалары этникалык кырдаалды же «геноцидге окшош массалык кыргын» деп сыпатташат. Ал эми изилдөөчүлөрдүн үчүнчү бир тобу бул окуяларды толук кандуу геноцид деп тааныган.

1964-жылга карата Руанданын 300 000ден ашуун тутси улутундагы тургуну өлкөдөн чыгып кеткен жана алардын мекенине кайтуусуна 30 жылдай убакыт талап кылынган. Тутсиге карата дискриминация улана берген, бирок 1973-жылы генерал Жювеналь Хабьяримана аскерий төңкөрүш аркылуу бийликке келгенден кийин, бул зомбулук бир аз басаңдаган.

Руандада калктын жыштыгы Африкадагы эң жогорку көрсөткүчтөргө жетип, ар бир чарчы чакырымга 408 кишиге чейин жеткен. Эгерде 1931-жылы өлкөдө 1,3 миллион адам жашаса, 1989-жылга карата маалыматтарга ылайык бул көрсөткүч 7,1 миллионго жеткен. Калктын мындай тездик менен өсүшү жер маселесине байланышкан жаңжалдарды жараткан. Француз тарыхчысы Жерар Пруньенин айтымында, калктын санынын өсүүшү Руандадагы геноциддин себептеринин бири болгон. Ушундай эле тыянакка эволюциялык биолог Жаред Даймонд да келген жана калктын өсүшүнө байланыштуу айыл чарба жерлеринин тартыштыгы жана жерлердин түшүмдүүлүгүнүн төмөндөөсү аталган жаңжалдын негизги себептеринин бири болгонун белгилеген[9].

Жарандык согуш

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1980-жылдары Угандада болгон жарандык согуш учурунда Руандалык 500дөй качкын Фред Рвигьеманын жетекчилиги алдында Улуттук каршылык көрсөтүү армиясынын курамында жарандык согушка катышкан. Бул согуш Уганданын ошол кездеги президенти Милтон Оботенин бийликтен кулатылышы жана Йовери Мусевенинин жеңиши менен аяктаган[14]. Мусевени президент болгондон кийин, руандалык жоокерлер Уганданын армиясынын курамында калып, бирок ошол эле учурда мекенине кайтканга даярдык көрө баштаган. Алар өз катарында жашыруун тарапташтардын түйүнүн түзүп, өз мекенине басып кирүүнү пландашкан.

1990-жылдын 1-октябрында Фред Рвигьема жетектеген Руанданын Патриоттук Фронтунун (РПФ) 4000ден ашуун жоокери Руанданын чек арасын кесип өтүп, өлкөнүн ичине 60 чакырымга чейин кирип келишкен. Бирок кийинки күнү Рвигьема каза болуп, анын ордуна Пол Кагаме жетекчи болуп калган. Руанданын өкмөтүнө жардам берүү үчүн Франция менен Заир аскер жөнөткөн. РПФ күчтөрү кайрадан Угандага артка чегинип, кийин Руанданын түндүгүндөгү Вирунга тоолоруна келип, ошол жерде чет өлкөдөгү тутсилердин диаспорасынын жардамы менен кайрадан курал-жарагын жаңылап, катарын толукташкан.

1991-жылдын январында Кагаменин жетекчилиги астындагы аскерлер күтүлбөгөн чабуул жасап Рухенгери шаарын басып алып, шаарды бир күнгө жакын кармап турушкан, андан соң кайра токойго чегинишкен. 1992-жылы РПФ партизандык согуш жүргүзүп, чек арага жакын аймактардын айрымдарын көзөмөлгө алган, бирок согуштун жүрүшүнө олуттуу өзгөртүү киргизе алган эмес. Ошол эле жылы, июнь айында, РПФ менен өкмөт коалициялык өкмөт түзүү боюнча макулдашып, тараптар Танзаниянын Аруша шаарында сүйлөшүүлөрдү баштаган. Бирок 1993-жылдын башында хуту радикалдары тарабынан тутсилерге карата массалык зордук-зомбулукту үгүттөгөн топтор пайда болгон. Мунун жообу катары РПФ сүйлөшүүлөрдү токтотуп, түндүктөгү ири аймактарды ээлеп алган. Кийин сүйлөшүүлөр кайра жанданып, 1993-жылдын августунда Аруша келишимдери кабыл алынган. Келишимдерге ылайык, РПФ өкүлдөрү өтмө өкмөттүн жана аскер күчтөрүнүн курамына кирмек. БУУнун Коопсуздук Кеңеши 1993-жылдын 5-октябрында 872-резолюцияны кабыл алып, Руандага тынчтык орнотуу миссиясын жөнөткөн[15]. Анын алкагында БУУнун тынчтык сактоо күчтөрү өлкөгө жайгаштырылып, РПФ күчтөрү парламенттин имаратына убактылуу база түзүшкөн.

«Хуту бийлиги» кыймылы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Хабьяримана бийликке келгенден кийин Руанданын экономикасы оңоло баштаган жана тутсилерге карата куугунтук басаңдаган. Бирок президент өз бийлигин сактап калуу үчүн аялы Агатага жана анын туугандарынан жана бай хутулардан турган «аказу» аттуу элитанын жардамына таянган. Бул топтун мүчөлөрү жана башка хуту радикалдары өз таасирин жоготкон эмес жана радикалдык көз караштарын сактап калышкан. Руанданын Патриоттук Фронту (РПФ) өлкөгө кол салгандан кийин Хабьяримана тутсилерден коркууну саясатка айландырып, калктын аларга болгон жек көрүүсүн күчөткөн. Бул идеология кийин «Хуту бийлиги» деген ат менен белгилүү болгон. Бул идеологияны жайылтууда аскер кызматкерлери жана өкмөт мүчөлөрү негиздеген «Кангура» аттуу журнал маанилүү роль ойногон. Журналда расисттик мазмундагы «Хутунун он осуяты» жарыяланып, тутси улутундагы аялдарга үйлөнгөн хутулар чыккынчы катары сүрөттөлгөн. 1992-жылы бул саясатты жактаган күчтөр «Республиканы коргоо коалициясы» (РКК) деген жаңы партия түзүшкөн. Ал учурдагы «Улуттук Республикалык демократиялык жана өнүгүү кыймылы» партиясынан да радикалдашып кеткен. Республиканы коргоо коалициясынын мүчөлөрү президентти тутсилерге өтө «жумшак» мамиле кылганы үчүн сынга алышкан[9].

1992-жылы ок атууну токтотуу тууралуу келишимге жетишкенден кийин, айрым өкмөт жана аскер жетекчилери бийликке тутсилерди кошууну каалабай, президентке каршы жашыруун пландарды уюштура башташкан. Хабьяримана армиядагы айрым радикалдуу саясатчыларды кызматтан алуу аракетин кылган, бирок толук ийгиликке жеткен эмес. Натыйжада Агатанын таасирдүү чөйрөсүнө кирген генерал-майор Огюстен Ндидилиймана жана полковник Теонесте Багосора өз ордунда калган. Бул «аказу» аталган топтун бийликте калуусуна шарт түзгөн.

1992-жылдын ичинде радикалдуу саясатты жактагандар, тутсилерге каршы кысым көрсөтүү аркылуу өзүнүн идеологиясына көбүрөөк тарапташ тартууга аракеттенишкен. Булардын аракеттеринин жыйынтыгында 1993-жылдын башында массалык адам өлтүрүүлөр күч алып, январь айында эле 300гө жакын тутси улутундагы адамдар өлтүрүлгөн. Бул окуяны Руанданын Патриоттук Фронту согуштук аракеттерди кайра баштоо үчүн негиз катары колдонгон.

1993-жылдын орто ченинде «Хуту бийлиги» идеологиясын жактагандар өлкөдөгү эң күчтүү үчүнчү саясий күчкө айланышкан. Бул идеологияны толугу менен «Республиканы коргоо коалициясы» гана колдогон. Калган бардык партиялардын ичинде бөлүнүүлөр пайда болуп, ар биринде лидерлик үчүн күрөш жүрө баштаган. Мындай кырдаал «Улуттук Республикалык демократиялык жана өнүгүү кыймылы» партиясында да байкалган. Андагы «Хуту бийлигин» жактагандар Хабьяримананын тынчтык келишимин колдоого каршы болушкан. Бул учурдан баштап, радикал партиялардын жаштар канаттары куралдуу топторду түзө баштаган. Алардын айрымдары, мисалы «Улуттук Республикалык демократиялык жана өнүгүү кыймылы» тарабынан колдоого алынган «интерахамве» жана «Республиканы коргоо коалициясынын» «импузамугамби» жаштар канаты тутсилерге каршы кыргынга түздөн-түз катышкан. Бул куралдуу топторду Руанданын армиясы машыктырган, кээде француз аскерлери да машыктырууга жардам берип турган[9].

Геноцидге даярдык

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тутсилерди толук жок кылуу идеясы кайсы учурда пайда болгону боюнча окумуштууларда ар түрдүү пикирлер бар. Француз тарыхчысы Жерар Прюнье мындай ой 1992-жылы, президент менен козголоңчулардын сүйлөшүүлөрү башталган маалда калыптанганын айтса, британиялык журналист Линда Мелвен мунун башаты 1990-жылы, РПФ өлкөгө кол салган учур менен байланыштуу экенин белгилейт. Ошол эле жылы Руанданын армиясы «жарандык коргонуу» деген шылтоо менен элге мачете таратып баштаган — кийин мачете геноциддин башкы куралына айланган. Ошондой эле хуту жаштарын машыктыруу иштери жүргөн. 1990-жылдын аягынан тарта армия Египет, ж.б. өлкөлөрдөн көп сандагы граната жана ок-дары сатып ала баштаган. Бул келишимдерге Египеттин ошол кездеги тышкы иштер министри, кийинчерээк БУУнун башкы катчысы болгон Бутрос Бутрос-Гали ортомчу болгон. Бир жыл ичинде жергиликтүү коргонуу күчтөрүнүн саны 10 миңден 30 миңге чейин өскөн. Жаңы алынгандар аскердик тартипти сактабаган жана тартипти бузган адамдар турган. Ошол эле маалда өзгөчө даярдыкта болгон президенттик гвардия жана жандармерия менен аскерлер арасында теңсиздик күчөгөн[16].

1993-жылдын март айында «Хуту бийлиги» кыймылынын мүчөлөрү, жок кылыш керек деген «саткындардын» тизмесин түзө баштаган. Бул тизменин ичинде президент Хабьяримананын да аты болушу мүмкүн, анткени аны Республиканы коргоо коалициясы (РКК), президентти ачык эле чыккынчы деп атаган. Радикалдар мамлекеттик «Руанда радиосун» өтө либералдуу жана оппозицияга ыктаган деп эсептешип, «Миң адырдын эркин радиосу жана телеберүүсү» аттуу жаңы пропагандалык радиостанция түзүшкөн. Ал расисттик үгүт, музыка жана тутсилерди шылдыңдаган, каралаган маалыматтарды таратып, хуту улутундагы эл арасында чоң колдоого ээ болгон. Айрым изилдөөлөргө таянсак, геноцид маалында болгон зомбулуктардын 10% ушул радионун таасиринен келип чыккан. 1993-жылы экстремисттер айыл чарбасына керектөөдөн бир нече эсе көп мачете жана башка кесүүчү шаймандарды импорттоп башташкан — устара, кайчы, араа ж.б., алар формалдуу түрдө «жарандык коргонуу» үчүн деген шылтоо менен таратылган. Октябрда Бурундиде жаңы шайланган биринчи хуту улутундагы президент Мельхиор Ндадайе тутси офицерлери тарабынан өлтүрүлгөн. Бул окуя бүткүл аймакта, өзгөчө хуту калкынын арасында чоң дүрбөлөң жараткан. Натыйжада, көптөгөн хутулар бүтүндөй тутсилерди душман катары кабыл ала башташкан. Экстремисттик партиялар жана «Хуту бийлигинин» тарапкерлери бул кырдаалды өз максаттары үчүн пайдаланууну чечишкен. Буга чейин экстремистик көз караштагы адамдар арасында гана популярдуу болгон «тутсилерди толук жок кылуу» идеясы эми улуттук стратегияга айланган. Радикалдар Ндадайенин өлтүрүлүшүнө байланыштуу массалык нааразылыкты пайдаланып, пропагандалык үгүт жүргүзүп башташкан. Алар интерахамве сыяктуу куралдуу топторду мачете менен гана эмес, эми Калашников автоматтары жана башка заманбап куралдар менен да камсыздай башташкан.

1994-жылдын 11-январында БУУнун Руандадагы тынчтык миссиясынын башчысы, генерал Ромео Даллер Нью-Йорктогу штабга факс жөнөтүп, ишенимдүү булактан алынган кооптуу маалыматтар жөнүндө билдирген. Анын айтымында, хутулардын куралдуу топтору жакын арада БУУнун тынчтык миссиясынын курамындагы бельгиялык аскерлерди өлтүрүп, аларды өлкөдөн чыгууга мажбур кылууну көздөп жатышат. Ошондой эле, Кигалиде жашаган бардык тутси улутундагы адамдарды каттоо буйругу берилди, маалымат берген адам 20 мүнөттүн ичинде 1000 тутсини өлтүрүү болорун билдирген деген маалыматты айткан. Генерал Даллер маалымат берген адамды жана анын үй-бүлөсүн коргоого уруксат сураган, бирок БУУдагы жетекчилик, анын ичинде ошол учурда БУУ башкы катчысы Кофи Аннан, бир нече ирет мындай уруксат берүүдөн баш тарткан. Ал БУУнун уставындагы 2-берененин 4-пунктуна таянып, башка мамлекеттин ички ишине күч колдонуп кийлигишүүгө болбойт деген жүйө келтирген. Бул чечимди Кофи Аннан геноцид башталгандан кийин да өзгөрткөн эмес жана Кофи Аннан геноцидди токтотуга аракет да кылган эмес.

Хабьяримананын өлтүрүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Руанданын президенти Жювеналь Хабьяримана

1994-жылдын 6-апрелинде Руанданын президенти Жювеналь Хабьяримана менен Бурундинин президенти Сиприен Нтарьямира учуп келе жаткан учак Кигалиге жакын жерде атып түшүрүлгөн. Учактагы бардык жүргүнчүлөр набыт болгон. Ар башка маалымат булактары бул окуяга күнөөлүү деп РПФ да, хуту улутундагы экстремисттерди аташат.

Расмий иликтөөнүн жыйынтыгында куралдуу күчтөрдүн ичинде болгон радикалдуу хутулардын бул окуяга катышы бар экени айтылган. Ал эми 2012-жылдын январында француз иликтөөчүлөрү учакка карай атылган ракета тутсилер көзөмөлдөгөн аскердик базадан атылган эмес деген бүтүмгө келишкен.

1994-жылдын 6-апрелинде кечинде аскердик жетекчилерден турган кризистик комитет түзүлгөн. Анын башчылыгына полковник Теонесте Багосора келген, ал эми комитетке мүчө болгон айрым генералдар андан жогору даражага ээ болушканына карабай, чыныгы бийлик дал ушул Багосоранын колуна өткөн. Конституцияга ылайык, өлкө башчысынын ордун убактылуу премьер-министр Агата Увилингийимана ээлеши керек болчу, бирок аскерлер анын бийлигин таануудан баш тартышкан.

Түн ичинде БУУнун Руандадагы миссиясынын башчысы генерал Ромео Даллер аскердик жетекчилерди премьер-министрге бийликти өткөрүүгө үндөгөн. Бирок Багосора ага каршы чыгып, Агата «руандалыктардын ишенимине ээ эмес» жана «мамлекетти башкара албайт» деп билдирген. Кризистик комитет өзүн тартип орнотуу үчүн убактылуу түзүлгөн орган катары мүнөздөгөн. Багосора президенттик гвардия көзөмөлдөн чыгып кеткенин жана комитет бул күчтү кармап турууга аракет кылып жатканын атып БУУнун Руандадагы тынчтык миссиясын жана РПФ ынандырууга аракет кылган. Ошондой эле комитет Аруша келишимдери толук сакталарын дагы билдирген[16].

Бул окуялар геноциддин башталышына түздөн-түз себеп болуп калган.

Нейтралдуу көз караштадагы адамдарды өлтүрүү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Бельгиялык он жоокер өлтүрүлгөн имарат. Азыр учурда мемориал.

БУУнун миссиясы премьер-министр Агата Увилингийимананын үйүнө он бельгиялык аскерден турган топту жиберген. Алар аны «Руанда родиосунун» имаратына коштоп бармак, ал жерден премьер-министр элге кайрылуу жасоону көздөгөн. Президенттик гвардия радиостанцияны басып алганына байланыштуу бул план ишке ашпай калган[9][16].

Эртең менен аскерлердин тобу жана куралчан жарандар бельгиялык тынчтык миссиясынын катышуучуларын курчоого алышып, аларды курал таштоого мажбурлашкан. Андан кийин Увилингийимана менен анын жолдошу мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Алардын балдары үй ичиндеги эмеректердин арасына жашынып, тынчтык миссиясынын сенегалдык офицери Мбайе Дианенин жардамы менен куткарылып калышкан. Камакка алынган бельгиялык миссиясынын катышуучулары аскердик базага жеткирилип, ал жерде кыйноого алынып, өлтүрүлгөн. 2007-жылы президенттик гвардиянын ушул окуя үчүн жооптуу командири, майор Бернар Нтуяхага, Бельгияда 20 жылга эркинен ажыратылган. 6-апрелден 7-апрелге караган түнү Кигалиде радикалдуу хутулар үйлөрдү тинтип, «кара тизмеге» кирген саясатчыларды жана журналисттерди кыйноо менен өлтүрө башташкан. Алардын арасында конституциялык соттун төрагасы, айыл чарба министри, Либералдык партиянын лидери жана анын канадалык жубайы да бар эле. Жазалоодон өтө аз гана сандагы нейтралдуу саясатчылар аман калган[9].

Жаңы дайындалган Башкы штабдын жетекчиси Марсель Гатсинзи куугунтукка кабылбай калган жалгыз нейтралдуу көз караштадагы көрүнүктүү фигура болгон. Аны комитет Багосора сунуштаган генерал Огюстен Бизимунгунун ордуна дайындаган. Гатсинзи армияны геноцидге катышпоого үндөп, РПФ менен ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет кылган. Бирок ал армиянын үстүнөн толук көзөмөл жүргүзө алган эмес. Он күндөн кийин анын ордуна радикалдуу чараларды колдоону жактаган генерал Бизимунгу келген[16].

1994-жылдын 6-апрелинде президент Жювеналь Хабьяримананын учагы атып түшүрүлгөндөн кийин, бир нече саат өтпөй тутсилерге каршы массалык кыргын башталган. Президенттин тарапташтары, туугандары көп жашаган Гисеньи провинциясында хуту улутундагы жарандар менен интерахамвенин мүчөлөрү дароо чогулуп, Хабьяримананын өлүмүнө РПФ күнөөлөшүп, калкты «ишке киришүүгө» жана «эч кимди аябоого», анын ичинде ымыркайларды да өлтүрүүгө чакырышкан. 7-апрелде кыргын дагы алты провинцияга, анын ичинде борбор шаар Кигалиге да башталган. Жергиликтүү бийликтер борбордон келген көрсөтмөлөрдү аткарып, калк арасында «учак Кагаменин тарапкерлери тутсилер тарабынан атып түшүрүлгөн» деген ушактарды жайылтышкан жана тутсилерди өлтүрүүгө түзмө-түз үгүттөгөн. Мурда эле даярдалып, куралданган хутулар бул буйруктарга дароо баш ийишкен. Бирок башында айрым аймактар, айрыкча Гитарама жана Бутаре провинциялары, геноцидге каршылык көрсөтүшкөн — бул провинцияларды, кыргынды колдобогон губернаторлор жетектеп турган. Бирок 9-апрелде Гитарамада, 19-апрелде губернатору тутси улутундагы адам болгон Бутареде, губернатор камакка алынгандан кийин геноцид башталган. Бутаредеги калк бийликтин көрсөтмөлөрүнө баш ийбей койгондо, борбордон интерахамвенин мүчөлөрү тик учак менен бул аймакка жеткирилген[9][16].

РПФ көзөмөлдөгөн аймактарда геноцид болгон эмес. 9-апрелде Европа өлкөлөрүнөн чет өлкөлүк жарандарды эвакуациялоо максатында 1000дей куралдуу жоокер Руандага келген. Ошол эле күнү Washington Post газетасы Руандадагы кырдаал тууралуу кабар таратып, гуманитардык уюмдардын кызматкерлеринин көз алдында алардын тутси кесиптештери өлтүрүлгөнүн жазып чыккан[16].

Апрель жана май айларында президенттик гвардия, жандармерия жана жаштар отряддары кыргынды улантышткан. Француз тарыхчысы Жерар Прюньенин эсебинде, алгачкы алты жуманын ичинде 800 000ге жакын сандагы адам өлтүрүлгөн — бул адамдарды өлтүрүү ылдамдыгы Холокостко салыштырмалуу беш эсе жогору болгон. Геноциддин уюштуруучулары өлкөдөгү бардык тутсилерди жок кылууну максат кылышкан. Ички оппозиция толугу менен жок кылынып, БУУнун миссиясына күч колдонууга тыюу салынган эле. Айылдарда хутулар тутси улутундагы кошуналарын тааныгандыгына байланыштуу, тутсилер дароо эле өлтүрүлүшкөн. Шаарларда болсо паспорттордо көрсөтүлгөн улуту боюнча тутсилер издөөгө алынышып, эгер паспортундагы улут деген пунктта тутси улуту көрсөтүлгөн болсо, мындай адамдар дароо эле өлтүрүлгөн. Геноцидди колдогон радикалдар тутсилерди айрым сырткы белгилери аркылуу таанууга болот деп ишенишкен: бүйлөсү жана тили кара түстө, алакандары, таманында бир сөөгүнүн жоктугу, кырдаач мурду, өзгөчө басышы жана боюнун узундугу ж.б. Тутсилерге жан тартат деп шектелген же жөн гана «тутсиге окшош» деп эсептелген көптөгөн хутулар да бул окуялар учурунда өлтүрүлүшгөн[16].

Апрелде РПФ армиясы түндүк жана чыгыштагы бир катар аймактарды хутулардан бошотуп, мындай аймактардагы кыргын токтотууга жетишишкен. Айдын аягында төрт провинция, анын ичинде Кигали да РПФ көзөмөлүнө өткөн. Гисеньи жана Рухенгери сыяктуу президенттин жакындары жашаган аймактарда да кыргын азайган, анткени ал провиняцияларда дээрлик тутси улутундагы адам калбай калган. Тутсилер өч алат деп корккон миңдеген хуту улутундагы адамдар өлкөдөн кача башташкан. Апрель айынын аягында эле 500 000ге жакын адам Танзанияга качып кетип, БУУ көзөмөлдөгөн, бирок геноцидге тиешеси бар радикалдардын таасиринде турган качкын лагерлерине жайгаштырылышкан.

Май—июнь айларында геноцид РПФ көзөмөлдөбөгөн аймактарда улантылдган, бирок ал жашыруун мүнөзгө ээ болгон. Убактылуу өкмөт баш аламандыкты сактоого аракет кылып, элди РПФке каршы куралдуу күрөшкө чыгууга чакыруу уланта берген[16].

23-июнда Франция «Бирюза» операциясынын алкагында БУУнун уруксаты менен Заирден 2500 жоокерин Руанданын түштүк-батышына жөнөтүп, Чьянгугу—Кибуе—Гиконгоро үч бурчтугун көзөмөлгө алышкан. Бул аймак өлкөнүн болжол менен бештен бир бөлүгүн түзгөн. RFI маалымдагандай, француздардын аракетинин негизинде 15 000ге жакын адам куткарылган. Бирок башка булактар бул операция анчалык натыйжалуу болгон эмес деп белгилейт. Жергиликтүү бийликтер француздардын бул окуяларга аралашуусун кубаттагандай түр көрсөтүп, унааларга француз желектерин илишсе да, жашынып жүргөн тутсилерди издеп, өлтүрүүнү улантышкан. Геноциддин аягында көпчүлүк руандалыктар Франциянын максаты — кыргынга катышкан хутуларды Кагамеден коргоо болгон деп эсептешкен. Француз аскерлери РПФга ачык каршы чыгып, анын чабуулдарын убактылуу жайлатууга жетишкен.

Июль айында РПФ дээрлик бүт Руанганы көзөмөлүнө алган. 4-июлда Кигали, 18-июлда Гисеньи жана түндүк-чыгыштагы аймактар бошотулган. Натыйжада, геноцид токтотулган. Хуту улутундагы адамдар Заирге массалык түрдө качып өтө баштаган. Алардын арасында геноциддин башында турган Багосора жана мурдагы өкмөттүн башка мүчөлөрү да бар эле[16].

Пландоо жана уюштуруу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Нтарама чиркөөсүнүн урандылары — 1994-жылдагы Руанда геноцидинин жүрүшүндө баш калкалаган жерге айланган тарыхый жай. Бул чиркөөгө 5000ден ашык адам баш калкалоо үчүн жашынган. Геноциддин уюштуруучулары алардын үстүнө граната ыргытып, ок атып, айрымдарын мачете менен өлтүрүшкөн же тирүүлөй өрттөшкөн.

Президентказа болгондон кийин Руанададагы бийликти полковник Теонесте Багосора жетектеген кризистик комитет басып алып. Бул кризистик комитет геноцидди уюштуруп башкарган негизги орган болгон. Полковник дароо эле Кигалиде жайгашкан интерахамве топторуна кайрылып, тутси улутунун өкүлдөрүн өлтүрүү боюнча көрсөтмөлөрдү берген жана мындай буйруктарды провинциялардагы радикал топтордун лидерлерине да жиберген. Геноцидди уюштурууга коргоо министри, президенттик гвардия менен десанттык аскерлердин башчысы Огюстен Бизимана да тартылган. Ошондой эле ишкер Фелисьен Кабуга «Миң адырдын эркин радиосу жана телеберүүсү» радиосун жана интерахамве кыймылын каржылаган[9].

Кигалиде геноцид президенттик гвардиянын аскерлери тарабынан интерахамве жана импузамугамби радикалдуу топтору менен биргеликте жүргүзүлгөн. Өлтүрүүлөр блокпосттордо жана үймө-үй кыдырып жүргүзүлүп, тутсилердин мүлкү талап-тоноого алынган. Шаардын губернатору блокпостторду текшерип, буйруктарды тараткан жана ишин жетишсиз аткарган кызматкерлерди жумуштан алып турган. Аймактык администрациялар көбүнчө борбордук бийликтин көрсөтмөлөрүнө баш ийип, буйруктар иерархиялык тартипте — борбордон губернаторлорго, алардан район башчыларына, андан ары жергиликтүү жетекчилерге берилип турган. Геноциддин провинциялардагы негизги бөлүгү мамлекеттик органдардын көрсөтмөлөрү аркылуу ишке ашкан. Буга салттуу бийликке баш ийүүчүлүк, пропаганданын таасири жана мажбурлоо фактору себеп болгон — геноцидге катышуудан баш тарткандар тутсилерге жан тартат деп айыпталып, кээде аларды өзүн-өзүн өлтүрүүгө мажбурлашкан[9].

1994-жылдын 8-апрелинде кризистик комитет 1991-жылдагы конституциянын негизинде Жан Камбанда башында турган убактылуу өкмөттү түзүп, Теодор Синдикубвабо президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Өкмөт курамына бардык саясий партиялардын өкүлдөрү киргенине карабастан, анын негизги бөлүгүн радикал фракциялар түзгөн. 9-апрелде өкмөт ишин баштап, Кигалидеги куралдуу кагылышуулардан улам Гитарама шаарына көчүп кеткен. Комитет расмий түрдө таратылганы менен, аскердик жетекчилик, анын ичинде Багосора, мамлекетти де-факто башкарууну уланткан. Жарандык бийлик калкты мобилизациялоого жана режимдин мыйзамдуулугун көрсөтүүгө аракет кылганы менен, куралдуу күчтөрдү жана куралчан топторду көзөмөлдөй алган эмес. БУУнун миссиясынын командири Ромео Даллердин айтымында, өкмөт мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү, премьер-министр менен маалымат министринен башкалары өз милдеттерин аткарган эмес.

Өлтүрүү ыкмалары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Мурамбидеги кесиптик окуу жайдагы каза болгондордун баш сөөктөрү

Көпчүлүк курмандыктар өздөрү жашаган кыштактарда жана шаарчаларда, кошуналарынын жана жергиликтүү тургундардын колунан каза болушкан. Куралчан топтор негизинен улуттук мачете-панга колдонушкан, айрым аскер бөлүктөрү ок атуучу курал менен куралданышкан. Хуту топтору тутсилер жашынып калган мектептерди жана чиркөөлөрдү тинтип, аларды таап жок кылышкан. Жергиликтүү бийлик жана радиостанциялар элди тутси улутундагы кошуналарын өлтүрүүгө үндөшкөн. Буйрукка баш ийбеген хутулар дароо жазаланышкан[9].

12-апрелде Ньянга шаарындагы католик чиркөөсүнө 1500дөн ашык тутси улутундагы адамдар жашынуу үчүн киргенде, интерахамве нин мүчөлөрү администрациянын колдоосу менен чиркөөнү бульдозерлер менен талкалап, качып кетүүгө аракет кылгандарды мачете менен сайып, кескилеп жана винтовкалар менен атып өлтүрүшкөн. Чиркөөнү талкалоого көмөктөшкөн дин кызматкери Атоназ Серомба геноцидге жана адамзатка каршы кылмыштарга катышкандыгы үчүн Руанда боюнча Эл аралык трибунал тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган[17][18].

Миңдеген адамдар Бельгиянын тынчтык миссиясынын күчтөрү жайгашкан Кигалидеги техникалык лицейге коргонуу издеп келишкен. Бирок 11-апрелде аскерлер чыгып кеткенден кийин, имараттагы бардык тутсилер армия бөлүктөрү жана куралчан топтор тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн[19].

Жыныстык кол бийбестикке каршы зомбулук

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Геноциддин уюштуруучулары массалык зордуктоолор аркылуу коомду толугу менен бөлүүнү көздөшкөн[20]. Пропаганда бул процессте маанилүү ролду ойноп, тутси аялдарын «хутулардын душмандары менен байланышуудагы сексуалдык жагымдуу бешинчи колонна» катары сүрөттөгөн. Зордук-зомбулук өзгөчө ырайымсыздык менен коштолгон жана кээ бир учурларда ага аял-хутулар да катышкан — пропаганда калктын жыныстык муктаждыктарын курал катары колдонгон[21][22][23].

Зомбулукка кабыл болгон аялдардын көпчүлүгүн тутсилер түзгөн, бирок алардын арасында өлтүрүүгө каршы чыккан же тутсилерге жардам берген жана тутсилерге турмушка чыккан хуту улутундагы аялдар дагы болгон. Бириккен Улуттар Уюмунун 1996-жылдагы баяндамасында зордуктоо ыкмалары системалуу мүнөзгө ээ болгону жана курал катары колдонулганы белгиленет. Кээ бир учурларда тутси улутундагы аялдар жарандардын, аскер жетекчилеринин жана хуту эркектеринин көзүнчө, жада калса өз балдарынын көзүнчө зордукталган. Бир жабырлануучунун айтымында, аны күнүнө беш жолу зордуктап турушкан, зордуктоолордун ортосунда хуту улутундагы аял аны талаа ишин кылууга мажбурлаган[24].

Радикалдар адамдын иммунитет жетишсиздигинин вирусу менен ооруган эркектерди ооруканалардан чыгарып, алардын арасында атайын зордуктоо үчүн топторду түзүшкөн. Натыйжасында, зордуктоодон кийин тирүү калган көптөгөн тутси улутундагы аялдар АИВ жуктуруп алышып, ооруга чалдыгышкан. Көпчүлүк учурларда тутси аялдарын бала төрөө жөндөмүнөн ажыратуу максатында зордукталгандан кийин: алардын жыныс органдарын мачете же бычак менен кескилешкен, учтуу таяктар сайгылашып тешкилешкен, тутси аялдарынын жыныс органына кайнак суу же кислота куюшкан[24].

Айрым учурларда эркектер да зордуктоого кабылган, мындай зордуктоолор зордукталган тутси улутундагы эркектердин жыныс мүчөлөрүн кесип салуу менен аяктаган. Кесилип алынган тутси улутундагы эркектердин жыныс мүчөлөрүн хутулар «олжо» катары кабыл алышкан.

Курман болгондордун саны

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өлкөдө орногон башаламандыкка байланыштуу геноциддин курмандыктарынын саны боюнча так маалымат жок. Ошол учурдагы расмий бийлик эсеп жүргүзгөн эмес. РПФ өкмөтү 1 071 000 адам каза болгонун, алардын 10% хуту улутунун өкүлдөрү экени билдирген. Америкалык журналист Филип Гуревич да бул санды ишенимдүү деп эсептеген. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, геноцидде болжол менен 800 000 адамдын өмүрү кыйылган. Human Rights Watch уюму бул санды кеминде 500 000 деп бааласа, башка булактар 750 000ге жакын адам каза болгонун билдиришет[25].

Геноцидге каршылык көрсөтүү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тутсилерди геноцидден куткарууга аракет кылгандардын арасында БУУнун тынчтык орнотуу миссиясынын башчысы генерал Ромео Даллер болгон — анын аракеттери 32 миңге жакын адамды аман алып[26]. Ошондой эле Кигалидеги мейманкананын менеджери Пол Русесабагина миңден ашык кишиге баш калкалоочу жай берген[27]. БУУнун тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн офицери Мбайе Диань жүздөгөн адамдарды куткарып калууга жардам берген[28].

Руанданын Патриоттук Фронтунун чабуулу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
РПФ аскердик операцияларынын картасы

1994-жылдын 7-апрелинде Руанданын Патриоттук Фронтунун (РПФ) башчысы Поль Кагаме кризистик комитетти жана БУУнун миссиясын эскертип, эгерде геноцид токтотулбаса, ок атышпоо келишимине баш ийбей турганын билдирген. 1994-жылдын 8-апрелинде өкмөттүк аскерлер бир нече тараптан парламенттин имаратына чабуул коюшкан, бирок имаратта жайгашкан тутсилердин бөлүктөрү чабуулду ийгиликтүү кайтарууга жетишкен. РПФ өлкөнүн түндүгүнөн үч багыт боюнча чабуулга өтүп, Кигалиде курчоодо калган өз жоокерлери менен байланышууну көздөдөгөн. Кагаме убактылуу өкмөт менен сүйлөшүүлөрдөн баш тартып, бул сүйлөшүүлөр Багосоранын геноцидди жаап-жашыруунун каражаты катары баалап, расмий бийликтин геноцидди токтотууга эч кандай ниети жок деп эсептеген. Алдыдагы күндөрдө РПФ күчтөрү үзгүлтүксүз түштүккө карай жылып, Габиро шаарын жана борбордун түндүк-чыгышындагы айылдык аймактарды көзөмөлүнө алышкан. Кигали жана Бьюмбу шаарларына түздөн-түз чабуул жасабастан, аларды курчоону жана жабдуу жолдорун бууну максатташкае. Угандадан келген качкындарга Кагаменин аскердик күчтөрү башкарган аймактарда фронт артында жайгашууга уруксат берилген.

Апрель айында БУУнун тынчтык миссиясы эки тарапка бир нече жолу ок атышпоо келишимин сунуштаган, бирок Кагаме кыргын токтобой туруп тынчтык орнотуу мүмкүн эместигин кайталаган. Айдын аягында тутсилер Танзания менен болгон чек араны толук көзөмөлгө алышып, Кибунгодон батышты карай же борбордун түштүгүн көздөй чабуулду башташкан. РПФ күчтөрүнө Кигали жана Рухенгери шаарларынан башка аймактар дээрлик каршылыксыз багынып беришкен. 16-майда алар Кигали менен убактылуу өкмөт жайгашкан Гитарама шаарын байланыштырып турган жолду тосууга жетишкен. 13-июнда өкмөттүк аскерлердин жооп чабуулу ийгиликсиз болуп, Гитарама шаары РПФ көзөмөлүнө өтүп, өкмөт Гисеньи шаарына (түндүк-батыш Руанда) эвакуацияланган. РПФ бөлүктөрү геноцидден аман калган тутсилер жана Бурундиден келген качкындар менен толукталып турган, бирок бул жаңы жоокерлердин даярдыгы жана тартипке баш ийүүсү төмөн эле.

Борбор шаары толугу менен курчоого алынгандан кийин, июндун экинчи жарымында РПФ аскерлери Кигали үчүн салгылашууну улантышкан. Өкмөттүк күчтөрдүн саны жана куралдануусу артыкча болсо да, тутси күчтөрү акырындап жаңы аймактарды басып ала баштаган, мунун натыйжасында каршылаш тараптын руху түшүп, РПФ жоокерлери фронт артындагы аймактарга рейддерди уюштуруп, карапайым тургундарды куткарып калууга жетишен. Мындай иш-аракеттер аркылуу Кагаме өкмөт шаарды коргоо эмес, тутси улутундагы адамдарды кыруу менен алек экенин көрсөтүүгө аракеттенген. 4-июлда Кигали өкмөттүк күчтөрдөн бошотулуп, 18-июлда Гисеньи менен калган хутулар көзөмөлдөгөн аймактар РПФ башкаруусуна өткөн. 1994-жылдын 4-июлунда Руандадагы тутси этносуна каршы болгон геноцид токтогон.

Эл аралык кийлигишүү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бириккен Улуттар Уюмунун Руандага жардам берүү миссиясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Геноцидинен аман калган тутси улутундагы жаш балдар

1993-жылдын октябрында миссия башталгандан тартып, анын башчысы, генерал-майор Ромео Даллер «Хуту бийлиги» кыймылынын бар экенин жана тутсилерди жок кылуу пландары тууралуу кабардар болгон. Ал курал-жарак сакталган жашыруун кампаларды текшерүү үчүн рейд жүргүзүүнү өтүнгөн, бирок БУУнун тынчтыкты сактоо операциясынын атайын бөлүмү бул өтүнүчтү четке каккан. Тынчтык орнотуучулардын ишине президент Хабьяримана жана радикалдуу саясатты кармангандар тоскоол болгон. 1994-жылдын апрелине чейин БУУнун Коопсуздук кеңеши Бириккен Улуттар Уюмунун Руандага жардам берүү миссиясынын ишинде жакшыртуу болбосо, анын мандатын толук токтотобуз деп билдирген.

Мамлекет башчысы өлтүрүлгөндөн жана геноцид башталгандан кийин генерал Даллер кырдаалды тынчтык жолу менен чечип, жарандык согушту кайра башталуудан сактап калууга болгон аракетин кылган, бирок натыйжа болгон эмес. БУУнун Уставынын VI бөлүмүнө ылайык, миссиянын аскерлерине курал колдонууга тыюу салынган, ал эми геноциддин алгачкы күндөрүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Руандага жардам берүү миссиясынын курамындагы руандалыктардын көпчүлүгү өлтүрүлгөндүктөн, миссия олуттуу жоготууга учураган. Натыйжада, тынчтык орнотуучулар негизинен байкоо жүргүзүү менен гана чектелүүгө мажбур болушкан. Даллер кийинчерээк бул миссияны БУУнун ири ийгиликсиздиги деп атаган. Ошентсе да, миссиянын маанилүү жетишкендиги болуп Кигалидеги «Амахоро» стадионунда жана башка жерлерде миңдеген тутсилерге жана нейтралдуу хутуларга башпаанек берүү болгон жана ошондой эле чет элдик жарандарды эвакуациялоого көмөк көрсөтүү болгон. 12-апрелде премьер-министр Агата Увилингийимануну коргогон он жоокер өлтүрүлгөн соң, контингенттин негизин түзгөн Бельгия өз аскерлерин чыгарып кетерин жарыялаган, бул миссиянын натыйжалуулугун ого бетер төмөндөткөн. БУУнун баш катчысынын сунушу менен миссиянын аскерлеринин саны кыскартылган[29][30]. Миссиянын курамында 20-апрелге карата 1705 адам болсо, 13-майга карата алардын саны болгону 444 адам болгон[31][30]. Май айынын ортосунда БУУ геноцид болуп жатканын акыры мойнуна алган жана өлкөгө кошумча күч жөнөтүүнү буйруган, бул миссия Бириккен Улуттар Уюмунун Руандага жардам берүү миссиясы-2 деп аталган. Бирок анын алгачкы бөлүктөрү Руандага июлда гана келген жана функциялары негизинен коопсуздукту камсыздоо жана туруктуулукту сактоо менен чектелген. Бул миссия 1996-жылы расмий түрдө жоюлган[32].

Аэропортту кайтарууга аракет кылган француз аскерлери

Хабьяримана бийликте турган мезгилде Франция «Франсафрика» саясатынын алкагында анын режими менен өтө жакын мамиле түзгөн жана жарандык согуш учурунда ага көмөк көрсөткөн. Франция өкмөттүк аскерлерди курал менен камсыздап, аларды машыктырган. Француз бийлиги Руанданын Патриоттук Фронттун (РПФ) жана Уганданы, аймакта Британиянын таасирин жүргүзүп жаткан күчтөр катары кабыл алган. 1994-жылдын 9-апрелинде Европанын ар кайсы өлкөлөрүнөн келген миңге жакын оор куралдар менен куралданган жана мыкты даярдалган жоокерлер Руандага келип, жарандык персоналды эвакуациялоо максатында операция башташкан, андан соң кайра чыгып кетишкен. Washington Post басылмасы кайрымдуулук уюмдарынын тутси улутундагы кызматкерлери европалык кесиптештеринин көзүнчө өлтүрүлгөнү тууралуу макала жарыялап, ошол учурдан тартып Руандадагы окуяларга дүйнөлүк медианын көңүлү бурула баштаган. «Амариллис» операциясынын алкагында француз аскерлери тынчтык орнотуучулар жана бельгиялык жоокерлер менен биргеликте чет өлкөлүк жарандарды эвакуациялашкан. Франция эвакуация учурунда тутсилерге алар менен кошо кетүүгө тыюу салышкан, ал эми буйрукка баш ийбеген, алар менен чогуу качууга аракет кылган тутсилерди тосмолордон түшүрүп салып турушкан же хутулардын колуна салып берген жана францущдар миңдеген тутсилердин өлүмүнө түздөн-түз себепкер болуп калышкан. Француз аскерлери аралаш никедеги тутсилерге да өлкөдөн чыгууга уруксат жана жардам берген эмес, бирок Хабьяримананын өкмөтүндөгү бир нече жогорку кызмат орунду ээлеген адамдарды жана анын жесири Агатаны куткарышкан.

1994-жылдын 23-июнунда Бириккен Улуттар Уюмунун мандатынын негизинде Франция «Бирюза» аттуу гуманитардык операцияны баштап, Заирден алып келинген болжол менен 2500 жоокерин Руанданын түштүк-батыш бөлүгүнө жайгаштырган. Алар Чьянгугу—Кибуе—Гиконгоро үч бурчтугун көзөмөлгө алышкан, бул өлкөнүн аймагынын болжол менен бештен бир бөлү эле. RFI радиосунун маалыматына ылайык, француздардын аракетинин аркасында болжол менен 15 000 адамдын өмүрү сакталган[33], бирок башка булактар алардын операциясы чоң натыйжа берген жок деп эсептешет. Руанданын убактылуу бийлиги француз аскерлерин ачык колдоп, автоунааларына француз желектерин илишкен, бирок ошол эле учурда баш калкалоочу жайлардан чыгып, коргоо издеп жүргөн тутсилерди өлтүрүүнү уланта берген. Граждандык согуштун соңунда көптөгөн руандалыктар Франциянын чыныгы максаты — геноцидге катышкан хутуларды Руанданын Патриоттук Фронттунан коргоо болгон деген пикирге келишкен. Француз аскерлери Руанданын Патриоттук Фронттуна каршы турушуп, геноцидди уюштургандарга жардам берип, кийин аларды Заирге эвакуациялоого шарт түзүшкөн. Француз күчтөрү менен болгон кыска убакыттагы кагылышуулар Кагаменин армиясынын алдыга жылуусун убактылуу жайлаткан[34].

Франциянын Руандадагы геноцидге аралашуусу бир нече расмий иликтөөлөрдүн булагына айланган. 1998-жылы түзүлгөн Франциянын парламенттик комиссиясы француз бийлигинин чечимдеринде, анын ичинде геноцидге аскерий катышуунун зарылдыгы боюнча, «каталык пикирлер» болгонун мойнуна алган[35]. Бирок комиссия француз өкмөтүн геноцид үчүн түздөн-түз жооптуу деп күнөөлөгөн эмес[36].

2008-жылы Руанданын өкмөтү Францияны геноцидге хутулар тарабынан даярдык болуп жатканын алдын ала билген жана хуту радикалдарын машыктырууга көмөктөшкөн деп ачык айыптаган[37][38][39].

Америка Кошмо Штаттары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Америкалык аскердик унаалары 1994-жылдын августунда Заирдеги Гома шаарынан качкындар жайгашкан лагерге таза суу жеткирүүдө

Чалгындоо булактарынын маалыматына ылайык, АКШ президенти Билл Клинтон жана анын администрациясы тутсилерди толук кырууну көздөгөн атайын жана алдын ала пландалган геноцид тууралуу массалык кыргын баштала электе эле кабардар болгон[40]. Бирок АКШнын ошол учурдагы саясатына Сомалидеги окуялардын кайталанышынан коркуу чоң таасир тийгизген. Көптөгөн серепчилер 1993-жылдагы Могадишодогу кыргын учурунда америкалык аскерлердин сөөгүн көчөлөрдө сүйрөп, тебелеп-тепсеген көрүнүштөр – АКШнын кийинчерээк Руандадагы сыяктуу кыргындарга кийлигишпей калуусунун башкы себептеринин бири болгонун белгилешет[41]. АКШнын Сомалидеги мурдагы атайын өкүлүнүн орун басары Уолтер Кларктын айтымында: «Сомалидеги кыргын АКШнын тышкы саясатын азыркыга чейин тынчсыздандырат. Руандадагы геноцидге реакция кылбай коюубуздун себеби – дагы бир жолу Сомалидеги сыяктуу кырдаалга аралашуудан коркуу болгон»[41]. АКШ ошол кездеги президенти Клинтон АКШ бийлигинин Руандадагы геноцидге каршы аракет көрбөй калуусун тышкы саясаттагы башкы кемчиликтеринин бири катары мүнөздөп: «Биз зомбулукту толук токтото алмак эмеспиз, бирок анын масштабын азайта алмакпыз. Мен өкүнөм» — деп билдирген[42]. Ал учурдагы Вашингтондун аракеттери АКШ жарандарын эвакуациялоого гана арналган.

Башка мамлекеттер жана уюмдар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Геноцид учурунда Израиль өлкөгө курал-жарак сатып турган, бирок 2016-жылы Жогорку сот бул тууралуу маалыматты ачыкка чыгарбоого чечимин чыгарган[43].

Рим-католик чиркөөсү геноцидди таанып, бирок аны уюштургандар дин кызматкерлери менен макулдашпай, өз алдынча аракеттенишкенин билдирген[44].

1999-жылдагы баяндамасында Human Rights Watch Ватиканды геноцидди айыптабаганы үчүн сынга алган[45]. Айрым дин кызматкерлери Руанда боюнча эл аралык трибуналга тартылып, аларга зомбулукка катышкан деген айып тагылган[44].

Көптөгөн дин кызматкерлери өз өмүрлөрүн тобокелге салып, тутсилерди коргоп калышкан[46].

Качкындар кризиси жана Конгонун аймагындагы куралдуу кагылышуулар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Китале шаарындагы качкындар лагери (1994)

Руанданын Патриоттук Фронту тарабынан өч алуудан кооптонгон , болжол менен эки миллион хуту улутунда адамдар коңшу өлкөлөргө, негизинен Заирге качып кетишкен. Качкындар жайгашкан лагерлеринде суу тартыш болуп, зарыл болгон инфраструктура дээрлик жок эле. 1994-жылдын июль айында бул лагерлерде он миңдеген адамдар холера жана башка жугуштуу оорулардын курмандыгы болушкан. Лагерлер БУУнун качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы тарабынан уюштурулган, бирок лагерди башкаруу мурдагы өкмөт мүчөлөрүнүн жана аскер жетекчилердин колунда болгон — алардын көпчүлүгү геноциддин уюштуруучулары катары белгилүү болгон жана мекенинде бийликти кайрадан алуу максатында куралдана башташкан.

1996-жылдын аягына карата хуту куралчан топтору Руанданын аймагына бат-бат чабуул коё башташкан, бул чабуулдардын натыйжасында РПФ аларга каршы күрөшүүгө мажбур болгон. РПФ Заирдеги Түштүк Киву провинциясындагы тутси жоокерлерин машыктырып, алар аркылуу өкмөттүк күчтөргө каршы согушуп жаткан козголоңчуларды колдогон. Кагаменин армиясы жергиликтүү тутсилер менен бирге, куралчан хуту топторун жок кылуу максатында хуту качкындары жайгашкан лагерлерге чабуул койгон. Бул чабуулдардын натыйжасында жүз миңдеген адамдар лагерлерден качып чыгышкан, алардын айрымдары мекенине кайтып келишсе, айрымдары Заирдин ички аймактарны кирип кетишкен.

Руанда менен Заирдин чек арасында кагылышуулар уланган, мында Руанданын түндүк-батышындагы провинциялардын калкынын көбүн түзгөн хутулардын колдоосу менен куралчан топтор активдүү иш алып барышкан. Бирок 1999-жылга карата пропагандалык кампаниялар жана куралдуу күчтөргө жергиликтүү хутуларды тартуу аракеттери көптөгөн хутулардын өкмөттүн тарабына өтүшүнө түрткү болуп, натыйжада куралдуу хуту топтору жеңилүүгө учураган.

Кагаме көздөгөн максаттардын дагы бири — Заирдин президенти Мобуту Сесе Секону бийликтен кулатуу болчу. Мобуту качкындардын арасындагы радикалдарды колдоп, заирлик тутсилерди куугунтуктаган деп айыпталган. Уганда менен Руанда ага каршы турган төрт оппозициялык кыймылдан турган альянсты колдоп чыккан. Бул альянстын башында Лоран-Дезире Кабила турган жана анын жетектөөсү менен биринчи конго согушу башталган. Козголоңчулар бат эле Түндүк жана Түштүк Кивуну басып алышкан жана Батыш тарапты көздөй жылган, начар уюшкан жана моралдык жактан начар өкмөттүк күчтөрдөн дээрлик каршылык көрүшкөн эмес. 1997-жылдын май айына чейин алар бүт Заирди көзөмөлгө алышкан. Мобуту өлкөдөн качып кеткен, ал эми Заир өлкөсү Демократиялык Конго Республикасы болуп аталган. Бирок 1998-жылы Кагаме Кабиланын өкмөтү менен пикир келишпестигин жарыялап, ага каршы чыккан жаңы козголоңду колдогон. Бул экинчи конго согушуна алып келген. Согуш 2003-жылы аяктап, миллиондогон адамдардын өмүрүн алып, чоң кыйроолорго алып келген. 2010-жылы жарыяланган БУУнун баяндамасында Руанданын куралдуу күчтөрү биринчи жана экинчи конго согуштары маалында адам укуктарын одоно бузуу жана адамзатка каршы кылмыштары үчүн айыпталган[47]. Руанданын өкмөтү бул айыптоолорду четке каккан[48].

Руандадагы абал

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
БУУ маалыматы боюнча 1961—2003 жж. Руанданын калкынын саны

Геноцид маалында Руанданын инфраструктурасы жана экономикасы олуттуу зыянга учураган: көптөгөн имараттар жараксыз абалга келген, ал эми мурунку бийлик качып кетерде кыймылдуу (унааларды) мүлктөрдүн бардыгын өздөрү менен алып кеткен. Өлкөнүн адам ресурстары да кыйраган — калктын 40 пайыздан ашыгы каза болгон же өлкөдөн качып кеткен. Көпчүлүк жарандар жакындарынан ажырап, терең психологиялык жаракат алышкан. Конфликт маалында жасалган зордук-зомбулуктардын узак мөөнөттүү кесепеттери катары коомдон обочолонуу, жыныстык жол менен жугуучу оорулар, зордукталгандан кийинки кош бойлуулуктар жана мындай кош бойлулукту аялдардын өз алдынча токтотууга аракет кылганы айтылат[49]. Поль Кагамеге баш ийген Руанданын патриоттук фронттунун күчтөрү Рунададагы мыйзамдуулукту калыбына келтирип жаткан мезгилде, жаңы өкмөт өлкөнүн экономикасын жана инфраструктурасын калыбына келтирүү аракеттерине басым жасаган[50].

Бара-бара Руандага өкмөттүк эмес уюмдар кайтып келе башташткан, бирок эл аралык коомчулук жаңы режимге колдоо көрсөткөн эмес, келгенгуманитардык жардам негизинен Заирдеги качкындар лагерлерине багытталган. Поль Кагаме өкмөт курамына хутуларды тартууга аракет кылып, жарандардын улуттун билдирген графаны расмий документтерден алып салууга буйрук берген жана хуту, тутси жана тва этносторунун ортосундагы айырмачылыктарды азайтууга умтулган[50]. Жарандык согуштун жүрүшүндө, өзгөчө акыркы айларында Руанданын Патриоттук Фронту геноцидге катыштыгы бар же аны колдогон деп айыпталган адамдарды жок кылуу аракеттерин жүргүзгөн, ошондой эле жакындарынан айрылган жергиликтүү тутси улутундагы жоокерлер өч алышкан. Бул «өч алуу» аракеттеринин масштабы жана ага ким жооптуу экени боюнча пикирлер ар түрдүү. Human Rights Watch жана Жерар Прюньенин баамында, согуштан кийинки зордук-зомбулуктун курмандыктарынын саны 100 000 адамга жетиши мүмкүн. Кээ бир маалыматтарга караганда, бул аракеттерге РПФ жетекчилиги каршы чыккан эмес же болбосо алар тарабынан уюштурулган болушу мүмкүн[51]. Кийинчерээк берген интервьюсунда Кагаме кээ бир өч алуу» максатындагы өлтүрүүлөрдүн болгондугун моюнуна алган, бирок жоопкерчиликти жеке аскерлерге жүктөп, бул зомбулукту көзөмөлдөө мүмкүн эмес болчу деген. Эл аралык коомчулуктун көңүлүн өзгөчө Кибехо шаарына жакын жайгашкан ички жер которгондордун лагериндеги кыргын бурган, анда БУУнун тынчтык миссиясынын курамындагы австралиялык аскерлердин айтымында, кеминде 4000 адам курман болгон[52]. Бирок расмий маалыматтарда лагерде 338 адам өлгөнү айтылган.

Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Гачача сотунун отуруму

1994-жылы Руандада болгон геноцидден кийин, адамзатка каршы кылмыштарга жана массалык өлтүрүүлөргө катышкан деген айып менен 120 000 ашуун киши камакка алынган. 1996-жылдын 30-августунда, 1990-жылдын 1-октябрынан бери жасалган мындай кылмыштарды соттук жол менен кароо тартибин белгилеген мыйзам жарыяланган, ал эми ошол жылдын декабрында алгачкы сот процесстери башталган. Геноцид жана жарандык согуш учурунда өлкөнүн укуктук системасы дээрлик толугу менен кыйраган. Мамлекеттик мекемелер, анын ичинде сот органдары ишин токтотуп, алардын кызматкерлери, соттору жана прокурорлору өлтүрүлгөн же качып кеткен. Мисалы, 750 соттордун ичинен 1997-жылга карата болгону 244 калган, калгандары же каза болуп, же өлкөнү таштап кетишкен. 1997-жылы өлкөдө боюнча болгону 50 гана жактоочу (адвокат) иштеген[53]. Бул шартта сот иштери өтө жай жүрүп, 2000-жылга чейин болгону 3343 иш каралган. Соттолгондордун 20% өлүм жазасы, 32% өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы берилсе, 20% акталган. Камактагыларга карата бардык иштерди карап чыгуу 200 жылга чейин созулушу мүмкүн экени эсептелген. Мындай абалды жеңилдетүү үчүн 2001-жылы иштерди коллективдуу караган Гачача (руанда тилинде gacaca) аттуу элдик сотторду түзүү тууралуу мыйзам кабыл алынган[54]. Бул соттор административдик деңгээлде түзүлүп, камактагылар боюнча иштерди тезирээк кароону максаттаган[55]. Алар 2002-жылдын 18-июнунда ишин баштап Гачача соттору 2012-жылы жабылганга чейин 1 миллионго жакын кылмыш ишин карап чыкканга үлгүргөн[56].

Гачача соттору көптөгөн сын-пикирлерге кабылган. Сотторду эл өзү шайлаган жана аларга кыска убакыттык даярдоо курстары өткөрүлгөн, бирок алардын юридикалык татаал иштерди карай алаарына шек жаралган. Кээ бир соттор геноцидге катышкан деген айыптардан улам кызматтан четтетилген. Көпчүлүк учурда айыпталуучуларда адвокат болбой, өкүмдү жогорку соттордо даттанууга мүмкүнчүлүк берилген эмес. Айрым күбөлөр коркутууга кабылганын билдиришкен. Ошондой эле, айрым байкоочулардын пикиринде, Гачача соттору РПФ партиясынын көзөмөлүндө болуп, РПФ тарабынан жасалган кылмыштар бул соттук отурумда каралган эмес[57].

Руанда боюнча эл аралык трибунал

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1994-жылдын 8-ноябрында Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Руандадагы жогорку даражалуу кызмат адамдарынын кылмыштарын иликтөө жана жазага тартуу үчүн Руанда боюнча Эл аралык трибуналын түзгөн. Бул органга «гуманитардык укуктун олуттуу бузулууларын» жасаган адамдарды соттоо милдети жүктөлгөн[58].

Танзаниялык адвокат, аз камсыз болгон айыпталуучуларды коргогон Крис Майна Питердин пикири боюнча, бул трибунал иш жүзүндө БУУ тарабынан түзүлгөн Югославия боюнча трибуналдын бөлүмү болгон. Экөөнүн ортосунда кадрдык жана административдик байланыштар, жалпы кызматтар болгон[58].

Трибунал өз ишин 2015-жылдын 31-декабрында аяктаган. Анын укуктук милдеттери Кылмыш трибуналдары үчүн эл аралык калдык механизми деп аталган жаңы түзүмгө өткөрүлгөн[59].

Геноцидди тануудан баш тартуу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2014-жылдын октябрь айында BBC Two телеканалында Руандадагы геноцид тууралуу документалдуу тасма көрсөтүлүп[60], анда РПФнын лидери Пол Кагаме өлкө президенти Жювеналь Хабьяримананын учагын атып түшүрүүгө катышы болушу мүмкүн деген божомол айтылган. Ошондой эле айрым америкалык изилдөөчүлөрдүн пикиринде, геноцидде каза болгондордун көпчүлүгүн тутсилар эмес, РПФ тарабынан өлтүрүлгөн хутулар түзгөнү көрсөтүлгөн[61]. Бул фильм илимий чөйрөнүн катуу сынына кабылып, Руанде киньяруанда тилиндеги BBC берүүлөрүнө тыюу салынган жана расмий иликтөө башталган[62][63][64]. Ошол эле жылдын ноябрында Арушадагы эл аралык трибуналда РПФ лидери президенттин учагын атып түшүрүүнү буйруган деп көрсөтмө берүүгө даярданып жаткан мурдагы руандалык аскер Найробиде белгисиз адамдар тарабынан уурдалган[65].

Руандада геноцидди жокко чыгаруу кылмыш жоопкерчилигине тартылуучу аракет болуп саналат[66]. Жүздөгөн руандалыктар «геноцид идеологиясын жайылтуу», «ревизионизм» жана массалык кыргынга байланыштуу башка беренелер боюнча айыпталып, соттолгон. Мисалы, «геноцидди кайра карап чыгуу жана башка тиешелүү кылмыштар» боюнча айыпталган 489 кишинин ичинен: 5 адам өмүр бою эркинен ажыратылган, дагы 5 адам 20 жылга кесилген, 211 адам 5тен 10 жылга чейин, 169 адам 5 жылдан аз мөөнөткө соттолгон[67].

Адам укуктарын коргоочу Amnesty International уюму Руанда бийлигин бул мыйзамдарды оппозициячыл пикирдеги адамдарды куугунтуктоо үчүн колдонууда деп айыптаган[67].

Геноциддин маданияттагы чагылдырылышы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Руандадагы геноцид тууралуу бир нече көркөм жана документалдуу фильмдер тартылган. Алардын айрымдары эл аралык деңгээлде таанылып, геноциддин масштабы жана адамзатка тийгизген терең таасири тууралуу дүйнө коомчулугуна эске салууну максат кылат:

  • «Hotel Rwanda» («Руанда мейманканасы»).
  • «Shooting Dogs» («Иттерди атуу»).
  • «Sometimes in April» («Апрель айынын бир күнүндө»).
  • «The Day God Walked Away» («Кудай бизди таштап кеткен күн»).
  • «Sunday in Kigali» («Кигалидеги жекшемби»).
  • «Shake Hands with the Devil» («Шайтан менен кол алышуу») — Ромео Даллердин ошол эле аталыштагы китебинин негизинде тартылган.
  • «Kinyarwanda».
  • «Trees of Peace» («Тынчтык дарактары»).
  • «Ezra» («Жамандык»).
  • «Black Earth Rising» («Кара жердин чыгышы») — сериалдык формада тартылган.
  • «A Brilliant Genocide» («Кереметтүү талкалангандар») — документалдуу тасма.
  • «Petit Pays» («Кичинекей өлкө») — ошол эле аталыштагы китептин негизинде.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кривушин. И. В. «Сто дней во власти безумия. Руандийский геноцид 1994 г». Эксмо. 2017. ISBN 978-5-699-99963-7
  • Гуревич Ф. «Мы вынуждены сообщить вам, что завтра нас и нашу семью убьют. Истории из Руанды». Высшая школа экономики. 2015. ISBN 978-5-7598-1129-9
  • Carl Wilkens. I’m not leaving. 2011. ISBN 978-1450780803
  • Жиль Куртманш. Воскресный день у бассейна в Кигали. Флюид/FreeFly. 2006. ISBN 5-98358-076-0
  1. The East Africa. Genocide against the Tutsi: It’s now official
  2. Милосердие. Хуту против тутси: за что убивали 10 000 человек в день
  3. The Guardian. It's so difficult to live with what we know
  4. Counting the Rwandan Victims of War and Genocide: Concluding Reflections
  5. ScienceOpen. More than a million: the politics of accounting for the dead of the Rwandan genocide
  6. ТАСС. Миллион жертв за 100 дней. 25 лет геноциду в Руанде
  7. Medium. Understanding the Rwandan Genocide — Key Facts, Figures, and the Historical Timeline
  8. Meduza. Покажите им, что такое ад
  9. 9.00 9.01 9.02 9.03 9.04 9.05 9.06 9.07 9.08 9.09 9.10 Как происходили изнасилования и массовая резня в руанде. Раскалённая Африка. Как хуту резали тутси на глазах миротворцев
  10. Encyclopædia Britannica. Berlin West Africa Conference
  11. Международный комитет Четвертого Интернационала. 140 лет со дня Берлинского конгресса: Новая борьба за Африку
  12. Новая газета. Хуту — тутсилэнд
  13. Republic. Послушали радио, взяли мачете и пошли убивать всей страной
  14. The Guardian. Milton Obote
  15. БУУ. Санариптик библиотека. Resolution 872 (1993) / adopted by the Security Council at its 3288th meeting, on 5 October 1993.
  16. 16.0 16.1 16.2 16.3 16.4 16.5 16.6 16.7 16.8 Prunier Gérard. The Rwanda crisis : history of a genocide
  17. International Criminal Tribunal for Rwanda. Prosecutor to Appeal Against Seromba’s Sentence
  18. International Criminal Tribunal for Rwanda. Catholic Priest Athanase Seromba Sentenced to Fifteen Years
  19. International Criminal Tribunal for Rwanda
  20. Robert M. Hayden. Rape and Rape Avoidance in Ethno-National Conflicts: Sexual Violence in Liminalized States
  21. Global Justice Center. Геноцид в Руанде: изнасилования и ВИЧ используются как оружие войны
  22. Кривушин Иван Владимирович. Женщины как объект геноцида
  23. SSRN. 'She Makes Me Ashamed to Be a Woman': The Genocide Conviction of Pauline Nyiramasuhuko, 2011
  24. 24.0 24.1 Human Rights Watch. Sexual Violence during the Rwandan Genocide and its Aftermath
  25. Helen Vesperini. No consensus on genocide death toll
  26. The New Times (Rwanda). Gen. Dallaire relieved by Gov. General’s remarks on genocide
  27. NPR. 'Hotel Rwanda' Manager: We've Failed To Learn From History
  28. PBS. Memories of Captain Mbaye Diagne
  29. БУУ Коопсуздук Кеңешинин 912 (1994) резолюциясы
  30. 30.0 30.1 Специальный доклад Генерального секретаря о миссии Организации Объединенных Наций по оказанию помощи Руанде
  31. Доклад Генерального секретаря о положении в Руанде
  32. United Nations. Rwanda-UNAMIR Background
  33. RFI. Twenty years after genocide France and Rwanda give different versions of history
  34. The Guardian. France's shame?
  35. BBC. French parliament inquiry into Rwandan genocide
  36. The New York Times. Panel Finds French Errors In Judgment On Rwanda
  37. BBC. France accused in Rwanda genocide
  38. The New York Times. Rwanda: French Accused in Genocide
  39. Reuters. Rwanda accuses France directly over '94 genocide
  40. The Guardian. US chose to ignore Rwandan genocide
  41. 41.0 41.1 PBS. Ambush in Mogadishu: Transcript
  42. The New York Times. Carving a Legacy of Giving (to His Party, Too)
  43. The Times of Israel. Records of Israeli arms sales during Rwandan genocide to remain sealed
  44. 44.0 44.1 Totten, Samuel; Bartrop, Paul Robert; Jacobs, Steven L. Dictionary of Genocide, Volume 2: M–Z. — Westport, CT: Greenwood Publishing Group, 2008. — ISBN 978-0-313-34644-6
  45. Des Forges, Alison. Leave None to Tell the Story: Genocide in Rwanda. — New York, NY: Human Rights Watch, 1999. — ISBN 1-56432-171-1
  46. Human Rights Watch. Leave None to Tell the Story: Genocide in Rwanda
  47. The Guardian. Delayed UN report links Rwanda to Congo genocide
  48. BBC. France issues Rwanda warrants
  49. The United States Holocaust Memorial Museum. Unity, Reconciliation, and Justice
  50. 50.0 50.1 The New York Times. Rwanda's Leaders Vow to Build a Multiparty State for Both Hutu and Tutsi
  51. Human Rights Watch. The Rwandan Patriotic Front
  52. Australian War Memorial. United Nations Assistance Mission for Rwanda (UNAMIR)
  53. African Studies Quarterly. After Arusha: Gacaca Justice in Post-Genocide Rwanda
  54. Tully, L. Danielle. Human Rights Compliance and the Gacaca Jurisdictions in Rwanda
  55. BBC. Rwanda still searching for justice
  56. American Society of International Law Insights. Rwanda’s Gacaca Courts: Implications for International Criminal Law and Transitional Justice
  57. Gacaca: Truth, Justice, and Reconciliation in Postconflict Rwanda?
  58. 58.0 58.1 Крис Майна Питер. Международный уголовный трибунал по Руанде: призвать убийц к ответу
  59. TACC. Международный трибунал по Руанде прекратил свое существование
  60. The Guardian. BBC should face criminal action over Rwanda documentary, says inquiry
  61. BBC. Rwanda MPs condemn BBC Untold Story programme on genocide
  62. The New Times. BBC probe team begins work tomorrow
  63. The Guardian. Rwanda bans BBC broadcasts over genocide documentary
  64. The New Times. BBC Genocide film: Protest letter by 38 international researchers and historians
  65. The Times. Soldier who accused Kagame of triggering genocide is abducted
  66. Reuters. Rwanda frees U.S. lawyer due to health, charges remain.
  67. 67.0 67.1 Amnesty International. Annual Report 2013. Rwanda

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]