Антон Рубинштейн

Википедия дан
Рубинштейн Антон Григорьевич‎»‎ барагынан багытталды)

Рубинштейн Антон Григорьевич [16 (28). 11. 1829, Россия империясы, Подольск губерниясы, Выхватинец кыштагы – 8 (20). 11. 1894, Петергоф] – орус пианисти, композитор, дирижёр, педагог жана музыкалык коомдук ишмер. Фортепьянодо ойногонду энесинен, кийин пианист А. И. Виллуандан үйрөнгөн. 10 жашында Москвада пианист катары эл алдына чыккан. 1840-ж. Европа өлкөлөрүндө, АКШда концерт берген. 1859-ж. Рубинштейндин демилгеси менен Орус музыкалык коому уюшулган. 1862-ж. Россиядагы эң алгачкы Петербург консерваториясын түзгөн. 1862–67, 1887–91-жылдары анын директору жана профессору (П. Чайковскийдин окутуучусу). Рубинштейн орус пианисттер мектебин негиздеген. Түрдүү жанрдагы чыгармаларды – 14 опера («Демон», «Дмитрий Донской», «Нерон» ж. б.), 6 симфония, ораториялар, музыкалык сүрөттөмөлөр («Иван Грозный», «Дон Кихот»), фантазия («Россия»), фортепьянолук чыгармалар, көп ыр, романстар жазган. Рубинштейндин демилгеси менен пианисттердин жана композиторлордун эл аралык конкурсу (Рубинштейн атындагы) уюштурулган (1890).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]