Рубрук, Рубруквис Виллем

Википедия дан

Рубрук, Рубруквис Виллем (1215-20-ж. аралыгында - 1293) - фламанд саякатчысы, кечил.

1253- 55-ж. француз королу Людовик IX Монголияга жиберген дипл. миссияны жетектеген. Рубрку Франциядан жөнөп, Константинополь, Палестина, Крым, Дон талааларын басып, азыркы Орто Азия аймагы аркылуу Борбордук Монголияга барган. 1254-ж. Каракорум шаарына жетип, Кавказ жана Кичи Азия аркылуу кайткан. Өзү барган аймактардын тарыхы, этнографиясы жана географиясы жөнүндө маалымат берген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.