Рудаки

Википедия дан

Рудаки фарсча: رودکی - Фарсы акындарынын устаты Абу Абдуллах Жафар ибн Мохаммад ибн Хаким ибн Абдаррахман ибн Адам - Рудаки деген ат менен дүйнөгө таанымал болгон. (858-жылы Рудак жергесинде жарык дүйнөгө кеип, 941-жылы Панжкентте каза болгон). Ал х.ж. IV кылымда Саманид доорундагы биринчи фарс тилинде жазган акын жана ошол эле замандагы Иран акындарынын устатын деп эсептелген. Рудакинин ырларында дүйнөдөгү туруксуздукту, убакытты баалай билгендикти, шатыра шатман, кубанычты жолуктура алабыз.

Ал Банож Рудак деген айылда (бүгүнкү Тажикстандын Панжкент) Нахшаб жана Самарканддын жанында жайгашкан Рудак жергесинде жарык дүйнѳгѳ келген. Рудаки фарсы тилинде ыр жараткан биринчи акын катары таанылган, анткени ага чейин фарсы тилинде жаралган ыр саптары жок болгону тууралуу Рудакинин замандашы Абу Хатем Рази араб-фарсы жазууларында эскерген. Ричард Фрей Рудаки пехлеви жазуусунан фарсы жазуусуна өткөндүгүнө салым кошкон деп ишенет. Рудакинин чыгармалары 1 миллион 300 миң бейттен жана 6 маснависи жана ар түрүү бейттердин бөлүктөрү, бир нече касыда, газал жана рубаилери сакталып калган. Рудакинин сактлып калган бейттеринин саны болжол менен 1047 деп маалымдашат.

Чыгармаларынын өзгөчөлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рудаки ырларын ошол замандагы фарсы классикалык адабияттында, башкача айтканда Хорасан стилинде жазган. Бул стилге таандык өзгөчөлүктөрдүн баарын толугу менен Рудакинин чфгармаларында көрсөтүлгөндүктөн, аны фарсы тилиндеги бул стилдин өкүлү катары эсептөөгө болот. Ал ырларын лирика түрүндө жазса да, арасына таалим тарибяны да кошуп жазган жана ар кандай дастандарды, эпосторду жакшы билгендиктен, анын баарын өз чыгармаларында чагылдырууга аракет кылган. Андан тышкары Рудакинин чыгармаларында баяндалган коомдун мейкиндигин, жашоо шартын жана абасына чейин аңдап түшүнүүгө болот. Рудаки лирикалык ырларында эпостон үзүндүлөрдү колдонгон, мындай ыкма менен ал өзүнүн ырларына болуп көрбөгөндө күчтү жана кооздукту тартуулай алган.

Ал ырларында салыштыруу ыкмасын чеберчилик менен колдонгон. Хорасан стилинде жазаган башка акындарга караганда Рудакинин ырлары жандуу жана жагымдуу болгон. Окурмандарга кандайдыр бир элести тартуулап, аларды жандуу кылып түшүндүрүү үчүн ал ырларын баяндаганда салыштырма ыкмасын колдонгонду жактырган. Анын чыгармаларын изилдеген Рудаки таануучулар төмөндөгүдөй жыйынтыкка келишкен, ал колдонгон салыштырмалардын көбү сезимден сезимге жана сезимден акылга өтүп, толугу менен же болбосо ийне жибине чейин салыштырууларды колдонгон.

Мактоо фарсы ырлардын мазмунунда көп кездешет. Рудаки Самарканди да бул мактоо, жамактоо ырларын көп колдонгон. Ал ырларын кооз, ылйыктуу жана туура келген, элге түшүнүктүү жөнөкөй сөздөр менен ырдаган. Рудаки менен көптөгөн акындар айтыш мелдештерин акындык талантын, чыгармачылык жөндөмүн сыноо үчүн чыгышкан.

Өмүр баяны жана өлүмү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рудакинин Эмир Насер Саманинин хан сарайында аябагандай урмат сыйга ээ болуп, бак дөөлөткө, байлыкка бөлөнгөн. Рудаки чыгарган 100 000 бейтке жакын чыгармасынан тышкары музыка, котормо жана ырдоону абдан жактырган. Рудаки өмүрүнүн акыркы үч жылында эмирдин көз жаздымында калган. Ал ошол жылдарда өзү төрөлгөн Бонаж Рудак жерине катып келип, 941-жылы көз жумган. Ал эмир Саид Насер ибн Ахмад Исмаил, эмир Самани, Абуджафар Ахмад ибн Мохаммад ибн Халф ибн Лис, эмир Сафари, Макан Какинин уулу Сардар Делами жана Саманиддердин визири Хожа Абулфасл Баламинин жамакчысы болгон. Акыркы киши Рудакини “Калила жана Димнаны” жазганга шыктандырган. Рудаки Эмир Макандан мактоо ыры үчүн алынган белеги жөнүндө мындай деп айтат: Кырк миң дирхам тартуу кылды Хорасандын эмири Анын бештен бирин тартуу кылды Макандын да эмири Рудакинин Абдуллах деген уулу болгон. Ал көбүнчө өзүнүн өмүр баянын жазаарда уулунун атын жазуудан баштачу, ошол себептен ал Абдуллах деген ат менен белгилүү болуп калган.

Рудакинин акындык чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рудаки парсы адабиятындагы көп нерселердин баштапкысы болгоню. Ал аябай көп чыгармаларды жазган, бирок тилекке каршы бүгүнкү күндө анын айрым бөлүктөрү гана бизге жеткен. Шамс Гис Рази “Ал-мааджм фей мааиир” китебинде Рудакини рубаинин жаратуучусу деп билет. Ал Рудакинин акындык чыгармачылыгын күндөрдүн биринде жаңгак менен ойноп, өз чеберчилигине сүйүнө созолонто обон созуп шаттуу ырдап жаткан кичине бала Рудакинин үнүн уккан күндөн тарта билэрин айткан. Даулатшах Самарканди (IX-кылым) өзүнүн өзүнүн белгилүү өмүр баянында, ал кичине баланы Сафарилер династиясынын башчысы Йагуб Листин уулу деп билет. Ал эми акын өзү уккан ырдан таасир алып, шыктануу менен так ошол стилде акындык чыгармачылык жаратууга киришет. Ошентип эки бейттен турган чыгармалары рубаи аты менен таанымал болот. Кандай болбосо да Рудаки рубаи формасында жазган биринчи акын деп эсептелет.

Рудакинин музыкасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рудакинин өмүр баянында анын арфа черткени айтылган. Рудакинин акынчылыгы жана музыка жактан чеберчилиги абдан күчтүү болгондуктан анын жүрөктү элжиреткен күүсү, жүрөктүн түпкүрүнөн орун алган ырлары Абу Насер Саманиге абдан таасир берген. Рудакнин “Мульянды жытын шамал алып жеткирди(«بوی جوی مولیان») деген ырын уккан Абу Насер Самани бутуна чокой кийбей атына минип Гераттан Бухараны көздөй чаап жөнөгөн. Бул дастан Незами Арузинин “Чахар магале” (Төрт макала) деген китебинде төмөдөгүчө баяндалган: Бухарадан Гератка барган эмир Насер Саманиге (же башка бир эмир) Гераттын абасы абдан жагып кайрадан Бухара шаарына кайтып кеткиси келбей калат. Бухарага кайтууну улам бир жыл мезгилинен экинчисине чоюп отуруп, төрт жылга жакын өзүнүн адамдары менен Гератта жүрөт. Бухараны сагынган эмирдин аскер башчылары ошол заманда эмир урматтап сыйлаган Рудакиден жардам сурап кайрылышат. Алар, эгерде ыр менен эмирди Бухарага кайтканга көндүрсө, алар 50 000 дерам сыйлык беришээрин айтышат. Рудаки Гераттын таза назик абасын калтырып кетүүгө эч бир акындык чеберчилик жардам бербесин жакшы билчү, андыктан Гераттын абасынан да назик ыр менен күү жаратыш керек деп ойлойт. Ошентип, “Мулиандын абасы” аттуу жүрөктү элжиреткен касыдасын чыгарат да, Эмир Самани эртең мененки тамагын ичкен соң, арфаны алып күү менен коштоп чыгарган ырын ырдай баштайт. Бул касыда эмирге ушунчалык таасир тийгизгендиктен, ал чокоюн кийбестен атка минет да Бухараны көздөй чаап жөнөйт. Ал эми анын аскерлери анын артынан чокоюн алып барышат. Эмир ал жерден эки чакырым алыска узап кеткенден кийин эстеп киет. Ошентип Рудаки эмирдин аскер башчыларынан элү ү миң дерам сыйлык алат. Ал касыда төмөндөгүдөй айтылат:

  • Алма-шактуу калың бактан келет Мулиан илеби,
  • Сулуу күтүп жаткандыгын сүйгөн жары билеби?
  • Дарыянын оргуштаган толкундарын карачы,
  • Алар – шалча төшөп койгон, табигаттын килеми.
  • Темин атты, кана, кеттик, терең эмес дарыя,
  • Ал тизеге араң жетет, коркпой сууга кирели!
  • Оо Бухара! Жыргап-кууна, кайтып келди падыша,
  • Сенин алтын кучагыңа – мамлекеттин тиреги.
  • Байтеректей заңкайса ал, алма-баксың мөмөлүү,
  • Гүл жыттанган алма-бакка терек кирет, бил эми!
  • Жаркыраган ал Ай болсо, сен-асмансың, асманга,
  • Ай суйкайып чыгып жатат, түндүн күткөн тилеги.
  • (Бул ыр саптары Кубанычбек Басылбековдун котормосунан.)
  • Рудакинин өзү чыгарган ырларын кубулжуган мукам үнү менен окуптуруу үчүн атайы дастанчы же ырчысы болгон, аны болжол менен “Маж” же “Мааж” деп аташкан. Ал эми Рудаки өзү аны “маж” деп эскерген. Бирок “Анжуман Араей Насери” сөздүгүндө ал “Мааж” аты менен катталган.

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Иран акындарга бай болгону менен Рудаки алардын арасында эң көп эмгектерди чыгарган акын катары эсептелет. Рашиди Самаркандинин айтымында, “Джами дар Бахарестан”, “Нежати ва Шейх Менини” авторлор “Хабиб ал-сеир” жана “Зейнат ал-Мажалес” жана “Маватехе Ал-Таварих”, Рудакинин бейттерин изилдешип бир миллиондон ашык деп табышкан, бирок алардын изилдөөлөрүндөгү беттердин саны бири биринен биртке айырма бар.

Калила жана Димна[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рудакинин эң негизги чыгармасы “Калила жана Димна” эсептелет. Андан сырткары бизге үч чоң маснависи калган жана ырларынын бир нечесинен башкасы сакталып калган эмес. “Калила жана Димна” чыгармасы Сасаниддер доорунда Бозоргмихрдин буйругу менен Табиб Бурзуе тарабынан хинди тилинен орто фарсы тилине которулган жана бул дастан айбанаттардын тилин чечмелеген чыгарма. Белгилүү жазуучу Мукаффа Ислам пайда болгондон кийин бул чыгарманы араб тилине которгон жана ошол эле чыгарма Рудаки аркылуу фарсы-пехлеви тилине ыр формасында пайда болгон. Газневинин замандашы Насраллах Монши Бахрам шах VI-кылымда Мукаффанын котормосун фарсы прозасында тараткан. Рудаки жазган “Калила жана Димнада” дастаны “Шахнаме” чыгармасында да чагылдырылыган. Шейх Бахаи өзүнүн “Кашкул” деген китебинде Рудакинин “Калила жана Димна” чыгармасы 12 миң бейттен турат деген.

Синбаднаме[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рудакинин дагы бир маанилүү чыгармаларынын бири “Синбаднаме”. Бул китеп негизинен Индияда жаралаган жана Сасаниддердин доорунда Иранга келип, андан соң араб жана европанын адабиятына тараган. Саманилердин доорунда “Синбаднаме” чыгармасы Ной ибн Насер Саманинин буйругу менен фарсы тилине которулган. Бүгүнкү күндө “Синбаднаме” чыгармасынан жалгыз гана Самаркандинин китебинин оңдоосу колубузда калган. Анын асыл нускасын Абулфаварес Ганазари жазган. Германиялык белгилүү Чыгыш таануучу Паул Герндин изилдөөсүнүн негизинде “Синбад-наме” Рудакиге таандык деген.

Лирикалык ырлар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рудакинин лирикалык чыгармаларынын көбү рубаилерден жана газалдардан турат. Анын ырларында ар бир көз ирмеминди баалай билүү, жашоону шатыра шатман, көңүл ачуу менен өткөрүү темасы улам кайталанат. Анын ырлары Хорас, Анакярун жана Абунавас акындардын ырларына окшош. Чындыгында ал Апикурдан башталып Ирандагы Рудакиге жетип, андан Хафиз менен Хайям акындарына жеткен. Шарап жөнүдөгү ырлары Абуневистин ырларына абдан окшош. Шарап-ырларында жана жаратылышты сүрѳттѳгѳн ырларында дүйнөнүн кооздугун абдан чебердик менен баяндаган. Анын өтө жогорку деңкээлдеги акындык чеберчилиги өзүнөн кийинки акындарга өтө зор таасир бергендиктен, анын чыгармаларын андан кийинки акындардын чыгармаларынан да тапууга болот. Анын чыгармачылык ийгилигинин негизги ачкычы анын чыгармачылыктагы аябай биийик көркөм сезимдүү сүрөттөөсү, так жана назик салыштуруусу болуп саналат. Мындай чебердик менен салыштыруусу жана жаратылышты ар түрдүү түстөр менен өтө кооз сүрөттөп чагылдырганы Манучехер жана башка акындарды табиятка жакындатын, чыгармачылык шыгтарын күчтөнткөн.

Одалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Персияда биринчи ода Мохаммад Сагзи жана Басом Корд тарабынан Систанда жаралганы Йагуб Листтин одасында жазылган. Рудаки башка акындардай эле шахтын жана анын жанындагы башчыларга ода айтып турган. Анын көбүнчө одалары касыда түрүндө жазылган. Кээде касыдаларынын акырында мактоолор жазылып, ода чыгарган, кээде тескерисинче касыдасын башчыларды мактоо сөзү менен баштаган. Анын эң белгилүү жана атактуу одасы Систандын эмирине Абуджафар Ахмад ибн Мохаммадга арналып жазылган. Рудакинин одалардан тышкары сатираларды да жазган. Алардын саны анча деле көп эмес. Одаларын абдан аша чаппай орточо жазган, анын одаларынан эки жүздүүлүк же кошоматчылыкты табууга мүмкүн эмес. Анын белгилүү эки одасы Шахид Балхи жана Хожа Моради арнап жазылган жана эл ичинде кеңири тараган. Кесае Марузи, Фирдоуси жана Насер Хосров сыяктуу акындардын ырларындай эле Рудакинин да ырларында насыят, үгүт ж.б. таалим тарбиялык касиет кездешет. Рудаки чыгармаларынын көбүндө насыят айтуу, акылдуулукка жана дүйнө таанып, билимдүү болууга чакырат.

Көзү азиз Рудаки[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мохаммад Авафи сыяктуу кээ бир жазуучулар “Лиаб ал-Лиаб” Рудакини тубаса көзү азиз деп эсептешкен. Андан тышкары илгерки булактарда Рудакини “акме” деп аташкан.(“акме” – деп тубаса (төрөлгөндөн эле) сокур кишилерди айтышчы). Башкалар анын сокурчулугу жөнүндө эч кандай үн катышпайт. Самани “Аланасб” китебинде же Незами Арузи “Чахар магала” (Төрт макала) жана “Систандын тарыхында” жана башка булактарда Рудакинин көзү көргөн адам экени далилденген ырлар калган. Ал эми анын жаздын табигатын ушунчалык түркүн түстүү кылып баяндагандыктан, аны сокур акын баяндаганына ишене албайсың. Мани Патагдын баласы өзүнүн китебинде (тилекке каршы бизге жетпеген) далилденген өз көзү менен жаратылышты көрбөгөн адам ушунчалык түстүү аны баяндай албайт деп жазган. Жогоруда айтылган далилдер үчүн ирандык илимпоз Мохаммад ибн Омар Нежати “Бесатин Ал-Фезала” китебинде берилген пикирге кошулуп, Рудаки өмүрүнүн акырында гана сокур болгон деген тыянак чыгарган. Бирок Рудакинин ырлары менен Башар ибн Берад деген сокур акындын ырларын салыштырганда эч кандай сокурчулукка каршы нерсе жок экен деп Алзуман Фарузанфар изилдеп чыккан (Башар ибн Берад араб тилде ыр чыгарган Шубиа акыны). Саид Нафисинин акыркы изилдөөсү боюнча Рудакинин тубаса сокур деген пикири туура эмес. Рудаки өзү да бизге жеткен бир да ырында өзүнүн тубаса азиздиги жөнүндө бир да ишара кылган эмес. Ал өмүрүнүн акыркы жылдарында эле, мисалы “Калила жана Димна” жазып жатканда (бүгүн ал чыгарма жок) көзү көрбөй калышы ыктымал. Бул маалымат Фирдоусинин “Калила жана Димна” боюнча арызы менен жана изилдөѳчүүлөрдүн изилдөөлөрү менен туура келип, ырдагы салыштырылган элестер бир бирине төп келген.

Мүрзөсүн ачуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рудаки дүйнөдөн кайткан соң, 1940-жылы башкача айтканда 1000 жыл мурун перс-тажик адабияттын негиздөөчүсү Садрадин Айни, “Самарканддын тарыхы” китебинде жазылган маалыматтардан улам Рудакинин күмбөзүн табам деп ойлогон. Акыры ал көптөгөн тарыхый маалыматтарды изилдеп Рудакинин күмбөзүн байыркы Панжруддун көрүстөнүндөн тапкан. 1965-жылы Герасимов жетектеген орус археологдордун тобу Рудакинин күмбөзүн ачышкан. Герасимов өзү скульптор болгон. Алар Рудакинин сөөгүн жана анын ырларын изилдеген соң анын жүзүн калыбына келтиришкен. Изилдөөлдүн негизинде аны атайын сокур кылышкан б.а. көздөрү өрт же чок менен күйгүзүлгөн деген натыйжага келишкен. Мындай жыйынтыкты ал каза болгонго чейинки денесиндеги сөөктөрдүн сыныгы тастыктайт.

Рудаки фарс адабиятында[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рудаки фарсы адабиятынын атасы деп эсептелет. Ага чейин да фарсча ырлар жазылган, бирок Рудакинин ырлары абдан күчтүү болуп фарсы адабиятынын өсүп өнүгүшүнүн башталышы болгон. Ричард Фрай айтымында Рудаки пехлеви жазуусунан фарсы жазуусуна өтүүдө чоң салым кошкон. Ал эми Рудакинин чыгармалары Фарсы булактарында байма байт кездешкендиктен, анын ырларын атайы жыйнак кылып “Диван” деген ат менен чыгарылган. Ирандын акындары Рудакинин ырынын стилинде өз ырларын жазып аны өзүнүн кепилдегине колдонушкан. Иран акындары аны абдан урматтап сыйлап, бири да аны сынга алышкан эмес. Ал фарси ырларын араб тилинен бөлүп, жаңы стиль жана ыкма менен фарсы тилинде чыгарып, ар кандай ыкмаларды колдонуу менен котормолорду, таалим-тарбия ырларды, одаларды жазганга салым кошуп, фарсы ырларынын гүлдөп өсүүсүнө бедел болгон. Рудакинин ырларына кепилденген акындардын арасында Азаири Рази, Осман Мухтари, Сузани Самарканди, Фарохи Систани, Маази Нишапури, Хагани Шервани, Абу Саид Абулкхейр, Муляна Жалал адин Балхи жана Хафез. Моулави да көбүн эсе Рудакинин ырларын жактырып, чыгармаларын анын стилине окшоштуруп жазган. Алардын арасында мааниси абдан зор кошок ырын айтса болот. Рудаки Хафиздин аң сезимине жана чыгармачылык лирикасына чоң таасир тийгизген. Хафиздин ырларында Рудакинин стили, пикири жеңил жана кеңири колдонулган. Хожа Хафиз Ширазинин өтө жогорку деңгээлде айтылган ырларынын бири VIII-кылымдагы басып алуу жөнүндөгү ыр жана ал басып алуучу Тимур болуусу ыктымал. Хафиз Рудакинин ырын айтып, башкаларга кайратуу, адилет болууга чакырат.

Абулфазл Беалами жана Рудаки[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги аңгеме: Рудакинин жана Абулфазл Баламинин мамилеси. Рудаки менен Абулфазл Балами бир бирин аябай сыйлап урматташкан. Абулфазл айткан: “Араптардын да фарстардын да арасында Рудакидей таанымал эч ким жок”. Рудаки ага ода чыгарып, атагын дүйнө элине жтекизип, ан үчүн сыйлык алган.

Рудакини эскерүү кечелери жана анын дүйнөлүк орду[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рудаки фарси классикалык ырларынын атасы катары дүйнө жүзүнө таанылган. Анын таалим-тарбия лирикасы көптөгөн чоңдорго жол ачкан андыктан азыркы тапта да Рудакини эскерүү кечелереи дүйнөнүн бардык бурчтарында салтанаттуу өткөрүлүп келет. Алсак, 2008-жылы өткөн эскерүү кечелердин биринде Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мун, белгилүү дүйнөлүк маданияттын ишмерлеринин, ЮНЕСКОнун өкүлдөрүнүн жана бардык өлкөлөрдүн элчилеринин алдында Рудакинин лирикасы жөнүндө мындай деген: “Рудакинин чыгармаларын дүйнөдөгү биримдиктин негизи десек болот, анткени ал жакшылыктын жана адилеттин акыны болгон”. Жыл сайын ЮНЕСКО өзүнө өкүл өлкөлөрдөн ал өлкөлөрдөгү төбөлдөрдүн жана каада салттарынн өткөзүү жөнүндө сунуштарды талап кылып, ага карата тийиштүү иш чараларды өткөрүүгө аракеттерди кылып келет. Андан тышкары, 2008-жылдын ноябрь айында Маданий мурастар, кол өнөрчүлүк жана туризм уюму, Рудакинин маданий фонду жана ЮНЕСКО биригип Тегеран шаарында Рудакини эскерүү аземин, жергиликтүү жана чет өлкөлүк меймандардын катышуусу менен өткөргөн, ал эми бур аземдин чет өлкөлүк меймандары көбүнчөсү Индия, Оганстан, Тажикстан, Франция, Узбекстан, Кыргызстан жана Казакстандан болгон. 1955-жылы Тажикстанда Рудакинин 1100-чү туулган күнүн өткөрүшкөн. Ал эми Рудакини таануучулар деп Брагинский, Семенов, Садр адин Айни, Саид Нафиси, Мохаммад Али Форуги, Мохаммад Шокуров и Ричард Фрейлерди айтсак болот. Рудакинин аты Меркурий жылдыздын кратерине коюлган.

Рудакинин күмбөзү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рудакини күмбөзү Садрадин Айни изилдөөлөрүнүн жана “Самарканддын тарыхы” китебиндеги далилдердин негизинде ХХ-кылымдын ортосунда табылган. Сөөгү табылгандан кийин анын сокур экени далилденген. Ал жерге Атордун мавзолейине окшогон күмбөз коюлган жана азыркы убакта ал Тажик Республикасындагы Душанбе шаарынан 170 чакырым аралыкта жайгашкан Панжрудак деген айылда орун алган. Күмбөздүн формасы сегиз бурчтук, үстү жарым шарга окшоп тоголок. Аталган күмбөздү зыйнаттоо үчүн Таджикстандын маданият министри Хорасан Резави областтык Ирандын маданият мурастары жана туризм уюмунан атайы чебер усаталарды чакырган. Алар Рудакинин жүз квадраттык метр күмбөзүн фируз асыл ташы менен кооздошкон.

Рудаки боюнча аткарылган изилдөөлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Айни жана Семенов. Устат Рудаки. ( фарсы жана ланын тилинде), Сталинабад, 1940-жылы.
  • Рудаки (орусча) И.С. Брагинскийди кириш сөзү менен, Державиндин котормосу, Сталинабад 1955-жылы.
  • M. Занд “Устат Рудаки акынчылык кылымдардын төбөлү” (фарс жана кирилица тамгасы менен) Сталинабад, 1957.
  • Рудакинин замандаштарынын поэзиясы, (тажик жана фарсы тилдеринде), Абдалгани Мирзаифтин жеьекчилиги менен, Сталинабад 1958-жылы.
  • Абдалгани Мирзаиф, Рудакинин чыгармаларындаг фольклорду үлгүлөрү, (тажик жана фарсы тилдеринде), Сталинабад 1958 ж.
  • Мирзаиф, “Рудаки жана Х-ХV кылымдагы газелдин өнүгүүсү”, (тажик жана фарсы тилдеринде), Сталинабад 1957 ж.
  • Гиляни. “Рудаки жана ага замандаш акындар”, Тегеран, “Могуфат Афшар” басма, 1991-ж.
  • Хамайун Фард, Рудаки библиотграфиясы, Илимий документердин борбору, Тегеран 1986- ж.
  • Хамид Заринкуб, Рудакинин ырларынын элементери, Мешхед шаарын Фирдоуси университети, 1976- ж., 45номери
  • Минуи: Бурзуе Хаким жана Рудаки акын фарс тилинин обзору. Машхад шаарын Фердоуси университеттин, 1971-жылы, 28номери.
  • Минуи, “Рудакинин Калила жана Димна дастанында Ирандын маданияты”, 1957- жылы, 5номери
  • Нушахи, Рудаки Самаркандинин эки илгерки фарс нускадан жаңы таабылган ырлар, Мах адабият китеби, 2010 ж. март - № 161)
  • Маджид Мансури, Рудаки Самаргандинин кээ бир сап ырлары жөнүндө, Бостан-е-Адаб, күз 2011 ж. - № 9.
  • Гахрамани Могбель. Рудаки Самаргандинин ырларынын кол жазмаларынын нускасы боюнча 6 саптын оңдоосу, 4 май 2009 ж. – 67 номери.
  • Садеги и Бигдели. Рудакинин ырларындагы ой толгоо менен тилдин байланышы, Фарс тилин жана адабиятын изилдөө (Исфахан университети), жай 2009 ж.– 2номери.
  • Садег Басири. Рудакинин адабияты жана ой-пикиринин сыйкыры, Фарс тилин жана адабиятын изилдөө (Исфахан университети) 2009 ж. –2 номери.
  • Ага-Хоссейни жана Асра-аль-Садат Ахмади. Рудакинин акынчылыгын таану, Фрасы тили жана адабитяты (Исфахан университети, 2009 ж.
  • Сиаги : “Рудаки ... Көзү азиз акын, көрөгөч жан дүйнө”, Негин, 1973-ж. - № 99).
  • Сперхам, ”Рудакинин ырларынын музыкасы”, “Забан ва адаб” 2009 - № 39.
  • Данешзаде. “Рудаки жана психология” 2009 ж -№ 59.
  • Амраи, Рудакинин чыгармаларында газелдин орду, Кайхан Фарханги, 2009 ж. - № 280 жана 281.
  • Махбуби. “Рудаки, фарсы тилинин жана маданиятынын кайра жандантыруучусу” Басма: ”Кетаб мах адабият”. 2008 ж. - № 131.
  • Ахмаднежад. “Рудакинин азиздиги жана анын ырларындагы түстүү баяндоолор” . 2008 ж. - № 131.
  • Мохаммадтаги стиль. “Жүрөк стили. Рудакинин ырларындагы адабий көркөм сүрөттөөлөр”. 2008 ж. - № 131.
  • Фарзад. “Рудакинин ырларынын уйкаштыгы, акылмандуулук жана алга карай умтулуу”, 1994 ж. -№ 7.
  • Мохаммади. “Рудаки «Ахарин Гусан тарих».Фердоуси, 2007 ж. - № 58, 59)
  • Нафиси. “Рудаки жөнүндө бир нече жаңы сөз”, Тегеран университети, 1959-ж.- №3,4.
  • Хемаи. “Рудаки жана рубаи жаратуу”, Тегеран университети, 1959-ж. - №3,4.
  • Мохаммади Афшар. “Рудаки, Ирандын эпостору, дастандары,үрп-адатары, изилдөөлөр” 2008 - №14

Байланыштуу издөө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Рудаки жана Абулфазл Баламинин мамилеси.
  • Фарс адабиятынын тарыхы.
  • Фарс ырлары

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Растгор Фесаи. “Шиизмдин Атласы: иран мүнөзү фарс адабияттында моголдордун басып алуусуна чейин.” Басма: Шираз университети, 2005-ж. № 42
  • Фарс ырларынын 200,, жана 201 миң жылдыгына карата. Балдарды жана жаштарды тарбиялоо борбору, Тегеран, 1986-ж.
  • Исламдан Селжуктардын дооруна чейин Ирандын тарыхы. Кембридж университетинин изилдөөлөрү. Басма “Амир Кабир” Тегеран, 1984- ж. 529 б.
  • Рудаки Самаркандинин жыйнагы. С. Нафиси жана И. Брагинский нускасы боюнча. Басма: “Негах” экинчи чыгаруу, 2000-ж., 34 б.
  • Хосрови. “Рудакинин ырларынын стили”. Басма “Фарс тили жана адабияты”,2010- ж., 67-95 бет.
  • Бабасафари. “Эпос Рудакинин чыгармаларында”. 2009-ж. 49 б. .
  • Ибрахим Табарбура. “Элестерди салыштыруу Рудакинин чыгармаларында”. 2010-ж. 77-102 бб.
  • Махмуди. “Рудакинин ырларындагы атактуу инсандар”. Басма “Фарс тили жана адабияты”. 2000-ж. 113-122 бб.
  • С. Нафиси.“Рудакинин өмүр баяны жана чыгармачылыгы”. Тегеран, 2000-ж. 411 б.
  • Маалымат агенствосу (IBNA). Эл аралык Рудакиге арналган кечелериди өткөрүү.
  • Дабирсиаги. “Перс ырларындагы алгачкы акындар”. Маданий жана илимий басма. 18-19 б.
  • Шамс Гиз Рази. “Алмаажам”. Тегеран университети, 112-114 бб. *Незами Арузи. “Чехармагале” (Төрт макала). Басма “Седаи Моасер”, Тегеран ш. 53-55 б.
  • С.Нафиси” Рудаки Самаркандинин жыйнагы”.Басма “Негах”, 19 б. *С.Нафиси” Рудаки Самаркандинин жыйнагы”.Басма “Негах”, 23 б.
  • “Ирандын тарыхы Исламдан Селжуктардын дооруна чейин”. Кембридж университети.
  • С.Нафиси” Рудаки Самаркандинин жыйнагы”.Басма “Негах”, 28 б. .
  • А. Заринкуб. “Аз куче-е Рандан”. 67 б. .
  • “Систандын тарыхы”. 106-107 бб. .
  • Доктор Херуви “Саманидтердин доору”.Тегеран, 2003- ж. 50 б. .
  • С.Нафиси” Рудаки Самаркандинин жыйнагы”.Басма “Негах”, 34-40 бб.
  • “Фарс ырында кыялдын сурнаи”. 335 б.
  • С.Нафиси” Рудаки Самаркандинин жыйнагы”.Басма “Негах”, 14-15 б.
  • Доктор Херуви “Саманидтердин доору”.Тегеран, 2003-ж. 300 б.
  • Хомаюнфар, М. Садег. “Рудаки боюнча библтография”. Илимий документердин борбору. Тегеран, 1986-ж., 220-221 бб.
  • С.Нафиси” Рудаки Самаркандинин жыйнагы”.Басма “Негах”, 42-53 бб.
  • А. Заринкуб. “Аз куче-е Рандан”. 67 б.
  • Риановости- маанилүү кабарлар.
  • ЮНЕСКОнун газал жана Рудакиге арнаган эки жылы
  • С.Нафиси” Рудаки Самаркандинин жыйнагы”.Басма “Негах”, 56 б. .

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Хатиб Рахбари. “Рудакинин тандалма чыгармалары”.
  • Сиаги. “Перс ырларынын алагчкы акындары”. Басма “Элми ва фарханги”.
  • Шагиа Кадани. “Перс ырындагы элестердин сурнайы”. Басма “Тил” 1971-ж.
  • Сафа. “Иран адабиятынын тарыхы”.
  • Нафиси. “Рудакинин өмүр баяны жана чыгармалары”.
  • Юсуфдахи. Касыда Моулиандын жытты мага жетти...
  • Юсуфи. “Бактылуу көздөр”.
  • “Саманид доору, иран илиминин алтын кылымы”. Херуви.

تاریخسامانیانعصرطلاییدانشدرایران،دکترجوادهروی،نشرامیرکبیر،تهران ۱۳۸۲

Сырткы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Видео 1976 ж. “Рудакинин ырлары” Иран Улуттук хору аркылуу.
  • Бетти калыбына келтирүү.
  • Рудакинин туулган күнүн өткөрүүдөгү сүрөттөр.