Рыбалкина Людмила Дмитриевна
Рыбалкина Людмила Дмитриевна (1. 1. 1932-жылы туулган, Россия, Челябинск облусу, Персицкий району, Бобровка кыштагы) – медицина илимдеринин доктору (1988), профессор (1991). Кыргыз Мамлекеттик Медицина институтунун (1956), аспирантурасын (1966) бүтүргөн. Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (2000). Төрөт үйүндө врач, башкы врачтын орун басары (1956-66). Кыргызстан Акушердик жана педиатрия Илимий изилдөө институтунда (ИИИ) бөлүм башчы (1966-80) Кыргыз Мамлекеттик Медицина институтунда ассистент, доцент, директордун орун басары (1980-97). 1997-жылдан Кыргызстан Акушердик жана педиатрия ИИИде илимий кеңешчи. Акушердик жана гинекология боюнча адис. 130дан ашык илимий эмгеги, анын ичинде 1 монография, 10 методикалык көрсөтмөлөрү бар. Эмг.: Программа охраны репродуктивного здоровья населения Кыргызской Республики (в соавторстве). Б., 1997; Состояние центральной и периферической гемодинамики при гестозах и принципы терапии гемодинамических нарушений (в соавторстве).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9