Рыбачье кум кени
Көрүнүш
Рыбачье кум кени Балыкчы кум кени Ысык-Көл облусунун Тоң районунда, Балыкчы шаарынан 3 км түштүк-батыш тарапта, Чүй д-нын боюнда. Кен аймагын антропоген мезгилинде пайда болгон аллювий чөкмөлөрү түзөт. Кум ири өлчөмдөгү линза сымал кум-шагыл катмарынын арасында жатат. Майда жана орто бүртүкчөлүү. Чопо кошундуларынын өлчөмү 1,7%, слюда 0,8%тен ашпайт. Кум табигый түрдө «500» маркасындагы бетонго, курулуш ылайына (шыбакка) жана жол курулушуна жарайт. Запасы В категориясы боюнча 1137 миң м3, С1–3921 миң м3.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7