Рыбачье 2 кум-шагыл кени
Көрүнүш
Рыбачье 2 кум-шагыл кени Көк-Мойнок кум-шагыл кени Ысык-Көл облусунун Тоң районунда, Балыкчы шаарынан 14 км түндүк-батышта, Чүй дарыясынын оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 1897 – 2000 м бийиктикте. 1984-ж. чалгындалган. Кен аймагы антропоген мезгилинде пайда болгон пролювий чөкмөлөрүнөн түзүлгөн. Иргелбеген койташ-шагыл-кум катмарынын калыңдыгы 7 мден 15 мге чейин өзгөрөт. Гранулометриялык курамы: 500–70 мм – 31%, 70–5 мм – 48%, 5 ммден майдасы – 21%. Кум-шагылды "300" маркадагы бетонду даярдоого жана жол курулушуна пайдаланууга болот. Запасы А+В+С1категориясы боюнча 1659 миң м3. 1997-жылга карата баланстагы запасы А – 68 миң м3, В – 387 миң м3, С1– 1060 миң м3, А+В+С1– 1 515 миң м3.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7