Рысалиева Кадича
Рысалиева Кадича — шырдакчы жана куракчы. 1939-ж. Кара-Буура районундагы Кара-Суу айылында төрөлгөн.
Орто билимдүү. Кыйла жылдары тамекичиликте эмгектенген. 1990-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Кадича узчулугун куракчылыктан баштаган. «Чий куракты», «каркыра куракты» бири бирине кыйыштыруу аркылуу туш кийиз, жаздык, куржун, жер төшөк, күзгү кап, текче (баштык) өңдүүлөрдү колунан арбын чыгарат. Анда алкүрөң, сары, кызгылт, көк түстөрдү ич ара жупташтыруу аркылуу курак табакчаларын майда алат, ал экинчи табакчага «көзчө» (аламончок) менен катыш жасайт. Уз шырдактарында айрыкча жашыл-кызыл түскө назар таштайт. Боёгун жакшы коруштайт. Ал четине таластыктарга мүнөздүү «жарым кыял оюмун» үзүл-кесилсиз берип, ак-карадан «аламычты» бычак учулап, төрт «мүйүз оюму» төрт табакчасы менен бир буюмдун ортолук оюмун түзвт. Ал «жолборс тырмак оюмун», «бадам оюмун» четтик оюмга арбын колдонот. Мында колтук оюмдары жарым кыялданып кетет. Уз көксары, кара өңдөрдү ич ара жупташтыруу аркылуу кийиз буюмдарын төп, так кармап, атайын кыз себин даярдаган. Андан кызы Гүлнар, келини Ажаркүл өңдүүлөр таалим алган. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1990 ж. Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу көргөзмөсү, Кийиз буюмдары менен катышкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0