Рысалиев Дамир Жусупбекович
Рысалиев Дамир Жусупбекович (1940-жылы туулган, Ош облусу, Кара-Кулжа району, Кара-Кулжа айылы) – медицина илимдеринин доктору (1998), профессор (2000). Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы (1982). Фрунзедеги медициналык окуу жайын (1959), Кыргыз Мамлекеттик Медицина институтун (1968) бүтүргөн. Ош облустук аптека башкармалыгында фармакология инспектору, мамлекеттик инспектор (1968–73), Ош. облустук санитария-эпидемиология станциясында бөлүм башчы, башкы врачтын орун басары (1973–1980), облустук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы (1980–85), ОшМУда кафедра башчысы (1985–99). 1999-жылдан декан. Саламаттык сактоо жана эпидемология боюнча адис. 70тен ашык илимий эмгеги, анын ичинде 3 монография, 1 ойлоп табуусу бар. Эмг.: Введение в бюджетно-страховую медицину (в соавторстве). Ош, 1993; Автоматизация систем расчета медико-статистических данных на основе математических моделирований (в соавторстве). Ош, 1997; Оптимизация системы управления здравоохранения. Ош, 2001.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9