Рысбекова Гүлжамал
Көрүнүш
Рысбекова Гүлжамал (25.9.1968-ж.т., Терек-Сай айылы) - финансы тамагынын көрүнүктүү ишмери, райондун ардактуу атуулу.
- Бишкек финансы-экономикалык техникумун (1991),
- Ош мамлекеттик университетин (2009) бүткөн.
- 1985-86-жылдары Каныш-Кыя совхозунда жумушчу, райондук мамлекеттик банкта катчы-машинистка,
- 1986-92-жылдары Каныш-Кыя агроөнөржай банкында бухгалтер,
- 1992-96-жылдары башкы бухгалтердин орун басары,
- 1996-97-жылдары Каныш-Кыя эсептешүү-сактык компаниясынын башкы бухгалтеринин милдетин аткаруучу,
- 1997-2001-жылдары башкы бухгалтер,
- 2001-15-жылдары Каныш-Кыя РСК банктын директору.
- Ардак грамоталар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6