Мукан Рыскулбеков

Википедия дан
Рыскулбеков, Мукан‎»‎ барагынан багытталды)
Рыскулбеков Мукан

Рыскулбеков Мукан-обончу, ырчы, киноактер Москва (Москва ) районунун Жарды-Суу(Бала Айылчы) айылында 1942-жылы 7-сентябрда туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин, М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынын аспаптар бөлүмүнүн баян классын, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн.

1965-жылы Советтик Армиянын катарында аскердик милдетти өтөп, жоокерлердин «Алые паруса» аттуу ыр-бий ансамблине катышып, музыкалык аспаптарда ойноп, ырдаган. СССРдин 50 жылдыгына карата Москвада өткөн Бүткүл Союздук аскердик фестивалга катышып, комузда Атайдын «Маш ботой», Айдараалынын «Көйрөң күү», Токтогулдун «Чоң кербез» аттуу күүлөрүн аткарып лауреат болгон. Армияда жүргөндө эле «Сапарлашыма», «Чолпонбай», «Көл кечи» аттуу ырларын жараткан.

1970–1972-жж. №17 кесипчилик-техникалык окуу жайында көркөм жетекчи, 1972–1976-жж. К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде ырчы, 1976–1978-жж. К.И.Скрябин атындагы Мамлекеттик айыл-чарба институтунда клуб башчысы, 1978–1980-жж. Кыргыз мамлекеттик куурчак театрында музыкант, 1983–1985-жж. Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинин ырчысы, ошол эле мезгилде айнек заводунун өздүк-көркөм чыгармачылыгынын көркөм жетекчиси, 1984–1985-жж. Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониянын «Наристе» ансамблинин ырчысы болуп иштеген.

Ал 200дөн ашуун обон чыгарган. Анын «Эсте энелер», «Келген жок», «Белгисиз жоокер», «Эне карайт Батышты» жана «Суусамыр», «Тоолор окшойт карыларга» ж.б. ырлары жалпы кыргыз элине тарап, Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып алынган. Ал Кыргыз мамлекеттик куурчак театрында коюлган «Жаңыл Мырза», «Алдар көсө» (режиссеру Б.Абдылдаев), «Эртең да жаңы жыл келээр» (реж. А.Дыйканбаев) аттуу оюндарга музыка, ал эми «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Көчө» аттуу көркөм фильмдерге «Издеп жүрөм», «Аппагым» ж.б. ырларын жазган. «Кыргызфильм» студиясы тарабынан тартылган «Ак кеме» фильминде Сейдакматтын, «Кызыл алма» фильминде Сүймөнкулдун жаш чагын, «Чынгызхан» фильминде генералдын ролдорун аткарган.

Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги уюштурган сынактардын жеңүүчүсү болгон жана ага «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамы берилген.

1988-жылы анын «Кубулжу ырларым», 2006-жылы «Мукандын мукам ырлары» аттуу обондуу ырлар жыйнактары жарык көргөн. Ал 2003-жылы «Ак тилек» аттуу ансамбль уюштуруп, ал ансамбль «Мукан элеси» деген ат менен анын ырдалбай калган ырларын жайылтуунун үстүндө эмгектенип келген.

Анын жаркын элесин түбөлүккө калтыруу үчүн анын ысмы Москва районундагы атайын музыкалык мектепке берилген.

Аткарылып жүргөн чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Аппагым» с . А.Жакыпбековдуку

«Бакыт кушум» с. Т.Юсуповдуку

«Белек» с. Г.Момунованыкы

«Бишкек шаарым» с. А.Абдылдаеваныкы

«Боогачынын ыры» с. А.Рыскуловдуку

«Досторума» с. М.Абылкасымованыкы

«Жаңыл Мырза» (баллада) с. Ж.Садыковдуку

«Жаш шофёр» с. Ү.Жумабаевдики

«Жаштыгым, сен кайда кеттиң?» с. А.Өмүркановдуку

«Издеп жүрөм» с. А.Жакыпбековдуку

«Кайдасың сен агажан» с. К.Урмамбетовдуку

«Келген жок» с. К.Маликовдуку

«Кечиккен кат» с. С.Эралиевдики

«Койгула кыздар, койгула» с. М.Өмүрзаковдуку

«Коштошуу вальсы» с. К.Урманбетовдуку

«Күтүү вальсы» с. К.Рысалиевдики

«Кыз Бурак» с. К.Мамбетакуновдуку

«Кытай кызына» с. Н.Алымбековдуку

«Музыка сыйкыры» с. Т.Шергазиевдики

«Өмүр шерик жалжалым» с. И.Мусавдики

«Өчпөгөн жылдыз» с. К.Мамбетакуновдуку

«О, махабат мени аяба» с. Б.Карагулованыкы

«Польканы бийлеп жаткан эльф кыз» Ш. Садыбакасовдуку (Э. Рауд версияны «Kui mõni tüdruk»)

«Сапарлашыма» с. У.Аманатовдуку

«Саргарган гүл» с. Т.Кожомбердиевдики

«Сөз» с. М.Рысбековдуку

«Сооротуу» с. К.Урманбетовдуку

«Суусамыр» с. Н.Исраиловдуку

«Тунгуч сүйүү» с. Ш.Дүйшеевдики

«Умай энем – бешигим» с. М.Акынбековдуку

«Фабрика кызы» с. Ж.Абдыкалыковдуку

«Чолпонбай» с. У.Аманатовдуку

«Чын эле мен сени таптымбы?» с. Ж.Алымовдуку

“Чабалекей” с. А. Чекировдуку

«Ынагым» с. Т.Тыныбековдуку

«Эсте, энелер» с. Н.Жүндүбаеваныкы скачат

«Кызкуумай» – күү.

Дисктери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Издеп жүрөм" – Г.Мамашева, "Көл кечи" – Э.Мойдунов. "Кыргыз ырларынын антологиясы", МОНО М 3035861 62 005.

Ноталуу китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кубулжу ырларым: Обондуу ырлар, 1988.

Мукандын мукам ырлары: Обондуу ырлар, 2006.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]