Рыскулбек уулу Дыйканбай

Википедия дан

Рыскулбек уулу Дыйканбай (1835—1885, Кашкат айылы (азыркы Карасуу)) — таанымал болуш.

1851-ж. атасы Нарбото уулу Рыскулбек дүйнөдөн кайткандан кийин анын ордуна болуш болот. Ал кыргыздын Шабдан, Байтик сыяктуу белгилүү инсандары менен байланышта болуп, элди сактап калуу максатында компромисттик саясат жүргүзүп, Кокон хандыгы, орус падышачылыгы менен дипломатиялык мамилелерди түзгөн.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5