Рыскулова, Айгуль Маратбековна

Википедия дан
Айгуль Рыскулова
Айгуль Рыскулова, 2020
Желек
Желек
КМШнын Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер комиссиясында Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү
желек
желек
Андан мурунку: Асанкожоева Зина Мукаевна
 
Туулган жери: Фрунзе шаары, Чүй областы, Кыргызстан, СССР
Билими: Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети, Эмгек жана социалдык мамилелер академиясы
 
Сыйлыктары:

Орусия Федерациясынын “Ардак грамотасы”

Айгуль Рыскулова (1964-жылы 23-ноябрда төрөлгөн, Фрунзе, Кыргыз ССРи, СССР) —2020-жылдын февраль айынан бери КМШнын Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер комиссиясында Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү. Буга чейин Айгүл Рыскулова эмгек жана социалдык өнүгүү министри, Социалдык фонддун төрагасынын биринчи орун басары, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси жана Бишкек шаарынын вице-мэри болуп иштеген.[1]

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айгүл Рыскулова Кыргыз Мамлекеттик Университетинин юридикалык факультетин 1983-жылы аяктаган. Ошондой эле 1995-жылы Москва шаарындагы Эмгек жана социалдык мамилелер академиясын “Эмгек экономисти” адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1982-1987-жылдары Аламүдүн райондук эл сотунун соттук отурумунун катчысы, андан кийин Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун кылмыш иштери боюнча улук катчысы болуп иштеген.

1989-жылы Айгүл Рыскулова Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун консультанты, ал эми 1990-жылы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун төрагасынын жардамчысы болгон.[2]

1995-1996-жылдары Бишкек шаарынын калкты иш менен камсыз кылуу башкы башкармалыгынын биринчи категориядагы юрист-консультанты, андан кийин Кыргызстандын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин курама-экономика бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

1997-жылы Бишкек шаардык социалдык коргоо башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп, андан кийин Кыргызстандын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине караштуу Калкты иш менен камсыз кылуу мамлекеттик департаментинин директору болуп дайындалган.

2003-жылы Айгүл Рыскулова Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аппаратынын жетекчиси болуп дайындалган. Ал эми 2005-жылы Кыргызстандын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган.

2006-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы болуп иштеген.

2007-жылдын 30-мартына чейин Айгүл Рыскулова КР Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымынын милдетин аткаруучу, Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы болуп дайындалган. 24-октябрдан тарта жаңы Конституциянын кабыл алынышына байланыштуу жана жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин кайрадан төрайымдын милдетин аткаруучу болгон.

2007-жылдын декабрынан 2009-жылдын октябрына чейин – Кыргызстандын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы. Ошондой эле 2009-2010-жылдары Кыргызстандын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри болуп иштеген.

2010-жылдын 14-июнунда Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында болгон окуяларда жабыркагандарга жана качкындарга жардам көрсөтүү маселелери боюнча Убактылуу өкмөттүн төрайымынын өкүлү болуп дайындалган.

2011-2012-жылдары Социалдык коргоо министри болгон. 2012-жылдын январынан августуна чейин Кыргызстандын Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

2012-жылдын май айынан август айына чейин – Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлигине караштуу “Ала-Тоо Финанс” микронасыя агенттигинин Байкоочу кеңешинин төрайымы.

2012-жылдын августунан сентябрына чейин – Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы. 2012-жылдын 18-сентябрында Айгүл Рыскулова бул кызматтан бошотулган.[3]

2014-2018-жылдары Бишкектин вице-мэри болуп иштеген. Ал маалда саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык-маданий блокту жетектеген. Кийинчерээк, 2021-жылдын март айында ал башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан кеткен. 2020-жылдын февраль айында Айгүл Рыскулова[4] КМШ Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер комиссиясында Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына келген.[5]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айгүл Рыскулова – 2-класстагы мамлекеттик кеңешчи.[6]

1999-жылы Айгүл Рыскулова Кыргызстандын Ардак грамотасы менен сыйланган.

2008-жылы Орусия Федерациясынын Федералдык миграция кызматынын медалы менен сыйланган.

2009-жылы Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин мүчөсү болгон.

2011-жылдын 5-мартында Кыргызстандын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген ишмер деген ардактуу наамга ээ болгон.

2011-жылдын 9-июнунда эл аралык, гуманитардык жана коомдук байланыштарды өнүктүрүүдөгү жигердүү ишмердиги үчүн Орусия Федерациясынын “Ардак грамотасы” менен сыйланган.

2011-жылдын 30-июнунда Айгүл Рыскулова Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун ордени менен сыйланган.

Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон өзгөчө салымы үчүн Бишкек пресс-клубу (БПК) ага “Кыргызстандын сыймыгы” атайын сыйлыгын ыйгарган.

Кызыктуу фактылар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айгүл Рыскулова “Рыноктук мамилелерге өтүү мезгилиндеги эмгек рыногунда мамлекеттин саясаты” китебинин автору.

Ал ошондой эле “Аялдар футбол лигасы” республикалык коомдук бирикмесинин президенти.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй-бүлөлүү, уулу бар.

Кошумча маалыматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://www.tuz.kg/news/2595_biografiia:_aygyl_maratbekovna_ryskylova.html
  2. https://who.ca-news.org/people:1099
  3. https://www.gov.kg/ru/post/s/rasporyazhenie-o-ryskulovoj-a-m-2
  4. https://ru.sputnik.kg/20200204/kyrgyzstan-ajgul-ryskulova-naznachenie-post-1046967129.html
  5. https://e-cis.info/page/3405/80530/
  6. https://www.vb.kg/doc/211520__ryskylova_aygyl_maratbekovna_.html