Рысмендеев, Акмат

Википедия дан

Рысмендеев Акмат (1891, азыркы Кочкор району, Шамшы кыш.-1966, Чүй району, Шамшы кыш.) - семетейчи.

Кедейдин үй-бүлөсүнөн. Окт, революциясына чейин жалчы, совет бийлиги орногондон кийин колхозчу болгон. 1930-жылдардын аягынан Кыргыз мамлекеттик филармониясьтада артист. Өмүрүнүн акырында Чүй районундагы «Шамшы» с-зунда иштеген. Рысмендеев - Сагынбай Орозбак уулунун шакирттеринин бири.

Андан 1939-47-ж. «Семетейдин» бир нече эпизоду («Семетейдин балалык чагы», 9461 сап ыр; «Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү», 30109 сап ыр ж. б.) кагазга түшүрүлгөн. Рысмендеев «Манастын» айрым эпизоддорун да жакшы айта билген. Буга кийин андан жазылын алынган «Алмамбет менен Сыргактын чалгынга барышы» (3761 сап ыр), «Көзкамандар окуясы» (5600 сап ыр, үзүндү түрүндө) деген эпизоддор күбө.

Рысмендеевдон жазылган материалдар Кыргыз ССР ИАнын Тил жана адабият институтунун кол жазмалар фондусунда сакталуу.

Ал материалдар Рысмендеевдин «Семетей» боюнча көркөм баасы жогорку өз вариантын түзгөнүн далилдейт. Анын айтуусунда «Үргөнчтө» деген ат менен «Семетейден» үзүндү өзүнчө китепче болуп (1941) жарык көргөн. «Семетей» боюнча жаздырган материалы «Манастын» кыскарта бириктирилген төрт томдугун чыгарууда толук пайдаланылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.