Кожобек Рыспаев

Википедия дан
Рыспаев, Кожобек Жайчыбекович‎»‎ барагынан багытталды)

Рысбаев Кожобек Жайчыбекович – Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты

Өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рыспаев Кожобек Жайчыбекович 1963-жылдын 25-январында Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында туулган.1981-1985 жылдары Фрунзе шаарынын советтик соода техникумунда окуган. 1981-1983-жылдары аскердик милдетин Афганистанда өтөгөн.1985-жылдан тартып советтик соода тармагында иш жолун баштаган. 1986-жылдын аягында Комфорт дүкөнүндө үй-курулуш бөлүмүнө ,башчы болуп дайындалган. 1992-1994 жылдары “Ооган” кичи ишкананын директору. 1996-2010 жылдары Афган согушунун ардагерлеринин Бишкек шаардык союзунун төрагасы болгон. 2005-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин экономика факультетин бүтүргөн. 2010-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. СССРдин Жогорку Президиумунун Грамотасы, Кыргыз Республикасынын Ардак Грамоталары, Кыргыз Республикасынын “Даңк” медалы, “За боевые заслуги” медалы жана он бештен ашык юбилейлик орден, медалдар менен сыйланган.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рыспаев Кожобек Джайчыбекович Кыргыз Республикасынын депутаты.

«Ар–Намыс» Фракциясынын мүчөсү.

Рыспаев Кожобек Джайчыбекович 1963-жылдын 25-январында Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында туулган.

1981-1985 жылдары Фрунзе шаарынын советтик соода техникумунда окуган.

1981-1983-жылдары аскердик милдетин Афганистанда өтөгөн.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1985-жылдан тартып советтик соода тармагында иш жолун баштаган.
1986-жылдын аягында Комфорт дүкөнүндө үй-курулуш бөлүмүнө заведующий болуп дайындалган.
1992-1994 жылдары “Ооган” кичи ишкананын директору болуп иштеген.
1996-2010 жылдары Афган согушунун ардагерлеринин Бишкек шаардык союзунун төрагасы болгон.
2005-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин экономика факультетин бүтүргөн.
2010-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
СССРдин Жогорку Президиумунун Грамотасы, Кыргыз Республикасынын Ардак Грамоталары, Кыргыз Республикасынын “Даңк” медалы, “За боевые заслуги” медалы жана он бештен ашык юбилейлик орден, медалдар менен сыйланган.

Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://www.kenesh.kg/Articles/493-RYSPAEV_Kozhobek_Dzhajchybekovich__Frakciya_ArNamys.aspx Archived 2011-08-09 at the Wayback Machine