Рыспаев Мүлкүбат
Көрүнүш
Рыспаев Мүлкүбат [1912 - 1964] - айыл чарба өндүрүшүнүн ишмери; колхоздоштурууга жигердүү катышкан дардан.
- 1930-33-ж. Токтогул районунда комсомолдук ячейканын жетекчиси,
- 1933-64-ж. Кызылтуу, Куйбышев, Толук, Сталин атындагы колхоздорду уюштурууга жигердүү катышып, аталган чарбаларда башкарма болуп иштеген.
- 1949-ж. Кызылтуу айылына 400 балага ылайыкталган мектеп салдырган. Атамекендик согуш, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери, медалдар менен сыйланган. Кызылтуу айылындагы мектепке, көчөгө жана Толук айылындагы алма багына анын ысмы берилген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5