Рыспеков Мелис
Көрүнүш
Рыспеков Мелис (20. 1. 1937-ж. туулган, Суусамыр кыштагы) - акын, орто билимдүү. 1955-ж. 1 май орто мектебин бүтүргөн.
Көп жылдар жылкычы болуп эмгектенген. Кийинчерээк «Заветы Ильича», «Энгельс» колхоздорунда жумушчу болуп жүрүп ардактуу эс алууга чыккан. «Көкөмерен» (2007) жана «Төө-Ашуу» (2008) деген ыр китептери жарык көргөн. Учурда ыр жазуу менен алектенип келет. Токтогон уруусунан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9