Мазмунга өтүү

Рыспеков Сүйүндүк

Википедия — ачык энциклопедия

Рыспеков Сүйүндүк (1950-92) Ат жабдыктарынын чебери. Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында төрөлгөн.

Колхоздо жардамчы малчы болуп эмгектенген. Бишкектеги көркөм окуу жайын бүтүргөн. 1980-87-жылдары «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин үйдөн узануучу чебери болгон. Алма-Ата шаарындагы ат жабдыктарын жасоо боюнча өнөрканада эки жылча узанып, «Казак ССРинин элдик чебери» деген наам алган. 1985-жылдагы жаштардын жана студенттердин Бүткүл дүйнөлүк II фестивалынын катышуучусу. 1990-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Сүйүндүк ээр сынпостойт. Өздүк узануусунда айрым зергердик өзгөчөлүктөрү баамдалат. Мында булгаарынын үстүнө ээрди коюп, каптоодо анын кашын өзүнчө, чарасын өзүнчө, капталдарын өзүнчө алат да, кара булгаарыга «прессте» (атайын калыпка коюп ысытуу аркылуу) көркөм оюм-чийим түшүрөт. Түшкөн кооздуктардын негизги элементтерин «кыял оюму» түзөт. Ээр сынпосунун четтерине ак кайыштан «араа тиш» келтирет. Анын «кыюулары» машина менен жүргүзүлөт. Ат жабдыктарын шөкөттөөдө, мисалы, куюшкандын кошундусундагы «сүзмөсүнө» (жүзмө) кадимки «кыял оюмун» металлга түшүрөт. Демек, куюшкандын кошундусу эки бөлүктөн турат. Уста үстүнө томпок шөкөт (металл топчу) жаткырат. Анда өзүнчө сайланган кооздук болот. Кошундунун эки канатындагы түшүрүлгөн «кыял оюмунан» улам зергер «чегелөө», «чапкылоо» салтын-наркын сактоону мыкты өздөштүргөндүгү көрүнөт. Устанын негизги узануу ыкмасы - «чапкылоо». Металлды өгөөлөө, чабуу, чегелөө, өзүнчө калыпка уруу, эшүү, чыйратуу сыяктууларды кармайт. Сүйүндүктүн атасы Рыспек өз учурунда оозго алынган уста болгон. Сүйүндүк малчылардын суроо-талаптарын эске алып, ат жабдыктарынын бүтүндөй түрүн өз бетинче сатууга чыгарууда. Ал азыр күмүш кармоонун ички сырларын да таасын өздөштүргөн. Казак агайындардан шири жана жыгач идиштерин жасоонун ыкмаларын үйрөнгөн. Уста уйдун чылгый терисинен көөкөр жасоо үчүн абалы өзүнүн калыбына түспөлүн келтирип, ага мүнөздүү оюм-чийим берип, аарынын чөбөгөсү менен малдын майына аралаштыра кайнатканда өзгөчө суюктук пайда болот. Мына ошону майлаганда ыштагандай кызып өңдүү түс жаралат. Ошондон кийин ыштыкка коёт. Сүйүндүк иниси Турсунбек экөө өнөктөш узанган.

Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1987 ж. «Казакстан элдик чеберлердин көргөзмөсү». Ат жабдыктары үчүн ЭЧЖРКнүн I даражадагы диплому; 1988 ж. Эл чыгармачылыгынын «Венгрия - Казакстан» аттуу көргөзмөсү; 1990-ж. «Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу көргөзмөсү». Ат жабдыктары жана зер буюмдары менен катышкан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0