Рычаг

Википедия дан

Рычаг – аз күч менен көп күчтү тең салмактап туруучу жөнөкөй механизм; кыймылсыз таянычтын айланасында айлануучу катуу нерсе. Рычагдын тең салмактуулук шарты төмөнкү барабардык менен аныкталат: F J.=F мында Fx жана F2 – аракет этүүчү күчтөр, жана 12 – Рычагдын таяныч чекитинен күч аракет этүүчү чекитке чейинки аралык же күчтүн ийини. Тен салмактуулуктун теориясын алгач Архимед түзүп, ал эми жалпы шартын француз механиги Р. П. Вариньон иштеп чыккан (1687). Эгерде таяныч чекити эки күч аракет этүүчү чекиттердин арасында жатса, 1-түрдөгү Рычаг, ал эми күчтөр таянычтын бир жагынан аракет этишсе, анда 2-түрдөгү Рычаг болот. Рычаг көбүнчө оор жүктөрдү көтөрүүдө, тараза жасоодо пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]