Рэлей толкундары
Көрүнүш
Рэлей толкундары – катуу нерседе анын узата эркин чегинде таралуучу жана тереңинде өчүүчү серпилгичтүү толкундар.
Мындай толкундардын болушун 1885-ж. Ж.У.Рэлей алдын ала айткан. Рэлей толкундарынын мисалдарына жер титирөөдө пайда болуучу жер бетиндеги толкундар, түрдүү тетиктердин жана материал үлгүлөрдүн беттик катмарын текшерүүдө колдонулуучу ультраүн толкундары кирет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0