Сабирдинов Айылчы
Сабирдинов Айылчы Жыгаччы. 1947-ж. Кочкор районувдагы Шамшы айылыңда төрөлгөн.
Бишкектеги № 19 элдик көркөм кол өнөрчүлүк кесипчилик-техникалык окуу жайын бүткөн. «Кыял> Бирикмесинин Ысык-Көл шаарындагы филиалында уста, орто мектептерде мугалим болуп иштеген. Айылчы жасаган төр алабакандын, бешиктин, чыгырыктын, телефон койгучтун үлгүлөрү жыгаччылыкка узануунун жаңычылы (новатору) катары жогору бааланып, көп нускаланууга мүмкүндүк алган. Ал жумуру жыгачты, чийди, фанераны бир мезгилде табында кургатып, үчөөнү бир буюмга эриш-аркак пайдаланат. Кооздуктун мыкты үлгүсүн таба билген. Алабаканынын жыгачын күрөң боёкко алат. Мында жыгач кир көтөрүмдүү болот, ага түшкөн көркөм оюмдардын ачык фонун берет. Ала бакандын муунак-муунактарына чебер ак чийден пилдин тишиндей кооздук ыйгарат. Илгичтерин (6-8) фанерадан жумуру жыгачка (тулкусуна) аштайт. Кара сыр аркылуу ага өздүк көркөмдүгүн «жарым кыял» кейпинде так, төп түшүрөт. Мындай үндөштүктөр, узануу стилдери автордун башка буюм-тайымдарында да даана билинет.
Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1982-ж. СССРдин 60 жылдыгына карата «Көркөм кол өнөрчүлөрдүн республикалык I кароо-сынагы». Салттуу жыгач буюмдары үчүн Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССРинин Ардак грамотасы; 1984-ж. Кыргыз ССРинин 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин республикалык II кароо-сынагы». Бешиги, ала баканы, чыгырыгы (балдар басуучу) үчүн Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин Ардас грамотасы; 1987-ж. Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын 60 жылдыгына карата “Элдик чеберлердин республикалык кароо-сынагы”. Жыгач үлгүлөрү, оюм түшкөн тешиги үчүн «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесинин Ардак грамотасы.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0