Сабыралы Абдукаримов

Википедия дан
Сабыралы Абдукаримов

Сабыралы Абдукаримов Таш-Көмүр шаарында 1963-жылы 20-июнда туулган. Акын. Эмгек жолун 1980-жылы Аксы районундагы «Жаңы-Турмуш» (азыркы «Аксы турмушу») гезитинде иштөөдөн баштаган. Кийин Фрунзе шаарындагы Кыргыз ССРинин Мамлекеттик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу комитетиндеги «Кыргызтелефильм» студиясында үн оператору, «Таш Көмүр жарчысы», «Нарын нуру» гезиттеринде атайын кабарчы, бөлүм башчы, Араван райондук «Достук» гезитинде жооптуу катчы, 1991-жылдан Кызыл-Кыя шаарындагы «Мезгил жарчысы» гезитинде башкы редактор, 2008-жылдан Ош шаарындагы «Үмүт нуру» коомдук адабий көркөм гезитинин башкы редактору болуп иштеп келет. 1979-жылы алгачкы «Тоолор» аттуу ыры «Аксы турмушу» гезитине жарыяланып, кийин ырлары облустук, республикалык гезиттерде, «Учкун» альманахында жарыяланган. 2006-жылы чыгармачыл жаштардын республикалык «Нурборбор» коомдук бирикмесинин Баткен облусу боюнча коомдук башталышта төрагасы болуп дайындалган. 2002-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде

  • Кош данек: Ырлар. – Таш көмүр басмаканасы, 1990. – 96 б.
  • Мамактан тамган махабат: Ырлар – Жалал-Абад шаардык басмаканасы, 2004. – 150 б.
  • Желедеги күн: Ырлар жана поэма. – Б.: Көкө Теңир, 2006. – 108 б.
  • Казань асманы: Ырлар жана поэма. – Ош шаардык басмаканасы, 2010. – 210 б.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Республикасынын жазуучулары / 2-том. Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) – Б.: 2011. – б. Түзүүчүлөр: А.Чекиров, Ө.Калыева.