Сабырова, Кундуз Жумадиловна

Википедия дан

Сабырова Кундуз Жумадиловна (1970 ж. Нарын ш.) - юридика илиминин доктору (2015), профессор (2020), Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин (КМЮА) жарандык жана үй-бүлөө укук кафедрасынын профессору.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетинде (1992 ж.), жана 2000 ж.  - финансы жана кредит адистиги боюнча окуган.  1994-ж. -1996-жылга чейин ИИМдин Академиясында окутуучу, ал эми 1995-2003-жылдары КМУУнун ага окутуучу болуп эмгектенген. 12.08.2003-жылы КР Президентинин №264 «КМЮАнын КУУнун базасында түзүү» жарлыгына ылайык кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо институтуна КМЮАнын доценттин м.а. болуп которулган. 2006-2008-жылдары КМЮАнын кафедрасынын башчысы, 2008-2010-жылдары КМЮАнын Ысык-Көл юридикалык институтунун директору, 2010-2011-жылдары КМЮАнын юстиция жана адвокатура факультетинин деканы болуп иштеген. 2011-жылдан баштап КМЮАнын жарандык жана үй-бүлө укук кафедрасынын профессору болуп иштеп келет.  

Кундуз Сабырова 2005-ж. кандидаттык диссертациясын, 2015-жылы - доктордук диссертациясын жактаган. 2012-ж. «Укук таануу» адистиги боюнча «доцент», 2020-ж. «профессор» окумуштуулук наамы ыйгарылган[1]. Укук жаатында 80ден ашуун илимий иштердин, 5 монографиянын, ошондой эле 5 окуу куралынын автору[2].

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин "Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги" төш белгиси менен сыйланган (2007-ж.)
  • «КМЮАнын эмгек сиңирген ишмери" медалы менен сыйланган (2013-ж.)
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинен ыраазычылык барагы берилген. (2017-ж.)
  • Кыргызстан аялдар Конгрессинин «Лидер» медалы менен сыйланган (2021-ж.).
  1. Кыргызстан. КГЮА // https://who.ca-news.org/people:18718?embed&pack=109
  2. Сабырова Кундуз Жумадиловна //https://ksla.kg/ksla_personal/sabyrova-kunduz-zhumadilovna/(жеткиликсиз шилтеме)