Мазмунга өтүү

Сагымбаев Токтогул

Википедия — ачык энциклопедия

Сагымбаев Токтогул - акын, котормочу жана журналист. Киров районунун Көк-Сай айылында 1942-жылы 5-январда туулган.

1958-жылы Көк-Сай айылында орто мектепти, 1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

Эмгек ишмердүүлүгүн Аксы районунда “Ленинчил жаш” мектебинде мугалим болуп иштөөдөн баштаган, андан кийин Киров районунун Грозный айылында орто мектепте мугалим, 1972-жылы Кыргыз телерадио комитетинин редактору, 1973–1976-жж. Кыргыз ССРинин ВДНХсынын башкы методисти, 1976-жылдан республикалык “Эл агартуу” журналынын башкы редакторунун орунбасары, 1986-жылдан ушул эле журналдын башкы редактору болуп азыркы мезгилге чейин эмгектенет. Ал – “Билим-Агартуу” басмасынын директору. Узак жылдар Мадалбеков Бакбуркан менен дос болгон.

Алгачкы ырлары “Кыргызстан пионери” гезитинде жана “Жаш Ленинчи” журналында жарыяланган.

Армян жомогунун негизиндеги радио пьесалары Кыргыз радиосунун Алтын казынасына киргизилген.

“Өр тарткан көч”, “Биздин Төлөбек” публицистикалары “Советтик Кыргызстан” гезитинде, көркөм чыгармалары мезгилдүү басылмаларда жарыяланган.

Ал Э.Хемингуэйдин “Чал жана деңиз” аңгемесин, грузин жазуучусу О.Чхеидзенин, А.Куприндин, А.Соломконун, К.Гаипназаровдун, М.Пришвиндин чыгармаларын, “Армян жомокторун” которуп, алар өзүнчө китеп болуп чыккан.

1988-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин грамотасы менен, 1978-жылы “Эл агартуунун отличниги” төш белгиси менен сыйланган.

1995-жылы «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер» наамы ыйгарылган.

1995-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун, 1976-жылдан Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун мүчөсү.

Куприн А.И. Аңгемелер. – Ф.: Адабият, 1990. – 143 б.

Эрте жаштагы балдар менен өткөрүлүүчү дидактикалык оюндар жана сабактар. – Ф.: Мектеп, 1989. – 172 б.

Армян жомоктору. – Ф.: Мектеп, 1983. – 70 б.

Крупская Н.К. Владимир Ильич Ленин: Аңгеме. – Ф.: Мектеп, 1985. – 16 б.

Соломко Р.Турмушпу? Кадимкидей: Повесттер /Котор.: Т.Сагымбаев, Б.Кузьменко. –

Ф.: Кыргызстан,1984. – 158 б.

Чхеидзе О. Көлөкөлөр: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 266 б.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]