Орозбак уулу Сагымбай

Википедия дан
Сагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)‎»‎ барагынан багытталды)
Орозбак уулу Сагымбай

Манасчы Сагынбай Орозбак уулу
Туулган датасы:

1868 жыл(1868)

Туулган жери:

Сары-Ой айылы

Өлгөн датасы:

1930 жыл(1930)

Жарандыгы:

 Орусия империясы

Ишмердүүлүгү:

акын, манасчы

Жанр:

поэзия, манас

Чыгармаларынын тилдери:

Кыргыз тили

Орозбак уулу Сагымбай (1867—1930) — улуу манасчы. Айткан "Манасы" кагаз бетине түшүрүлүп, чыгармачылык мурасына илимий изилденген баа берилип, "алп манасчы" наамына татыган манасчылардын бири.

Орозбак уулу Сагымбай айткан "Манас" жазылып алына баштаганда ал 55 жаш курагында болуп, манасчылык тажрыйбасы 40 жылга жетип, элдин сынынан өтүп, чыгармачылыгынын толук жетилип-бышып, кыл табында келген учуру болгон.

Сагымбай айткан "Манастын" эң негизги артыкчылыгы — анын бийик көркөмдүгү — эч бир талашсыз аксиома[1]. Сагымбайдын айтуусунда эң байыркы поэтикалык ыкмалар менен бирге — аллитерация, синтакстистик параллелизм, рефрен жана кийинки мезгилдерде пайда болгон ыкмаларды кезиктиребиз — татаал рифма, антитеза, метафора ж.б[2].

Орозбак уулу Сагымбайдын айткан "Манас" эпосунун сыры ички маңызында жатат. Сагымбайдын "Манасынан" байыркы орхон-енисейлик эстеликтеринин сюжеттик жана поэтикалык окшоштуктарды байкаса болот[3].

Сагымбайдын "Манасынын" дагы бир өзгөчөлүгү анын өз мезгилиндеги улуу манасчылардын дээрлик баардыгын угуп-көрүп,алардан сабак алып, улуу манасчылардан алгандарын өзүнүн чыгармачылык шыгы менен кайрадан иштеп чыгып,байыркы элдик поэзиянын мыкты үлгүлөрүн бизге жеткизе алгандыгында.

Көрүнүктүү "Манас" изилдөөчүлөрдүн бири К. Рахматуллин колдо болгон жана ошол кездерде көзү тирүү жомокчуну жакшы билген кары адамдардын берген маалыматтарына таянып: "Сагымбай ошол учурдагы чоң манасчылдардын дээрлик бардыгын угат. Ал Чоңбаш, Тыныбек, Найманбайларды гана эмес, Балык менен Келдибекти дагы угуп, үлгү алгандыгы туурасында айтышат. Келдибек Сагымбайга Манасты айттырып көрүп жактырат, бирок "обондон жетише элек экенсиң" — деп обонду, кол шилтөөнү башка кыймыл аракеттерди үйрөткөн экен — деп жазат[4].

Сагымбайдын "Манасынын" дагы бир баалуулугу — кыргыз элинин өткөндөгү көз караштарын, түшүнүктөрүн, үрп-адатын, турмуш-абалын изилдөөдө эң бай материал таба ала тургандыгында экендигин белгилүү "Манас" изилдөөчү Самар Мусаев белгилейт[5].

Сагынбайдын "Манасына" мүнөздүү көрүнүштөрдүн дагы бири — ислам дининин таасири. Сагымбай өзү беш маал намаз окуган, динге берилген адам болгон. Жеке жашоосундагы бул учур анын айткан вариантына да өз таасирин тийгизген.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орозбак уулу Сагынбай 1867-жылы Ысык-Көлдүн күңгөй тарабындагы Кабырга деген жерде туулган[6]. Бул дата манасчынын дүйнөдөн кайтаар жылы өзү "мен быйыл 63 жаштамын" деп айткан маалыматтын негизинде алынган. Бул маалымат кыргызча жыл сүрүштүрүү боюнча айтылгандыгын, андагы жыл саноо өзгөчөлүгүн эске алган учурда, манасчынын туулган жылы 1868-жыл болуп калат[7]. Ушуларды эске алуу менен биз дагы 1868-жылы туулгандыгы туура деген пикирге кошулабыз.

Теги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Теги жумгалдык саяк уруусунун мойнок уругунан. Атасы Орозбак өз мезгилин мыкты чоорчу-сурнайчыларынан болгон. Орозбактын сурнай тарткандыгы 1847-жылы болгон кыргыз-казак согушунда эскерилет. Орозбактын өз аты — Акеше. Атың начар экен деп, Орозбак ысымын Ормон хан койгон. Алгач Ормон ханга Орозбактын агасы Орозой келип турган. Аны жакын туугандары Кашкарга соодагерлерге сатып жибергенин жолдон билип калып, кайра качып, өз элине кайрылбастан Ормон ханга келип туруп калат. Бул кезде Акеше күрүчбек уругуна колго түшүп кетип, кул катары жүргөн. Орозойдун Ормон ханга токтогонун угуп жүргөн Акеше да агасынын үстүнө качып келип туруп калат. Алгач Ормон хандын кернейчиси Орозой болгон. Ал өлгөндөн кийин Орозобак Ормон хандын кернейчиси болуп калган. Сагымбай 12—13 жашка келгенде Орозобак 80 жашында дүйнөдөн кайтат. Сагымбайдын тайлары атбашылык азыктардан болгон. Чоң манасчы Келдибек Сагымбайдын жакын тайкелеринен болгон. Энеси атасы менен бир жылы өтөт.

Орозобактын эки уул, эки кызы болгон. Сагымбайдын улуу агасы Алишер дагы Манас айткан киши болгон. Экөөбүз жол талашсак болбойт деп агасы Манас айтканын токтотуп, Сагымбайга жол берген.

1881-жылы Орусия империясы Кулжаны Кытайга кайта бергендигине байланыштуу кээ бир кыргыз уруулары мурунку өз конуштарынан көчүрүлөт. Ушул саясаттан улам сарыбагыш уруусунун Эсенкул, Надырбек уруктары Ысык-Көлдөн Кочкорго сүрүлөт. Ормон хандын уулу Чаргындын айылына кирген Сагымбайдын үй-бүлөөсү дагы эл менен кошо 1862-ж. Кочкорго көчүп келишип азыркы "Ормон Хан" айылында отурукташып калышат.

Балалыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сагымбай 9-10 жашынан тартып 3-4 кыш катары менен молдодон окуган. Китепти окуганды билгендигине карабастан, кат жазууну өздөштурө алган эмес. Сагымбайдын жаш чагынан эле сөзгө шыктуу болуп, ыр курап айта койуп жүргөндүгү белгилүү. 1882 ж. Ысык-Көлдү тыштап кеткенге айласыз болгондо, 14 жашар манасчы Ысык-Көлдү кошуп ырдаган ырын "Сагымбайдын зары"(жеткиликсиз шилтеме) деген ат менен манасчынын өз оозунан 1889-жылы жазып алгандыгын тарыхчы Б. Солтоноев кабарлайт. Манасчынын акындык талантын аны менен узак жылдары катышып жүргөн Шапак манасчы белгилейт.

1887-ж. Сагымбайдын үй-бүлөөсү оокаттын айынан Чүй бооруна көчүп келишет. Ошондо Боролдойдун Кара-Булак деген жерине эккен эгинин куурай басып кеткенде Сагымбайдын чыгарган ырын(жеткиликсиз шилтеме) Б. Солтоноев жазып калган.

Сагымбай "Манасты Чүйдө жашап жүргөн жылдары айта баштаган. Бирок Ысык-Көлдүн көңгөйүндө жашап жүргөн бала курагында эле айыл аралап "Манас" айтып жүргөн Чоңбаштын (Нармантай) аткаруусун делөөрүп, ээрчип кетмекчи болгон. Сагымбай өзү манасчылык өнөргө ээ болушун арбактардын колдоосу, аян алуу, түш көрүү менен байланыштырган. Алгачкы жолу түшүндө Манасты көргөндөн тартып "Манас" айтып баштаса, кийин эки жолку арбактардын аян берүүсү демөөр болуп, шыгымды арттырды деп ишенген. Сагымбайдын жашоосунда аян алып, түш көрүп эпостун каармандары менен жоолугушуусу көп эле болгон экен. "Манасты" жаздырып жүргөндө түш көрүп, мен айткан мындай жери туура эмес болуп калыптыр, түшүмдө көрдүм — деп кайра жаздырган учурлары болгондугун Ы. Абдырахманов эскерет.

Аяндуу түш көргөнү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кочкорго көчүп баргандагы жылдын жазында элге чечек оорусу жайылып,Сагымбайдын үй-бүлөөсү дагы чечекке кабылат. Сагымбай да катуу чечек болот. Бир түнү таңга жуук түш көрөт. Түшүндө Кочкордун талаасында жөө келе жаткан болот. Талаа толтура тоодой чоң боз үйлөр, кермеде абдан чоң аттар байланган, үйлөрдүн алдында курал-жарактар үйүлүп турган болот. Сагымбай боз үйлөрдүн бирине кирмек болуп жөнөйт. Ошол учурда алдынан акбоз ат минген, калпакчан, зор денелүү адам жоолугуп: "Балам, сен коркпо, бул тигилген үйлөрдүн ээлерине эч кимдин шаасы келип, күчтөрү жете алган эмес!" — деп баланы жооткотот.[8] Бул адам кадимки Ормон хан экен. Аны көргөн Сагымбайдын корккону басылып, бир үйгө кирип барат. Үйдүн ичи толтура кыргыз түспөлдүү сөөктүү, алп денелүү кишилер отурган болот. Ажыбай баатыр баардыгын күлдүрүп отурган болот. Отургандардын бири "бул бала жомок айтат экен" — дейт. Бир киши кана, балам, айт — дейт. Сагымбай билбейм — дейт. 25 жаштар чамалуу, кара сур жигит колуна айбалтасын алып эшиктен кирип келет да чабамбы, же айтабы? — деп тап берет. Элди күлдүрүп олтурган ак жүздүү киши балам, жаш экенсиң, бөөдө өлүп калба, айтам де — дейт. Сагымбай коркконунан айтам дейт. Үч сурап, үч жолу айтам дедирип жооп алат. Сагымбай абайлап караса ошол өзү кирип турган чоң үйдүн ар кайсы жеринде жомок айтып жаткан кишилер. Алар бир эле окуяны эмес,ар кимиси чыгарманын ар кайсы окуясынан бирөө Манастын туулган жерин, экинчиси Көзкамандардын окуясы, үчүнчүсү Чоң казатты ж. б. айтып жатышыптыр. Сагымбайдын үч жолку жомок айтам! — деген жообун уккан соң олтурган кишилер тарткыла! — деген сөз менен жабдыктарын алып, дүр коюп чыгып жөнөшөт. Үйдүн ичине жарык кирип таң атып калган экен. Ойгонуп кеткен Сагымбай үйдөн чыгып жаткандарды даана көрүп, үйдөн чыгып жаткандарды көрдүңөрбү? — деп үн чыгара катуу айтат. Үй-бүлөлөрү да көргөн болушат. Сагымбай да, башка ооруп жаткан ал үйдөгү адамдар да куландан соо болуп айыгып калышыптыр. Үйдөгүлөр жапырт туруп, түлөө союп жиберишет"[9] Ушул окуядан кийин агасы Алишер экөө тең "Манас" айтып калышат.

Манасчылык жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сагымбай Кеминде жашап туруп калып, Чүй боорун аралап "Манас" айтып жүрүп, эл бергендин эсебинен турмушу биртоп оңолуп, ал жакта он чакты жыл байырлагандан соң кайрадан үй-бүлөсү менен Кочкорго кайра көчүп келишет.

Манасчы катары эл арасына тааныла баштагандан тартып өмүрүнүн акырына чейин Сагымбай «Манас» айтууну кесип кылып, жомокчулук менен күн көрүп, ошол өнөр ээлерине мүнөздүү жашоо тиричилигин башынан өткөрөт: жайы-кышы дебей эл кыдырып, бир айылдан экинчисине өтүп өз өнөрүн тартуулайт — «Манас» айтат, эл өз каалоосу менен бергендердин эсебинен жан сактап, үй-бүлөсүн багат.

Манас айтууну түш көргөндөн тартып айтып калуу бардык манасчылар үчүн эле мүнөздүү көрүнүш жана баштапкы баскыч. Манасчылардын аткаруучулук чеберчилигин, мазмунун тереңдигин, көркөм деңгээлин калыптандырган баскыч — устаттардан таалим алуу жана эл "Манас" айтып эл сынагына чыгып дасыгуу. Сагымбай Чүй өрөөнүндө жашап турган мезгилде легендарлуу улуу манасчы Келдибекке жоолугуп анын сынынан өтөт. Келдибек Сагымбайга өзүн кармоо, обон, кыймыл-аракеттерине чейин кылдат карап чыгып кеп кеңештерин берет. Улуу манасчылардын бири — Тыныбек дагы Сагымбайды айттырып көрүп, таалим берип, "Манаска" өздүк кошумчаларын кошпой таза айтууну эскерткени тууралуу эл арасындагы аңыздар кеңири белгилүү.

Сагымбайдын легендарлуу эки улуу манасчынын сынынан өтүп, биринен аткаруучулук чеберчилик боюнча таалим алса, экинчисинен эпостун мазмун-маңызы боюнча кеңешин алгандыгы Сагымбайдын "Манасы" кандай жогорку талаптуу мектептен өтүп калыптангандыгынан кабар берип турат.

Сагымбай "Манас" айтып Чүй, Ыссык-Көл, Ат-Башы, Нарын, Суусамыр, Талас аймактарын аралап жүргөн. Өнөрү такшалып калган мезгилде Кетмен-Төбө аркылуу Анжиян тарапка "Манас" айтып кетип, 3 жыл жүрүп, аргымак минип, коштогон атка толтура пул жүктөп келгенин Сагымбайдын "Манасын" жазып калган Ы. Абдырахманов эскерет. Ушул эле окуяны, бирок 6 жыл жүргөн, — деп манасчы Шапак айткан.

Сагымбай манасчылыктан сырткары, той-аштарда дайым жарчы болуп, акындардын башында туруп, аларга түшкөн сыйлыктарды бөлүштүрүп берип жүргөн. Белгилүү адамдар өткөндө атайын чакыртып Сагымбайды алдырып турушкан. Сөздүн кеңири маанисинде, Сагымбай акындык кылып эл алдына чыгып айтышка түшкөн эмес.

1916 жылы эл менен кошо Үркүндө Кытай жергесине барат. Ал жакта Сагымбай "Манас" айтып жүрүп үй-бүлөөсүн асырайт.

1917 ж. Кытайдан кайткан элдин алды менен Ат-Башыга келип Кара-Коюн деген жерде кыштап калат. Кытайдан келген жылдын жайында агасы Алишер дүйнөдөн өтүп, жыл аягында жаш калган балдарын бириктирип бир үйдө багуу максатында, элдик салт боюнча жеңеси Марияны алат. Андан соң Ак-Талаадагы кытаттардын арасында көчүп барып, анда эки кыштайт. Үркүндө жүргөндө тапкан-тергенинен толугу менен ажыраган Сагымбай эки аял, алты кыз, бир эркек баланы ырдап жүрүп катуу жокчулукта, эптеп багып, күн өткөзгөн.

Ат-Башыдан көчүп Сагымбайдын үй-бүлөөсү Нарындын Бети-Кара деген жеринде эки жылча туруп калышат (1920—1922-жж.). Ушул жерде жашап жүргөндө Сагымбайдын айткан "Манасын" жазып алуу иши башталаган.

Манасты жаздыруу 1922—1926 жж.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1921-жылы Ысык-Көлдүн Төрткүл (Бөкөнбаево) деген жеринде мугалим болуп иштеп жүргөн Каюм Мифтаков ал жакта "Манас" айтып жүргөн Сагымбайга жоолугуп, ал айткан "Манас" зор таасир бергендиктен кагаз бетине түшүрүп калууну сунуштайт. Сагымбай башка бирөөнүн атын минип келгендиктен узакка кала албастыгын айтып, кийинки жылы жоолугушууну шартташат.

1922-жылы К. Мифтаков менен Сапарбай Сооронбаев Нарын аймагына Сагымбайдын "Манасын" жазып алганы келишет. Нарын уезддик Аткаруу Комитетинин төрагасы Ыбырай Тойчунов этнографтарга кагаз, сыя ж. б. у. с. шаймандар жагынан жардам көрсөтүп, расмий документтер менен жабдып Манасты жазуу ишине кеңири колдоо көргөзөт. К. Мифтаков Сагымбайды үйүнөн таппай, издеп барып Көк-Торпок деген жерде "Көкөтөйдүн ашын" айтып жаткан жерден үстүнөн чыгат. Бир жумача Сагымбайды ээрчип "Көкөтөйдүн ашын", "Чоң казатты" угушат. Бул жерден экспедицияга Ы. Абдыракманов келип кошулат. "Манасты" жаздыруу манасчынын көнгөн шартында, аудиториясынан бөлбөй аткаруу учурунда жазылып башталган. Текст жазуу иштери бир эле жерде жүргүзүлбөй, жомокчунун салттык турмушуна жакын мүнөздөгү шартта эл кыдырып, улам жаңы аудиторияда жүргүзүлгөн. Жазуу ишине киришүүдөн мурда катчылар текстти кандай жазуу боюнча атайын нускоолорду алышкан. Ушуларды эске алуу менен эпосту жазуу иши канааттандырарлык деңгээлде башталгандыгын белгилөөгө негиз бар. Тексттер ошол кезде кыргыздар арасында колдонулган араб тамагасында жазылынып алынган. Бирок ал тамгаларды кыргыз тилинин өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташтыруу аракети көрүлгөн эмес.

К. Мифтаков жана 1922 ж. май — ноябрь айларында Сагымбайдын "Манасын" жаздырууга катышып, кайра кайтат. Мындан кийин тексттерди жазуу ишине аралашкан эмес. С. Сооронбаев дагы мындан кийин кайрыла алган эмес. "Манасты" жаздырууну улантууга Сагымбай менен Ы. Абдыракманов калышат. Ы. Тойчунов Нарын уездик аткаруу комитетинин чечимин чыгарып, "Манастын" текстин жаздырууну колдоого алып, Сагымбай менен Ы. Абдыракмановду камсыздоону Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылынын тургуну Жаанбай уулу Абдылданын жоопкерчилигине жүктөйт. Текстти жазуу иштери системалык негизде жүргүзүлгөн эмес. Мисалы, кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчкөн эпизоду 1922 ж. жазылып алынса, сюжет боюнча андан кийин келген Алооке жөнүндөгү окуялар 1924 ж. башында гана жазыла баштаган.

Иштин мындай ыраатта жүрүшүнө Сагымбайга системалык түрдө материалдык жардам көрсөтүлбөгөндүгү себеп болгон. Сагымбай үй-бүлөөсүн багуу максатында эл аралап "Манас" айтууну аргасыздан уланта берген. К. Мифтаков алгач келгенде берген 6 мата, элден чогултулуп берилген 8 койдон башка Сагымбайга жардам көрсөтүлгөндөгү тууралуу документалдык далилдер жок. "Манастын" текстин жаздыруудагы Сагымбайдын материалдык оор абалына анын үчүнчү казаттан тартып, тексттин аягына жаза баштаган арыздары күбө. Бул арыздарда өзүнүн оор абалын жеткизүүдөн башка маалымат жок болсо да, узак жылдар бою манасчыга улутчулдардын тийгизген таасири катары баа берип, аны жамандоо үчүн колдонулуп келген. Арыздарын бири:

"Баламдын асты он беш жаш,
Бир үйүмө караган
Арбыны аял, он төрт баш"[10]

Ошол кездеги Нарын уезддик кызматкерлери Ы. Тойчунов менен Мукамбаевден сырткары тийиштүү мамлекеттик кызматтардын же анын өкүлдөрүнүн Сагымбайга назар салып ишине кызыгуу көргөзгөндүгү жөнүндө далилдер жок.

1924-жылы ноябрь айында манасчы менен анын катчысы Ташкенге илим комиссиясына чакырылат. Ы. Абдыракманов Анжиян аркылуу ат менен кетип, Сагымбай барбай калат. Ы. Абдыракманов Ташкенден кайрылып келип Сагымбайды Пишпектен жоолуктурат. Базарда Сагымбайды алып кетебиз деп солто уруусунун Бөлөкбай жана Талкан бөлүктөрү талашып жаткан болот. Натыйжада Пишпек станциясындагы чала-казактар алып кетип, Сагымбай жети күнү жүрүп, бир ээр-токумдуу ат минип, кездеме, көп акча, зер буюмдарын алып келген. Андан кийин Бөлөкбай, Талкандардын манаптары алып кетип 15 күн жүрүп бир тогуз жылкы, толгон өлүү буюмдарды алып келген. Сагымбай келип, эми "Манасты бүтүрөлү" — деп Ы. Абдыракмановду ээрчитип Кочкорго кетет.

1925-жылы чакырык кайта келет. Сагымбай менен Ы. Абдыракманов Ташкенге барышат. Жолдо баратканда, "эми чоңдор мага "Манасты" абдан айттырып сындайт ко" — деп Ыбырайымга кеңешип барат[11]. Ташкенде болгон Эшенаалы Арабаев, Сыдыков Абдыкерим, Тыныстанов Касым, Токобаев Турдаалы, Тойчунов Ыбырайлардын бири дагы Сагымбайды чакыртып "Манас" айттырып же кара сөз түрүндө "Манастын" жайын айттырып угуп көрүшпөйт. Ал кездеги жаш жигит К. Тыныстановдун "Сиздин жаздырган "Манасыңыз" өзбекче болуп калыптыр"[12] — деген сындоосуна катуу катуу теригет. Э. Арабаев Сагымбайга: "Иттин тезеги дары десе дарыянын башына кетет деген ырас ко. Сагымбай билген "Манасыңды" тез жазып бүтүрсөңчү, болбосо сотко беребиз"[13] — дейт. Э. Арабаевдин кагуусу Сагымбайга катуу таасир тийгизет. Чогуу барган Ыбырай Абдыракмановдун пикири боюнча Ташкенде болгон жоолугушуу Сагымбайга оор из калтырып, чыгармачылыгына терс таасирин тийгизген. Кочкорго кайтып келишип "Чоң казатты" жаздырып башташат. Жомокчу мурункудай айткысы келбей калгандыгы тууралуу Ы. Абдыракманов: "Сагымбай баштагыдай көөндөбөй коюп, мен жалынып бергенде айтып бергенде, жаздым. 1926 ж. "Манасты" жазып бүттүк. "Чоң казаттын" урушун, "Манастын" өлүмүн эң тар кылып жаздырды. Мен канчалык жабышып айтсам дагы болбой, менин билгеним ушул — деп болбоду"[14].

Ушундай шарттарга байланыштуу Сагымбайдан жазылган тексттердин ичинен аяк эпизоддордун мазмуну тайкы, көркөмдүк деңгээли төмөн болуп калган. Бирок мындай көрүнүшкө жалгыз гана Ташкенде болгон окуялар эмес, Манасчынын 1924 тартып нерв оорулуу болуп калгандыгын да эске алыш керек. Бул оорусунун себеби катары ыргагы менен мухиттей толкуп келген эпосту жаздыруу үчүн улам токтоп, улам өзүн кармап отургандыгында болгон.

1926-жылы август айында "Манасты" жаздыруу иши аяктап, жомокчу менен катчы өз жактарына тарап кетишет.

Жазылып алынган тексттердин көлөмү 180 378 сап ырды түзгөн.

1929-жылы тартып айылдык жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Сагымбайды бай-манаптардын ырчысы деп кодулап, ыгым-чыгымды көп салышып, унчукпай төлөгөнүнө карабастан куугунтуктай башташат. Сагымбай эки аялы бар болгондуктан өзү дагы чочулайт. Натыйжасында Ысык-Көлдүн Тору-Айгырына көчүп кетет. 1930-жылы жазында Сагымбайдын оорусу катуулайт. Кочкордон туугандары келип жергиликтүү элдин каршылыгына карабастан Кочкорго алып кетишет. Жолдоно кабар уккан эл үч жерден тосушуп манасчыга жоолугуп абал сурашат. Аңырты суусунун боюна келгенде, 1930-жылдын май айында дүйнөдөн кайтат.

Сагымбайдан жазылынып алынган тексттер "Манас" эпосунун окуяларынын баштан аяк толук жана кеңири баяндаган илимге белгилүү биринчи факт.

Сагымбайдын Манасынын басылыштары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Эң кеңири тараган басылышы: "Манас" эпосу. Сагымбай Орозбаковдун вариантында 1978-1982 жж. 4 томдук Archived 2016-03-05 at the Wayback Machine болуп чыккан.
  • "Манас" эпосу. Сагымбай Орозбаковдун вариантында (академиялык басылышы, 6 том.). - Б., 2006.
  • "Манас" эпосу: Сагымбай Орозбаковдун толук варианты. - Б. 2012

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" эпосу: Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча. - Бишкек, 2006, т. 1.
  • Улуу Манасчы Сагымбай //Башкы редактору К. Жусупов. /Жыйнак. - Бишкек, 199(?)
  1. Р. З. Кыдырбаева. "Манас" эпосу: Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча, Бишкек, 2006, т. 1, 16 б.
  2. Ошондо эле
  3. Ошондо эле
  4. С. Мусаев. "Манас" эпосу: Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча, Бишкек, 2006, т. 1, 30 б.
  5. С. Мусаев. Сагынбайдын варианты.// Улуу Манасчы Сагымбай. /Башкы редактору К. Жусупов. - Бишкек, 1992. 113 б.
  6. С. Мусаев. "Манас" эпосу: Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча, Бишкек, 2006, т. 1, 24 б.
  7. Б. Солтоноевдин маалыматы боюнча дагы 1868-жыл берилген. Кара: Б. Солтоноев. Кызыл кыргыз тарыхы. 1993, 1 т.
  8. "Манас" эпосу: Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча. - Б., 2006, 27 б.
  9. "Манас" эпосу: Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча. - Б., 2006, 27-28 б.
  10. Ошондо эле, 39 б.
  11. Ошондо эле, 41 б.
  12. К. Ф. Инв. № 275, 47 б.
  13. К.Ф. Инв. № 275, 46-47 б.
  14. К.Ф. №

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]