Сагынбаев Шейшенбай Туйтебаевич
Сагынбаев Шейшенбай Туйтебаевич (1943-ж. т., Нарын району) - тром-бончу, педагог. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (2000).
1971-ж. Кыргыз мамлекеттик М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын,
1976-ж. Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун үйлөмө аспаптар кафедрасынан профессор 3. Мамбеталиевдин классынан бүткөн.
1970-ж. окуу менен бирге Кыргыз улуттук академиялык А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын оркестринде иштеген. КМШ өлкөлөрүнүн шаарларында (Москва, Ленинград, Киев, Свердловск, Сочи), Францияда, Данияда, Бельгияда, Кытайда,Швецияда гастролдо болтон.
1989-ж. республикалык адистештирилген М. Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатында тромбон классынын педагогу,
1999-ж. Кыргыз улуттук консерваториянын мугалими. П. Шубиндин«Кыргыз темасына обонун», К. Молдобасановдун «Юморескасын», Б.Фефермандын «Укта, бөбөгүм» пъесасын тромбон, М. Бегалиевдин «Концерт-Давидин», «Элегиясын»труба үчүн иштеп чыккан
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.