Сагынов Жолдошбек

Википедия дан

Сагынов Жолдошбек [15.9.1939, Фрунзе (азыркы Чүй) облусу, Чүй району, Большевик (азыр Ак-Бешим) айылы - 17. 5. 2000, Бишкек] — журналист, КРдин илим жана техника жаатындагы мамлекет сыйл. лауреаты (1998). 1963-жылы КМУну бүткөн. 1963-75-жылдары Кыргыз ССР ИАнын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер, 1975-2000-жылдары Кыргыз совет энциклопедиясынын Башкы редакциясында илимий редактор, жетектөөчү редактор болуп иштеген. Сагынов бир катар энциклопедияларды, айрыкча «Манас» энциклопедиясын даярдоого жигердүү катышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Садага - сооп табуу максатында муктаждыкка дуушарлангандарга мал, мүлк, акчалай, ошондой эле билим берүү аркылуу жардам кылуу. Жардам кылгандыгы үчүн ошол адамдан кайра жакшылык келүүсүн үмүт кылбоо керек. Ислам дининде садага парз, важып жана мандуп болуп бөлүнөт. Дин нормаларында бай деп эсептелген мусулмандардын кедей-кембагал, жардыларга садага берүүлөрү парз катары көрсөтүлүп, зекет садага орозо айынын акыркы күндөрүндө колунда бар мусулмандардын өзүнүн жана багууга милдеттүү жакындарынын атынан башкаларга берген жардамы важып катары бааланып, битир садага, ошондой эле Алланын ыраазычылыгын табуу ниетинде башкаларга ар түрдүү жардам көрсөтүү мандуп (аткарылса сооп, аткарылбаса күнөөсү жок болгон амалдар) садага деп аталат. Мандуп С. тууралуу пайгамбар төмөндөгүлөрдү осуят кылган: «адам күн сайын ар бир дене мүчөлөрү үчүн садага берүүсү керек. Эки адамдын ортосунда адилеттүү болууң, жандыгына жүк жүктөп жаткан адамга жардам кылуун, жакшы сөз жана намазга жөнөп жатканда ар бир кадамың, жолдо тоскоолдук жараткан бир нерсени алып таштооң С. болуп эсептелет» (Муслим, «мусафируун» 84). Коом жаштар жана кары-картаңдардан, ден соолугу чың адамдар менен майып жана оорулуу адамдардан, жумуш берүүчүлөр менен жумушчулардан, байлар менен биргеликте кедей-кембагалдардан турары белгилүү. Жашоонун мындай чындыгын эске алган ислам дини коомду бытырандуулуктан жана бузулуудан сактоонун зарылчылыгы катары садага түрлөрүн адамзатка тартуулаган. С. ырасмысы Кураны карим аяттарында (Бакарасүрөсү, 43) айтылган.3. Р. Ахмедова.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]