Мазмунга өтүү

Садеттин Саран

Википедия — ачык энциклопедия

Стивен Садеттин Саран (1964-жылы 30-августта туулган) — түрк-америкалык мурдагы спортчу, ишкер жана спорт менеджери. 2025-жылдын сентябрында ал Фенербахче спорттук клубунун 34-президенти болду.[1]

Саран Денвер, Колорадо штатында түрк атасы Өзбек Саран жана америкалык энеси Жералдин Сарандын үй-бүлөсүндө туулган.[2] Ал АКШдагы Кентукки университетинде Машина куруу (Mechanical Engineering) багытында билим алган.[3] АКШда окуп жүргөндө ал окуу жайдын сууда сүзүү командасынын капитаны болгон жана эки жыл катары менен "Эң баалуу спортчу" деп аталган.[4] Ал 1984–1985-жылдары Түркиянын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын капитаны болгон жана бул мезгилде 50 метрге эркин стилде сүзүү боюнча рекордду жаңылаган.[2] Билимин аяктагандан кийин Түркияга келип, Маданият жана туризм министрлигинде иштеген. Кийинчерээк Saran Holding компаниясын негиздеп,[5] көптөгөн белгилүү дүйнөлүк бренддердин өкүлчүлүгүн өзүнө алган.[6] 1990-жылдан 1995-жылга чейин Martin Marietta компаниясынын Анкарадагы кеңсесинде башкы директордун орун басары жана башкы директор болуп иштеген.[2][3][4] Мурунку никесинен Лал аттуу кызы бар Саран испан тилинде, орто деңгээлде немис тилинде жана англис тилинде сүйлөйт.[2]

Ал 1990-жылы Стамбулда негиздеген Saran Holding медиа, басма, интернет платформалары, авиация, туризм жана оюн-зоок (ставка) секторлорунда иш алып барат.[4][3] Saran Media Түркиядагы спорттук уктуруулардын болжол менен 65% ээлик кылат жана Ла Лига, Серия А, Премьер-лига жана УЕФА мелдештери сыяктуу ири иш-чаралардын уктуруу укуктарына ээ. Ошондой эле туризм тармагында Сплит (Хорватия) жана Прага шаарларында мейманканаларды иштетет.[4] 33 ар кандай компаниясы жана болжол менен 2,000 кызматкери менен компания Түркиянын ири бизнес топторунун бири болуп саналат.[4][3] S Sport, Radyospor, Radyo Music, Radyo Traffic медиа уюмдары, Ajansspor спорт порталы жана tuttur.com букмекерлик сайты да Садеттин Саранга таандык. (Ал Түркия футбол федерациясынын мыйзамдарына байланыштуу tuttur.com сайтынын ишин токтоткон).[7][3][4]

Саран 9945 каттоо номери менен Фенербахче С.К. Жогорку кеңешинин мүчөсү болуп саналат.[8] Ал Азиз Йылдырымдын президенттиги учурунда футбол бөлүмүнүн жетекчиси катары башкармалыкта кызмат кылган.[9] Президенттин иш-аракеттерин жактырбай, аны ачык сындагандыктан, анын Азиз Йылдырым менен болгон мамилеси кескин начарлап кеткен. Мунун натыйжасында ал башкармалыктан мыйзамсыз чыгарылган. Ал клубду негизсиз чыгарылгандыгы үчүн сотко берген. Акырында, Түркиянын Кассациялык соту 7 жылга созулган бул иште Саран жеңгенин тааныган.[10] 2021-жылдын 16-декабрында Саран келечекте Фенербахче С.К. президенттигине талапкер болоорун билдирген.[11] 2025-жылдын 30-июлунда Саран "500 талапкердин колун (Клубдун уставына ылайык)" чогултуп, Фенербахче С.К. үчүн кезексиз шайлоодо президенттикке талапкер болду.[12] 2025-жылдын 21-сентябрында өткөн Фенербахче спорттук клубунун кезексиз жалпы жыйынында 24,732 добуш берилип, анын 24,393ү жарактуу деп табылган. Саран 12,325 добуш менен Фенербахченин 38-президенти болду, ал эми президент Али Коч 12,068 добуш алган. 135 бош добуш берилип, 204 добуш жараксыз деп табылган.[1]

Бундеслига командаларынын бири болгон Боруссия Дортмунддун акционери болгон Саран,[13] клуб мүчөлөрүнүн жана күйөрмандарынын каршылыгынан кийин өз акцияларын саткан.[14][15]

Мыйзамсыз заттарды колдонуу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2025-жылдын 24-декабрында, Фенербахчедеги президенттиги учурунда Саран мыйзамсыз баңгизаттарга жасалган тест оң натыйжа бергенден кийин полиция тарабынан кармалган.[16] Саран бардык айыптоолорду четке кагып, "жашыра турган эч нерсеси жоктугун" жана бийлик менен толук кызматташа тургандыгын белгилеген. Бир күндөн кийин, 2025-жылдын 25-декабрында, ал соттук көзөмөл шарты менен бошотулган.[17].

  1. 1 2 Fenerbahçe Spor Kulübü’nün Yeni Başkanı S. Sadettin Saran (21 September 2025).
  2. 1 2 3 4 Sadettin Saran'ın Hayatı ve Biyografisi (21 September 2025).
  3. 1 2 3 4 5 Sadettin Saran kimdir, serveti ne kadar? Fenerbahçe’nin yeni başkanı Sadettin Saran’а ait şirketler (22 September 2025).
  4. 1 2 3 4 5 6 Fenerbahçe'nin yeni başkanı Sadettin Saran kimdir? Sadettin Saran'ın sahip olduğu şirketler! (22 September 2025).
  5. Arşivlenmiş kopya. Текшерилген күнү 9 Апрель 2026. Түп булактан архивделген күнү 22 -январь (үчтүн айы) 2020.
  6. Arşivlenmiş kopya. Текшерилген күнү 9 Апрель 2026. Түп булактан архивделген күнү 13 -май (бугу) 2018.
  7. Arşivlenmiş kopya. Текшерилген күнү 9 Апрель 2026. Түп булактан архивделген күнү 13 -май (бугу) 2018.
  8. Sadettin Saran'a başsağlığı dileriz (түрк.). Fenerbahçe S.K. (4 October 2022).
  9. Sadettin Saran görevi bırakıyor (түрк.). Hürriyet (25 April 2023).
  10. Sadettin Saran kazandı, Aziz Yıldırım itiraz etti (түрк.). CNN Türk (26 June 2016).
  11. Sadettin Saran'dan Fenerbahçe başkanlık açıklaması (түрк.) (17 December 2021).
  12. Prominent Turkish businessman eyes for Fenerbahce presidency (англ.).
  13. Haber7. Sadettin Saran B.Dordmund için kesenin ağzını açtı - Tüm Spor Haber.
  14. Sadettin Saran Borussia Dortmund'u neden sattı? (18 March 2017).
  15. {{cite web}} калыбынын бардык параметрлеринин аты болушу керек. Borussia Dortmundta Türke geçit yok ! (7 February 2005).
  16. Fenerbahce president detained in Istanbul drug investigation after positive narcotics test (англ.) (24 December 2025).
  17. Chair of leading Turkish sports club Fenerbahce questioned in a drugs probe (англ.) (20 December 2025).