Мазмунга өтүү

Садиев Абдырай

Википедия — ачык энциклопедия

Садиев Абдырай (1933-ж.т., Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району) - айыл чарба өндүрүшүнүн көрүнүктүү ишмери.

  • К. Скрябин атындагы айыл чарба институтун бүткөн (1955).
  • 1955-56-жылдары токтогул районунун ветеринардык станциясында ветврач,
  • 1956-59-жылдары ветстанциянын башчысынын орун басары,
  • 1960-68-жылдары “Чаткал” совхозунун директору,
  • 1969-73-жылдары Жаңы-Жол районунун малды бордоп семиртүүчү совхозунун директору,
  • 1974-93-жылдары Ысык-Көл облустук ветеринардык башарманын башчысы болуп иштеген.
  • Чаткал өрөөнүндө көптөгөн мал сарайларды курдуруп, малдын санын, азыктуулугун жогорулатууда чоң ийгиликтерге жетишкен.
  • “Ардак белгиси” ордени, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун “Ардак грамотасы” менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6