Садовский, Пров Михайлович
Көрүнүш
Садовский Пров Михайлович (9 (21). 8. 1874, Москва-4.5.1947, ошол эле жер) - орус совет актёру, СССР эл арт. (1937).
Белгилүү орус актёрлору Садовскийлердин үй-бүлөсүнөн. Москва театр окуу жайынын драма курсун (А. П. Ленский менен М. П. Садовскийдин шакирти) бүтүргөндөн кийин 1895-жылдан Кичи театрда иштеген. Совет доорундагы аткарган ролдору: Кошкин (К. Тренёв, «Любовь Яровая»), Фамусов (А. Грибоедов, «Акылдын азабы») ж. б. СССР мамлекеттик сыйл. (1943) лауреаты. Эки Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган. Кичи театрда (1975) анын баласы - Пров Провович Садовский (1926-ж. т.) менен бир тууганынын уулу - РСФСР эмгек сиңирген арт. (1949).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.