Мазмунга өтүү

Садуль Жорж

Википедия — ачык энциклопедия

Садуль Жорж (4. 2. 1904, Нанси - 13. 10. 1967, Париж) - француз кино теоретиги жана сынчысы, коммунист.

Каршылык көрсөтүү кыймылына катышкан. «Летр франсез» жашырын газетасында (экинчи дүйнөлүк согуштан кийин да) иштеген. Макалалары «Юманите» ж. б. газеталарда басылып турган.

Жогорку кино билимин берүү жана Фильмология институтунда проф. Искусство таануу илимд. доктору (1956). «Кинонун жаңы тарыхы», «Кино өнөрүнүн тарыхы» аттуу эмгектердин автору.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.