Шарипа Садыбакасова

Википедия дан
Садыбакасова, Шарипа‎»‎ барагынан багытталды)
Садыбакасова Шарипа

Садыбакасова Шарипа (1941-ж.т., Ат-Башы району, Ат-Башы айылы) — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти (1994), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (1995-жылдан).

1959—61-ж. Мамлекеттик банктын Ат-Башы; бөлүмчөсүндө бухгалтер, башкы бухгалтердин орун басары, 1963-жылдан Ат-Башы райондук Борбордук сактык банкынын башчысы, 1965—72-ж. Кыргыз ССР мамлекеттик эмгек банкынын бөлүм башчысы, 1972—87-ж. мамлекеттик банктын бөлүм башчысы, төраганын орун басары, 1987-жылдан Республикалык Кыргыз турак-жай жана социалдык банкынын башкармасынын төрагасы, 1990-жылдан "Кыргызстан" акционердик коммерциялык банкынын башкармасынын президенти.

1996-жылдан Кыргызстан Банктар союзунун советинин төрагасы. Эл аралык "Руханият" ассоциациясынын, Кыргызстан аялдарынын республикалык комитетинин жана башка мүчөсү. СССР Мамлекеттик банкынын отличниги. Медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]