Садык Гавай

Википедия дан

Садык Гавай (Гаваев Садык) — жазуучу, акын, котормочу, теолог жана журналист.

Алай районунда 1967-жылы 12-декабрда туулган. 1983-жылга чейин Дароот-Коргон айылындагы “Коммунист” орто мектебинен, 1983–1986-жж. №44 кесиптик техникалык окуу жайынан билим алган.

1986–1988-жж. Советтик Армиянын катарында аскердик кызмат өтөгөн. Аскерден келип, Россия Федерациясынын Курган облусуна караштуу Шадринск шаарында өнөр жай-педагогикалык техникумунда билим алуусун улантып, акыркы курста Оштогу айыл чарба техникумуна которулуп, айыл-чарба механиги адистигин алган.

1993–1995-жж. №44 кесипчилик техникалык окуу жайында мугалим жана өндүрүштүк окутуунун устаты, 1995-жылдын февраль айында Чоң-Алай райондук маданият үйүнүн директору, ошол эле жылдын май айында Ош шаарындагы көз карандысыз “Эркин Ала-тоо” телестудиясында редактор, 1996-жылы Ош технологиялык университетинин алдында алгачкы жаштар телестудиясын уюштуруп, анын директорлук кызматын аркалаган.

1997-жылы Ош облустук укуктук-агартуу “Мыйзам” гезитинде эмгектенип, 1998-жылдан Бишкектеги Эл аралык Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин тарых факультетинен билим алган. Ошол жылдары Сервет Өздемирдин эки илимий китебин түрк тилинен кыргызчага которгон. 2002-жылы Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетине которулуп “Үмүт” телестудиясында директор болуп иштеген.

Республикалык гезит-журналдар менен 1993-жылдан бери такай жана тыгыз кызматташып келет.

1993–1998-жж. “Ош жаңырыгы” гезитинде, 1989–2003-жж. республикалык “Кыргыз Руху” жана “Кыргыз Туусу” гезиттеринде, 2000–2001-жж. Кыргыз мамлекеттик радиосунда “Рухтагы керемет” аттуу философиялык-тааным программасын негиздеп алып барган. 2003–2004-жж. “Үмүт” телерадио студиясында директор, 2004–2005-жж. “Ак-Жан” тил үйрөтүү борборунда менеджер, 2005–2006-жж. республикалык саясий “Жаңы Ордо” эркин гезитинде башкы редактордун орун басары, парламенттик кабарчысы жана “Статус”, “Опадко” ж.б котормочулук фирмаларында котормочу болуп эмгектенген.

1997-жылы “Ала-Тоо–97” фестивалында алдыңкы орунга ээ болуп, алгачкы китеби Жоржд Соростун демөөрчүлүгү менен жарыкка чыккан.

Орус тилинен А.П.Чеховдун, Кришнамуртинин, С.Есениндин, А.Пушкиндин ж.б. ырларын, прозаларын кыргыз тилине которгон жана 1998-жылы котормо жанры боюнча өткөн жалпы республикалык сынакта ал которгон А.С.Пушкиндин “Шайтан” аттуу ыры 3-орунга ээ болгон.

Түркиялык жазуучулар: Рафик Карайдын, Өмер Сейфеттиндин, Шуайб Каракаштын, Нажмиддин Халил Онандын, Мехмед Емин Юрдакулдун ж.б. аңгемелерин, илимий эмгектерин, Мажар жазуучусу Геза Гардонинин “Акылга сыйбас Аттила” романын, немис окумуштуусу Волфрам Эберхарддын “Кытайдын түндүк кошуналары” аттуу көлөмдүү (500 бет) тарыхый-илимий эмгегин, Ыйык Куранды жана көптөгөн диний китептерди которгон.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.Мурзубраимовдун коомдук жардамчысы кызматын аркалаган.

1997-жылдан Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Бири кем дүйнө: Ырлар. – Жалал-Абад облустук мамлекеттик басмаканасы, 1995.
  • Бороондо буюккан ойлор: Ырлар. – Б.: Элпек, 1998. – 40 б.
  • Түпсүздүктөн чексиздикке кеткен жол: Ырлар. – Б.: Бийиктик, 2003.
  • Скифтин каргышы: Роман. – Б.: №3 кесиптик лицейдин типографиясы, 2006.
  • Түшүндүрмөлүү намаз китеп: Диний басылма. – Б., 2007.
  • Зекет: Диний басылма. – Б., 2007.
  • Маликул Азим Аллахка мактал: Поэма. Диний басылма. – Б., 2008.
  • Кыргыздарда мусулманча ысымдар: Диний басылма. – Б., 2008.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Книга намаза: Научная брошюра. – Б.: Аньфаль, 2009. – 50 с.
  • Башка элдердин тилдеринде
    • 1916 йылында кыргыз аякланмасы: Илимий брошюра. – Станбул, 2002. түркчө.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Сервет Өздемир. Мугалимдик кесипке киришүү: Педагогикалык илимий басылма. Б.: “Манас” университетинин басмаканасы, 2002.
  • Сервет Өздемир жана Ибрахим Ялын. Таалим-тарбия ишин уюштуруудагы жаңыланма: Педагогикалык илимий басылма. – Б.: “Манас” университетинин басмаканасы, 2002.
  • Курани Керим: Диний басылма. – Стамбул: “Еркам” басмаканасы, 2006.
  • Алтынга бергис хадистер: Диний басылма. – Б., 2007.
  • Төрт мазхабды негиздеген имамдар: Диний басылма. – Б.: Аньфаль, 2008.
  • Кыямат Кайымдын белгилери: Диний басылма. Б., 2007.
  • Сүйүктүү Мухаммад Пайгамбардын (с.а.в.) сүннөттөрү: Диний басылма. – Б., 2008.
  • Пайгамбардын өмүр баяны: Диний басылма. – Б., 2008.
  • Исламдын түркүктөрү: Диний басылма. – Б., 2007.
  • Аял кантип өз бактысын таба алат? – Б.: Аньфаль, 2007. – 60 б.
  • Маркумду узатуунун жол-жобосу. – Б., 2007. – 50 б.
  • Зор дүйнөнүн улуу чындыгы. – Б., 2007. – 60 б.
  • Бир китепте беш собол. – Б.: Аньфаль, 2008. – 190 б.
  • Ойлон, ойлон, о кызым! – Б., 2008. – 48 б.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • После смерти... Абу Хамид ал Газзалий. – Б.: Аньфаль, 2009. – 180 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]