Сад сүрөсү

Википедия дан

38-сүрө “Сод[1]”[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Меккеде түшүрүлгөн. Сексен сегиз айаттан турат.
  • Кыргызча котормо мааниси
  • Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
  • 1. Сод. Эскертме ээси болгон Куранга ант!
  • 2. Ооба, каапырлар текеберленүүдө жана каршы чыгууда.
  • 3. Биз аларга чейинки канчалаган муундарды жок кылдык. Алар жалбарышты, бирок калкаланчу убакыт эмес эле[2].
  • 4. Алар өздөрүнүн арасынан эскертүүчү[3] келгенде таң калышып, каапырлар: “Бул сыйкырчы, жалганчы” – дешти.
  • 5. “Чын эле ал кудайларды[4] бир кудайга айлантабы? Чынында бул шумдуктуу нерсе!”
  • 6. Алардын арасынан бир тобу: “Баргыла жана кудайларыңарга бекем болгула. Чындыгында бул (ал) каалаган нерсе[5].
  • 7. Акыркы динде[6] биз бул тууралуу эч уккан эмеспиз; бул ойдон чыгарылган нерсе.
  • 8. Биздин арабыздан ага гана кабар түшүрүлгөнбү?” (дешет). Ооба, алар Менин кабарыма шектенишүүдө. Балким алар Менин жазамды али татыша элек.
  • 9. Же аларда сенин Даңктуу жана Кайрымдуу Эгеңдин ырайым казынасы барбы?
  • 10. Же алардан асмандар менен жердин жана алардын ортосундагылардын үстүнөн бийлиги барбы? Кана, анда алар асманга көтөрүлүп көрүшсүнчү!?
  • 11. Алар болгону – ошол жерде жеңилген аскерлердин бир бөлүк тобу.
  • 12. Аларга чейин муну Нух, Аад жана казыктар ээси Фараондун коомдору жалганга чыгарышкан.
  • 13. Самуд, Луттун коому жана Айканын ээлөөчүлөрү[7] - мына ушул топтор:
  • 14. Баардыгы элчилерди жалганга чыгарышкан. А Менин жазам акыйкатталды.
  • 15. Аларга сурнайдын[8] үнүн күтүү гана калат. Ага кайтуу жок[9].
  • 16. Алар[10]: “Эгебиз, биздин китебибизди[11] эсеп күндөн алдын эртелетчи?” – дешет.[12]
  • 17. Алар айткандарга чыдагын жана күч кубат ээси, Менин пендем Даудду эсте. Ал (Аллага) кайтуучу[13] эле.
  • 18. Анткени, Биз ага тоолорду багынттык. Алар аны менен биргеликте кечинде жана эртең менен (Алланы) даңазалашчу эле.
  • 19. Куштарды да (багынттык), (анын жанына) чогулуп, баары (Кудайды) даңазалашчу эле. Баары Ага кайтуучу эле.[14]
  • 20. Биз анын бийлигин бекемдедик жана ага даанышмандык менен туура, чечкиндүү сүйлөөнү ыроолодук.
  • 21. Сага каршылаштар жөнүндө кабар жетти беле? Алар коргон аркылуу михрабка[15] чыгып барышкан.
  • 22. Алар Даудга кирип барганда, ал алардан коркуп кетти. Алар: “Эки каршылаштан коркпо, биздин бирибиз экинчибизге жамандык кылганбыз. Бизге акыйкаттык менен өкүм чыгар. Чектен чыкпа. Бизди туура жолго алып бар”, – дешти.
  • 23. “Бул менин тууганым, анын токсон тогуз койу бар, а меники бирөө гана; жана ал аны да менин карамагыма өткөр деп, жаңжалда мени жеңип койду”, – (деди биринчиси).
  • 24. “Ал сенин (жалгыз) койуңду өзүнө өткөрүп алууну суроо менен сага зулум кылды. Анткени ыймандуулардан жана жакшылык иш кылгандан башка жолдоштор бири бирине жамандык көздөшөт. Алар (ыймандуулар) аз” – деп айтты да, (Дауд) ойго түштү.[16] Биз аны сынаганыбызды билип, Эгесинен кечирим сурады, эт-бетинен[17] кетип, чөгөлөй (Аллага) кайтты.
  • 25. Биз мунусу үчүн аны кечирдик. Бизде ал үчүн жакындык жана сонун кайтуучу жай бар.
  • 26. Эй, Дауд! Биз сени жер үстүнө орун басар кылдык. Адамдардын ортосунда адилеттүүлүк менен өкүм кыл, каалоо-кумарын ээрчибе, антпесе ал сени Алланын жолунан адаштырып койот. Акыйкатта, Алланын жолунан адашкандар, Кыйамат күнүн унуткан үчүн катуу азапка татыктуу!
  • 27. Биз асмандар менен жерди жана ал экөөнүн ортосундагыларды жөн эле жаратканыбыз жок. Каапырлар гана ушундай деп ойлошот. Ыймансыз каапырларга тозок азабы болсун!
  • 28. Биз ыйман келтиргендерди жана жакшылык иштерди кылгандарды жер үстүндө бузук иштерди кылгандар өңдүү кылмак белек, же такыбаларды бузукулардай кылмак белек?
  • 29. Сага түшүрүлгөн – анын сөздөрүнүн үстүндө ой жүгүртүү жана эскерүүлөрү үчүн акыл ээлерине жөнөтүлгөн куттуу Китеп.
  • 30. Биз Даудга кандай сонун пендени – Сулайманды ыроолодук. Акыйкатта, ал Бизге кайтуучу.
  • 31. Анан кечинде ага мыкты күлүк аттар көрсөтүлдү.
  • 32. Ал[18] – караңгылыкка, ал[19] далдааланганга чейин: “Мен Эгеме сыйынууга караганда бул дүйнөнүн жыргалын артык көргөн экенмин”, – деди.
  • 33. “Аларды мага кайра алып келгиле!” Алардын шыйрактарын жана мойундарын сылай баштады.
  • 34. Биз Сулайманды сынап, денени анын тактысынын үстүнө койдук. Андан соң ал Бизге кайрылды:
  • 35. “Оо, Эгем! Мени кечир жана мага менден кийин эч кимде болбогондой бийлик бер. Анткени Сен Берешен-тартуулоочусуң” – деди.
  • 36. Биз ага шамалды багынттык, ал анын буйругу бойунча кайда кааласа мээлүүн гана агып жөнөйт.
  • 37. Жана да шайтандарды[20], түрдүү курулушчулар менен суучулдарды[21],
  • 38. жана башка чынжырга байлангандарды.
  • 39. Бул Биздин белектер. Соопчулук иштерге сарп кыл, же эсепсиз өзүңө тут.
  • 40. Аныгында ал үчүн Биздин кашыбызда жакындык жана сонун кайтуучу жай бар.
  • 41. Биздин пендебиз Айупту эскер. Мына – ал Эгесине кайрылып: “Мени шайтан азгырып, азап жана кыйналууга учуратты”, – деди.
  • 42. “Бутуң менен жерди теп. Мына – жуунууга жана ичүүгө муздак (суу)”.
  • 43. Биз ага анын үй-бүлөсүн жана алар менен бирге эле ал сыйактууларды Өз ырайымыбыз менен акыл ээлерине эскертүү катары бердик.
  • 44. “Колуңа боо чыбык алып, аны менен ур; антыңды бузба[22]!” – (делинди). Биз аны сабырдуу абалда таптык. Кандай сонун пенде. Акыйкатта ал кайтуучу.[23]
  • 45. Ибрахимди, Исхакты жана Йакупту – күч жана акыл ээлери болгон Биздин пенделерибизди эсте.
  • 46. Анткени Биз аларды келечек жай жөнүндө ыклас кылуучулардан кылдык.
  • 47. Алар Биздин алдыбызда тандалма, жакшылардан.
  • 48. Ысмайылды, Алйасаны жана Зул-Кифлди эсте. Баарысы жакшылардан.
  • 49. Бул эскертүү. Албетте такыбалар үчүн – сонун кайтуучу жай бар,
  • 50. Адн бактары. Анын эшиктери ачылган абалда.
  • 51. Алар анда жөлөнүп алышып, көптөгөн мөмө-жемиштерди жана суусундуктарды чакырышат (кызматчыларына буйрушат).
  • 52. Аларда көздөрүн төмөн салган[24] курбалдаштары болот.
  • 53. Мына, силерге эсеп күнү үчүн убада кылынгандар.
  • 54. Акыйкатта, бул Биздин ырыскылар. Ал эч түгөнбөйт.
  • 55. Мына чектен ашкандар үчүн эң жаман кайтуучу жай!
  • 56. Тозокко киришет. Бул кандай жаман орун.
  • 57. Мына! Эми алар кайнак суу жана ириңди татышсын!
  • 58. Жана башка ушул өңдүү[25] түрлөр.
  • 59. Бул силер менен бирге кирүүчү топ[26]: “Силер үчүн орун[27] жок. Албетте алар тозоко кирүүчүлөр”.
  • 60. (Алар)[28]: “Жок, силерге орун жок[29]. Ушул азапты бизге силер дайардагансыңар! Кандай жаман орун”, – дешет.
  • 61. (Алар): “Эгебиз! Муну бизге дайардагандардын оттогу жазасын эки эсе көбөйт”, – дешет.
  • 62. (Тигилер[30]): “Бизге эмне болду? Биз “жаман” деп эсептеп жүргөн кишилерди көрө албай жатабыз.
  • 63. Биз аларды шылдыңга алганбыз. Же биздин көзүбүз (азыр) алардан тайып баратабы?” – дешет.
  • 64. Албетте, бул чындык тозок ээлеринин талаш-тартышы.
  • 65. Айткын: “Мен силерге эскертүүчү ганамын. Жалгыз, Каардуу Алладан башка кудай жок.
  • 66. Асмандар менен жердин жана алардын арасындагылардын Эгеси – Ызааттуу[31], Кечирүүчү”.
  • 67. Айткын: “Бул улуу кабар.[32]
  • 68. Силер андан баш тартуучусуңар.
  • 69. Менде алар талашып жаткан учурда улук периштелер тууралуу илим болгон эмес.
  • 70. Албетте, мен ачык-айкын эскертүүчү экендигимден башка мага эч кандай жашыруун кабар берилбеди.
  • 71. Эгең периштелерге (мындай) деди: “Мен инсанды ылайдан жаратамын.
  • 72. Качан аны жасап бүтүп, ага өз рухумдан[33] (үйлөп) киргизгенимде, ага сежде кылган абалыңарда ийилгиле!”
  • 73. Периштелердин баары чогуу сежде кылышты,
  • 74. Иблистен башкасы. Ал текеберленди жана каапырлардан болду.
  • 75. Ал[34]: “Эй Иблис! Мен өз колум менен жасаганга сежде кылууңдан сени эмне тосту? Сен текеберлендиңби, же улуктардан болдуңбу?” – деди.
  • 76. “Андан мен жакшыраакмын. Мени оттон жараттың, а аны ылайдан”, – деди[35].
  • 77. Ал[36] айтты: “Мындан чык! Анткени сен куулдуң.
  • 78. Менин каргышым сага Кыйамат күнгө чейин (болот)”.
  • 79. “Эгем! Алар[37] кайра тирилүүчү күнгө чейин мага мөөнөт бер”, – деди.
  • 80. Ал[38] айтты: “Албетте, сен мөөнөт берилгендерденсиң,
  • 81. белгилүү бир убакытка чейин.”
  • 82. Ал[39] айтты: “Сенин Улуулугуңа ант! Мен алардын баарын азгырамын,
  • 83. ыкластуу пенделериңден башкаларын”.
  • 84. Ал[40] айтты: “Акыйкат чындыкты гана айтамын,
  • 85. Тозокту сени жана сенин артыңдан ээрчигендердин бардыгы менен толтурамын”.
  • 86. Айт: “Мен[41] силерден бул үчүн[42] акы сурабаймын жана өзүмдүн күчүм жетпей турганды албаймын.
  • 87. Бул[43] бүткүл ааламдар үчүн эскертүү гана.
  • 88. Албетте, убакыт өткөндөн соң билесиңер.”
  • [1] Мааниси бир Аллага маалым.
  • [2] Алланын каары жеткен кезде жалбарса да, жалбарбаса да баары бир кеч болуп калган.
  • [3] Алланын элчиси.
  • [4] Сөлөкөттөрдү, жалган кудайларды.
  • [5] Меккенин каапырларынын арасынан: “Мухаммед биздин баарыбызга башчы болууну көздөп, ушундай кылып жатат”, – дегендер болгон.
  • [6] Каапыр мушриктер сөлөкөттөргө жана жалган кудайларга табынууну ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан акыркы дин деп билишкен.
  • [7] Тургундары. Булар Шуайп (а.с.)дын эли.
  • [8] Кыйаматта кайра тирилүүнүн алдында тартылуучу сурнайдын үнү.
  • [9] Ал үн келбей койбойт.
  • [10] Каапырлар.
  • [11] Амалыбыз жазылган китебибизди.
  • [12] Бул алардын шылдыңдуу сөзү.
  • [13] Жаратканга катуу берилген эле.
  • [14] Жаратканга алар тасбих менен ибаадат кылышчу.
  • [15] Дауд (а.с.)дын мечитине.
  • [16] Талашкандар кеткенден кийин.
  • [17] Бул айат “сежде айаты” деп аталып, окуган да, уккан да сежде кылууга тийиш. А сежде кандай тартипте жасаларын билүү үчүн “Мухтасар” аттуу фикх китебинин А.Исмаиловдун кыргызча котормосунун Тилават сеждеси – он үчүнчү бөлүмүн караңыз.
  • [18] Сулайман.
  • [19] Күн.
  • [20] Жин-шайтандарды.
  • [21] Суу түбүнө түшүп бермет, коралл ж.б.у.с. кымбат баалуу таштарды алып чыгуу үчүн.
  • [22] Айуп (а.с.) айалы жай кыймылдаганы үчүн ачууланып жүз балак алам деп ант ичип койгон. Ошол жөнүндө сөз болууда.
  • [23] Жаратканга кылган тообосу бекем.
  • [24] Өтө татынакай, сулуу жубайлары. Алар өз күйөөлөрүнө гана көңүл бурушат. Башкаларды карабаган.
  • [25] Кайнак суу, ириң сыйактуу.
  • [26] Бул дүйнөдө бири бирин жакшы көрүп, учурашып жүргөн ыймансыз кишилер жана алардын тобу акыретке барганда таптакыр тескерисинче бир-бирин көргүлөрү келбей - жек көрүшөт. Анткени, бирин бири жолдон чыгарууга себеп болушкан.
  • [27] Күнөөгө жетелегендердин тигил күнү жетеленгендерге айтаар сөзү.
  • [28] Алсызыраактары өздөрүн азгырган алдуу-күчтүүлөрүнө айтышат.
  • [29] Жетеленгендердин сөзү.
  • [30] Бул дүйнөдө алдуу-күчтүү болуп жүргөндөр.
  • [31] үстөмдүк кылуучу.
  • [32] Айаттардан, Алладан келген кабар, буйруктардан.
  • [33] Жан.
  • [34] Алла.
  • [35] Иблис.
  • [36] Алла.
  • [37] Адамдар.
  • [38] Алла.
  • [39] Иблис.
  • [40] Алла.
  • [41] Мухаммед (а.с.).
  • [42] үгүт-насаат кылып, ыйманга чакырганы үчүн.
  • [43] Куран, айаттар, кабарлар.