Сажда сүрөсү

Википедия дан

32-сүрө “Сажда[1]”[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Меккеде түшүрүлгөн. Отуз айаттан турат.
  • Кыргызча котормо мааниси
  • Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
  • 1. Алиф, Лам, Мим[2].
  • 2. Китептин түшүрүлүүсү ааламдардын Эгесинен экенинде шек жок[3].
  • 3. Кантип эле алар: “Аны[4] ойунан чыгарды” – дешет? Ооба, сага чейин аларга эскертүүчү келбеген элди сен туура жолго чакырууң үчүн, сенин Эгең тарабынан жөнөтүлгөн акыйкат. Мүмкүн алар туура жолду табышаар.
  • 4. Алла асмандар менен жерди, алардын ортосундагыларды алты күндө жараткан, анан Аршка ээлик кылган. Силерде Андан башка коргоочу да, жардам берүүчү да жок. Чын эле силер эсиңерге келбейсиңерби?
  • 5. Ал асманда жана жерде ишти башкарат. Андан соң силердин эсебиңер бойунча миң жылга созулган бир күндө,[5] ал[6] Ага көтөрүлөт.
  • 6. Ал жашыруундарды жана ачыктарды билүүчү, Ызааттуу, Мээримдүү.
  • 7. Ал бардык нерселерди сонун кылып жараткан. Ал инсанды оболу чоподон жараткан.
  • 8. Андан соң анын тукумун жарамсыз суудан (айланган) уйуган кандан пайда кылды.
  • 9. Андан соң аны келбетин келтирген жана ага Өз рухунан үйлөгөн[7]. Силерге кулак, көз жана жүрөк ыроологон. Силер аз шүгүр кыласыңар.
  • 10. Алар: “Чын эле биз жер үстүнөн жоголгон кезде, (кайра) жаңыдан жаратылабызбы?” – дешет. Ооба, алар өз Эгеси менен кездешүүнү жокко чыгаруучулар.
  • 11. “Силерди силерге атайын дайындалган өлүм периштеси жаныңарды алат. Андан соң Эгеңерге кайтарыласыңар”, – дегин.
  • 12. Эгер сен күнөөкөрлөр өз Эгесинин алдында баштарын төмөн салып: “Оо, Эгебиз! Биз көргөнбүз жана укканбыз, бизди жакшылык иштерди жасоо үчүн артка кайтар, анткени биз (диндин) чындык экендигине эми ишенебиз”, – дегендерин көргөңүңдө (өтө коркунучтуу абалды көрмөксүң)!
  • 13. Эгерде Биз кааласак ар бир жанга туура жол берээр элек. Бирок, Менин: “Тозокту жиндер жана адамдардын тобу менен толтурамын” – деген сөзүм чындык болот.
  • 14. Ушул кездешүү Күнү жөнүндө унутканыңар үчүн (жазаңарды) таткыла! Акыйкатта, эми Биз да силерди унуттук[8]. Кылган ишиңер үчүн түбөлүк жазаны таткыла.
  • 15. Биздин айаттарыбызга алар тууралуу эскерилгенде эт-бетинен кетип сежде[9] кылгандар жана өз Эгесин даңктап аруулагандар ыйман келтиришет. Ошондой эле алар текеберленишпейт.
  • 16. Алардын капталдары төшөктөрүнөн көтөрүлүп турат да, өздөрүнүн Эгесине коркуу, үмүт менен жалынышат жана Биз аларга берген ырыскылардан сарпташат.
  • 17. Бир да жан алардын (жакшылык) кылгандары үчүн сыйлык катары бериле турган көздөрүн кубантуучу жыргалдарды[10] билбейт.
  • 18. Кантип эле момун, бузуку сыйактуу болсун? Алар тең эмес!
  • 19. Ал эми ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылгандарга алардын жасаган нерселери үчүн конок жайы болгон Маө-ваа бактары[11] бар.
  • 20. Жамандык иш кылгандардын барар жайы Тозок. Алар андан чыгууну каалаган сайын, артка кайтарылат жана аларга: “Силер жалганга чыгарган от азабын таткыла!” – делинет.
  • 21. Биз аларга зор азапка[12] чейин, жакынкы азапты[13] таттырабыз. Мүмкүн алар (ыйманга) кайтаар.
  • 22. Эгесинен келген айаттар эскертилгенде андан жүз бургандардан ашкан адилетсиз болобу? Акыйкатта, Биз күнөөкөрлөрдөн өч алабыз[14].
  • 23. Биз Мусага Китеп бердик. Ага[15] жолугарыңа шектенбе. Биз аны Исраил урпактары үчүн жол көрсөтүүчү кылдык.
  • 24. Биздин айаттарыбызга сабырдуу жана ыймандуу болгондуктары үчүн, Биз алардын ичинен жол башчыларды кылдык, алар Биздин буйругубуз бойунча жетектешет.
  • 25. Акыйкатта, Эгең Кыйамат күнү алардын талашкандарынын ортосун ажыратат[16].
  • 26. Биз аларга чейин канчалаган муундарды ойрон кылганыбызды, алар ошолордун жайларында[17] басып жүргөндөрүн билишпейби? Акыйкатта мында белгилер бар. Алар эмне, угушпайбы?
  • 27. Биз какыраган жерге суу агызып, андан чөптөрдү өстүрүп чыгаргандыгыбызды, андан алардын малдары жана өздөрү жеп жатышкандыгын билишпейби? Алар эмне, көрүшпөйбү?
  • 28. Алар[18]: “Эгер силер чынын айтып жатсаңар, анда бул жеңиш качан болот?” – дешет[19].
  • 29. “Жеңиш күнү[20] каапыр болгондор үчүн алардын ишеними эч жардам кылбайт жана аларга мөөнөт да берилбейт”, – дегин.
  • 30. Алардан жүз үйүр жана күтө тур. Албетте алар да күтүшөт.
  • [1] Сажда – маңдайын жерге тийгизип сежде кылуу.
  • [2] Мааниси бир Аллага маалым.
  • [3] Курандын түшүрүлүүсү.
  • [4] Куранды.
  • [5] Кыйамат күнү.
  • [6] Иштер – амалдар.
  • [7] Алла Таала өзү жан салган.
  • [8] Азапка таштайбыз.
  • [9] Бул айат “сежде айаты” деп аталып, окуган да, уккан да сежде кылууга тийиш. А сежде кандай тартипте жасаларын билүү үчүн “Мухтасар” аттуу фикх китебинин А. Исмаиловдун кыргызча котормосунун Тилават сеждеси – он үчүнчү бөлүмүн караңыз.
  • [10] Бейиштин жыргалдарын.
  • [11] Бейиш бактары.
  • [12] Акырет азабы.
  • [13] Бул дүйнөнүн азабы.
  • [14] Жазалайбыз.
  • [15] Мусага.
  • [16] Өкүм кылат.
  • [17] Меккенин каапырлары жөнүндө айтылып жатат.
  • [18] Сөлөкөттөргө, жалган кудайларга табынуучулар.
  • [19] Мусулмандарга айтышат.
  • [20] Чечүү күнү.