Саз-Жайлоо мөңгүсү

Википедия дан
Сазжайлоо мөңгүсү‎»‎ барагынан багытталды)

Саз-Жайлоо мөңгүсү - Чоң Алай кырка тоосунун түндүк капталында жайгашкан өрөөн тибиндеги мөңгү. Кызыл-Суунун сол куймасы Шиве суусунун алабынан орун алган. Узундугу 5,5 км, аянты 4,3 км2, көлөмү 0,2 км3. Башы деңиз деңгээли 5100 м, этеги 3600 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4200 м, абляциясынын аянты 2,8 км2. Мөнгүдөн Саз-Жайлоо суусу (Шивенин оң куймасы) башталат.

Саз чөкмөлөрү - минералдар менен органикалык калдыктардын сазда топтолушу. С. ч-нүн басымдуу көпчүлүгүн чым көң түзөт. Жер астындагы суулар менен азыктанган саздарда чым көң арасында анча көп эмес карбонаттар, темир туздары, фосфаттар жана башка топтолот. Үстүнкү бетин өсүмдүк басып кеткен көл акырындык менен С. ч-нө айланат (мындагы чопо кабатчалары, кум, борпон акиташ теги жана сапропелдер да С. ч. болуп эсептелет).

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]